Мы в Telegram
Добавить новость
123ru.net
Azattyk.org
Март
2020

Новости за 30.03.2020

Коронавируска төшүн тоскон Швеция

Azattyk.org 

Дүйнөнүн улам бир өлкөсү коронавирустун жайылышын ооздукташ үчүн катаал чараларды көрүп, карантин же өзгөчө абал киргизип жаткан кезде Швеция европалык мамлекеттердин арасынан жалгыз болуп жарандарынын күнүмдүк турмушун дээрлик өзгөртүүсүз калтырды. Эмне себептен шведдер башкаларга окшобогон жолду тандап алды?

Украинада айрым министрлер бир айга жетпей алмашты

Azattyk.org 

Украинада Жогорку Рада 30-мартта кезексиз жыйынга чогулуп, экинчи аракеттен гана жаңы финансы жана саламаттык сактоо министрлерин шайлады. Ага ылайык, буга чейинки финансы министринин орун басары Сергей Марченко финансы министри болуп дайындалды. Саламаттык сактоо министринин кызматына Одесса облусунун мурдагы губернатору Масим Степанов келди. Мунун алдында премьер-министр Денис Шмыгаль парламентке финансы министри Игорь Уманский менен саламаттык сактоо министри Илья Емецти иштен алууну сунуш кылган. Читать дальше...



Ат-Башы: Индиядан дааваттан келген эки адам обсервацияга жаткырылды

Azattyk.org 

Ат-Башы районунун Баш-Кайыңды айылынын эки тургуну обсервацияга жаткырылды. Бул тууралуу аталган айылдын башчысы Бакыт Байказаков билдирди. Анын айтымында, ал тургундар Индиядан дааваттан келген. Бишкекте беш күн карантинде болгон соң айылга келип, Индиядан дааваттан келгенин жашырып коюшкан. «Дарыгерлердин «үй карантинде болгула» деген талабын сактабай койгондуктан, алар кайрадан райондун борборунда күч менен обсервацияга жаткырылды», - деди Байказаков.  Айыл башчы учурда аймакта коронавирусту... Читать дальше...

Ош менен Жалал-Абадга дарыгерлер жардамга барды

Azattyk.org 

Эпидемиологиялык абалга байланыштуу Жалал-Абад, Ош облустарына дарыгерлердин экинчи тобу Бишкектен жөнөп кетти. Мөмө-жемиштерди таңгактап, кайра иштете турган Баткендеги чакан ишкана өз продукциясын АКШга экспорттой баштады. Нарындык аялдар каражат чогултуп өз ишканасын ачышты. Чүйдөгү дунган эли отурукташкан айыл турмушу. “Данисте” телеберүүсүнүн кезектеги чыгарылышын ушул баяндар түздү.

Таласка кирген-чыккандарга көзөмөл күчөтүлдү

Azattyk.org 

Коронавирусту жайылтпоо максатында 30-марттан тартып Талас облусунун аймагына кирип-чыгууга тыюу салынды. Бул тууралуу Коронавируска каршы республикалык штаб билдирди. Облус жетекчилигинин маалыматы боюнча, Талас районунун Талды-Булак айылына орнотулган бекеттен жол тосулду. Аймакка сырттан облустун өз тургундары атайын текшерүүдөн соң гана киргизилет. Бирок бул чектөө Таласка азык-түлүк, гуманитардык жардам алып келе жаткандарга тиешеси болбойт. Учурда аталган облустун аймагында коронавирус жуккан адамдар аныктала элек. Читать дальше...

Европарламент Орусия менен Кытайды жалган маалымат боюнча айыптады

Azattyk.org 

Европа парламентинин айрым депутаттары «коронавируска байланыштуу жалган маалымат таратып жатат» деп Орусия менен Кытайды айыптап, Европа Биримдигинин лидерлерине кайрылышты. Кайрылууга 40ка чукул адам кол койгон. Анда «Москва менен Бээжин Еврошаркеттин кадыр-баркына көлөкө түшүрүүгө, жергиликтүү тургундардын демократиялык баалуулуктарга жана институттарга болгон ишенимин азайтууга аракет кылып жатышат» деген доомат айтылган.  Алар Брюсселди жалган маалыматтардын тарашынын алдын алууга, айрым өлкөлөрдүн... Читать дальше...

Ош шаарында элдик штаб түзүлдү

Azattyk.org 

Ошто жарандык активисттер тарабынан элдик штаб түзүлүп, иштей баштады. Анын негизги максаты - өкмөткө коронавирустун алдын алуу иштеринде жана бүгүнкү кырдаалдан улам жардамга муктаж шаар тургундарына көмөк көрсөтүү. Штаб түзүү боюнча демилге көтөргөндөрдүн бири Улан Канат уулу «Азаттыкка» берген интервьюсунда буга кырдаалды жөнгө салууга жардам бергиси келгендердин башын бириктирип, бирдиктүү иш алып баруу максаты себеп болгонун айтты.  «Штабдын негизги максаты - элден топтолгон жардамды координациялоо. Читать дальше...



Жалал-Абад: коронавирустан алгач айыккандар

Azattyk.org 

Жалал-Абадда коронавирустан айыккан үч адам ооруканадан чыгарылды. Алар - 46 жана 44 жаштагы түгөйлөр жана 62 жаштагы аял. Үйүнө кайтып жаткандар алгач коркконун эстеп, дарыгерлерге алкыш айтышты.

Райан: Досторумду, мектебимди сагындым

Azattyk.org 

Нарын шаарынын алты жашар тургуну Райан Болотбеков коронавирустан кантип сактануунун жолун жакшы билет. Эми гана мектепке бара баштаган Райан классташтарын сагынганын, бирок үйдө отурганда көп нерсени үйрөнгөнүн айтат. Кыргызстанда мектеп окуучулары 16-марттан тарта 8-апрелге чейин каникулга тараган.

Кыргызстан: Вирус жуккандардын эң кичүүсү бирге толо элек эки ымыркай

Azattyk.org 

Кыргызстанда коронавирус жуккандардын эң кичүүлөрү - бирге толо элек эки ымыркай. Бул тууралуу 30-мартта коронавируска каршы республикалык штаб кабарлады. Штабдын маалыматына караганда, дагы жети бала 15ке чыга элек. 16дан 19 жашка чейинкилер төртөө, 20-35 жаштагылар 29 адам, 35-55 жаштагылар 23 адам. Ал эми 55 жаштан жогору курактагылар 29. 30-мартка карата Кыргызстанда жалпы тастыкталган учурлардын саны 94кө жетти: Жалал-Абад облусунда 50, Ош облусунда 24, Чүй облусунда үч, Баткен облусунда бир... Читать дальше...

Ооганстанда «Талибандын» чабуулдарынан 28 адам мерт болду

Azattyk.org 

Ооганстанда бийлик өкүлдөрү «Талибан» кыймылынын 29-марттагы бир катар чабуулдарынан коопсуздук күчтөрүнүн бери дегенде 28 кызматкери мерт болгонун билдирди. Ага ылайык, жекшембиде талибдер өлкөнүн түндүк-чыгышындагы Тахар провинциясында полиция кызматкерлерине кол салган. Анда 13 полиция кызматкери өлтүрүлүп, жогорку даражалуу бир кызматкер жарадар болду. Ошол эле күнү түштүктөгү Забул провинциясындагы өткөрмө-көзөмөл бекетке коюлган чабуулда кеминде 11 жоокер набыт болду. Ооган бийлиги Гилменд... Читать дальше...

АКШда 100-200 миң адам өлүшү мүмкүн

Azattyk.org 

АКШнын президенти Дональд Трамп коронавирустун жайылышын ооздуктоо максатында элге апрель айынын соңуна чейин үйлөрүндө кала турууну сунуш кылып, федералдык эрежелерди дагы узартты. Кошмо Штаттардын өзүндө бул илдетке чалдыккандар 143 миң кишиден ашты.

Президент жазгы талаа жумуштарын үзгүлтүккө учуратпоону тапшырды

Azattyk.org 

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстанда жазгы талаа жумуштарын үзгүлтүккө учуратпай, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууну тапшырды. Бул тууралуу президент Жээнбеков айыл чарба министри Эркинбек Чодуевди кабыл алган учурда сөз кылды. Анда өлкө башчысы айыл чарба тармагында азыркы кырдаалга байланыштуу жаралып жаткан маселелерди чечиш үчүн бардык мамлекеттик органдарды уюшкандыкта иш алып барууга чакырды. Министр Чодуев бүгүнкү күндө бир катар аймактарда айрым товарларга муктаждык күч болуп жатканын билдирген. Читать дальше...

COVID-19: Москвада карантин жарыяланды

Azattyk.org 

Кыргызстанда коронавируска чалдыккан 94 адамдын үчөө айыкканы белгилүү болду. 12 миллиондон ашуун калкы бар Москвада карантин режими жарыяланды. АКШда COVID-19 вирусуна байланыштуу карантин чараларынын мөөнөтү узартылды.

Мамкаттоо: Балага күбөлүк алуу эрежеси убактылуу өзгөрдү

Azattyk.org 

Кыргызстанда баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүктү өз убагында албагандарды айыпка жыгуу убактылуу токтотулду. Бул тууралуу 30-мартта Мамлекеттик каттоо кызматы кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, 22-марттан 22-апрелге чейинки аралыкта төрөлгөн балдарга документти кийинчерээк, айыппул төлөбөстөн жаздырып алса болот. Мындай чара коронавирус илдетин жайылтпоо, тейлөө борборлоруна элди топтобоо максатында кабыл алынды. Эреже боюнча, ата-эне күбөлүктү бала төрөлгөндөн кийинки бир ай убакыт ичинде алышы зарыл. Читать дальше...

Биз эми өзгөрөбүз

Azattyk.org 

Дарыгерлер менен мугалимдерди төбөбүзгө көтөрүп урмат кылып жүрө турган доор келе жатканы тууралуу ойлоном.

Чолпонбаев: Коронавирусту өлкө ичинде жугузгандар көбөйүүдө

Azattyk.org 

Кыргызстанда акыркы күндөрү COVID-19 вирусу четтен келгендерден эмес, өлкөнүн ичинде бири-бирине жугузгандардын саны өсүүдө. Бул тууралуу 30-мартта Бишкектеги басма сөз жыйынында саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев билдирди. Министр жарандарды сыртка чыкпай, изоляциялоо аркылуу гана вирустун жайылышын токтотууга болот деп эсептеди. Кыргызстанда COVID-19 вирусу алгачкы жолу Сауд Арабиясына умрага барып келген үч кишиде аныкталганы 18-мартта маалымдалган. 30-мартка карата коронавирус жугузуп алган жарандардын саны 94 болду. Читать дальше...

Орусияда карантин режимин бузгандар тартчу айып көбөйдү

Azattyk.org 

Орус өкмөтү карантин режимин бузгандар төлөй турган айып пулдун өлчөмүн кескин көбөйттү. Административдик тартип бузуу жөнүндө кодекске киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, эми карантин тартибин бузган жарандарга 15 миңден 40 миң рубль, кызмат адамдарына 50 миңден 150 миң рубль, ал эми юридикалык тараптарга 200 миңден 500 миң рубль айып салынат. Эгерде алар карантин режимин кайталап буза турган болсо, жарандар 150 миңден 300 миң, кызмат адамдары 300 миңден 500 миң, ал эми юридикалык тараптар 500 миңден бир миллион рублга чейин айыпка жыгылат. Читать дальше...


Музыкальные новости
Филипп Киркоров

Филипп Киркоров отметит день рождения в «Шоу Воли» на ТНТ





Персональные новости
Дмитрий Песков

Песков: Изъятие активов России станет «солидным гвоздем» в гроб западной экономики





ӨКМ: 1-3-апрелде түнкүсүн үшүк жүрөт

Azattyk.org 

1-2-апрелде Кыргызстандын аймагында аба ырайы туруксуз болот.  "Кыргызгидромет" билдиргендей, 1-апрелде түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. 1-апрелде күндүз жана 2-апрелде көпчүлүк аймактарда маал-маалы менен жаан жаап, түнкүсүн тоолуу райондордо кар жаайт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаайт. Абанын температурасы төмөндөйт. Читать дальше...

Аба ырайы: 31-мартта айрым райондордо кар жаайт

Azattyk.org 

«Кыргызгидромет» борбору шашылыш билдирүү таратып, 1-2-апрелде Кыргызстандын аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөрүн эскертти. 31-мартта түнкүсүн Ысык-Көл облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир тоо этектеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы ыктымал, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 2...7, күндүз 18...23, Талас жергесинде түнкүсүн 1...6, күндүз 18...23... Читать дальше...

Боронов: Кыргыз-кытай чек арасы жүк ташуучулар үчүн жакында ачылат

Azattyk.org 

Жакын арада Кыргызстан Кытайдан жүк ташуучу автоунааларга чек арасын ачканы жатат. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов 30-мартта Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында билдирди. Анын айтымында, бул багытта сүйлөшүүлөр Кытай тарап менен бир жумадан бери жүргүзүлүп жатат.  «Жүк ташыгандар үчүн ачууну сүйлөшүп жатабыз - күндө керектелүүчү товар ташыгандарга. Кытайдагы бүгүнкү абал бул тууралуу сүйлөшүү жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берүүдө», - деди ал. Кыргызстан менен Кытайдын чек... Читать дальше...

Венгрияда Виктор Орбандын ыйгарым укуктары кеңейиши мүмкүн

Azattyk.org 

Венгриянын парламенти өзгөчө абал режиминде премьер-министр Виктор Орбандын ыйгарым укуктарын кеңейткени жатат. Эгер тиешелүү мыйзам долбоору 30-мартта колдоо тапса, коронавируска байланыштуу киргизилген өзгөчө абал белгисиз мөөнөткө созулат. Ашкере оңчул саясатчы катары таанымал Виктор Орбан өлкөнү парламенттин макулдугу жок эле чукул декреттер менен башкарууга мүмкүнчүлүк алат.  Европарламент жана Адам укуктары боюнча Хелсинки комитети сыяктуу бир катар эл аралык уюмдар бул мыйзам долбоорун сында алышууда. Читать дальше...

Нарындагы кримтөбөлдү өлтүрүүгө шектүү эки айга камалды

Azattyk.org 

Нарында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Алмаз Сулаймановду өлтүрүү үчүн шек саналган Талгат Шамиев 28-майга чейин камакка алынды. Бишкектин Биринчи май райондук соту ушундай чечим кабыл алганын кабарлады. Мекеменин маалыматына ылайык, кылмышка шектүү УКМКнын тергөө абагына камакта болмокчу. Нарын шаарында «Лемонти» деген каймана ат менен таанымал кримтөбөл Алмаз Сулайманов 28-мартта өлтүрүлгөн. Бул кылмышка шектүү катары 25 жаштагы адам кармалганы кабарланган. Милиция кылмыш эки адамдын ортосунда... Читать дальше...

Роза Айтматова: Рыскулбек байкем - ГУЛАГдын курмандыгы

Azattyk.org 

Коомдук ишмер Роза Айтматова саясий куугунтукка кабылгандардын жаңы басылып чыккан 10 томдук китебиндеги тизмеден репрессия маалында айдалып кеткен 24 жаштагы агасы Рыскулбек Айтматовду тапты. Роза Айтматова “Азаттыктагы” сыябан-маегинде атасы Төрөкулдун иниси Рыскулбек кандай адам болгондугу, сүргүндөн жазган каттары, кечирген оор күндөрү тууралуу айтып берди.

Спорт в России и мире
Москва

Лучшие кадеты ПФО побывали на репетиции Парада Победы в Москве


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
Ига Свёнтек

«Ну и кто сказал, что женский теннис — это скучно?» Свёнтек — после матча с Соболенко


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

Синоптик Позднякова: москвичей 7 мая ждет аномально холодная погода





Путин в России и мире
Москва

В городах России выступят летом юные вокалистки из Приамурья


Лукашенко в Беларуси и мире
Минск

Польский судья Шмидт попросил защиты у Лукашенко и политического убежища в Белоруссии




123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире

Навальный в России и мире


Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Джиган

Сын Оксаны Самойловой и Джигана пожаловался на поведение старших сестер: забавное видео



Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net