"Ара жолдо калып айлабыз куруп турат..."
Орусияда Кыргызстанга кайта албай ара жолдо калгандар өкмөттөн алып кетүүнү суранышууда.
Орусияда Кыргызстанга кайта албай ара жолдо калгандар өкмөттөн алып кетүүнү суранышууда.
Коронавирус улгайган адамдарга гана жугат деген чындыкка дал келбейт. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму билдиргендей, бул илдетке “бардык курактагы” адамдар чалдыгат. Жашы өтүп калгандар же өнөкөт бир дарты барлар “катуу ооруп” калышы ыктымал.
Дүйнөдө жалпысынан 200 миңден ашык адам коронавирус илдетин жугузуп алды. Алардын ичинен 84 миңден ашууну сакайды, он миңдейи көз жумду. Бул вирус Кыргызстанга да жетип, ушул тапта аны жугузуп алгандардын саны алты адамга жетти. COVID- 19 вирусунан кантип сактанабыз, эмнелерге көңүл бурушубуз керек, бул туурасында бүгүн "Азаттык плюста" айтып беребиз.
Ошто коомдук автоунаалар токтоп, базарлар жабылды. Мэрия муну короновирустун алдын алуу чарасы катары түшүндүрдү. Шаар аймагында буга чейин ачылган ун сатуучу жайлар да убактылуу ишин токтотту. Ош шаарынын жетекчилиги тургундарга унду үйүнө жеткирип берүүнү пландоодо.
Ошто коомдук автоунаалар токтоп, базарлар жабылды. Мэрия муну короновирустун алдын алуу чарасы катары түшүндүрдү.
Коронавируска байланыштуу Ноокат жана Сузак райондоруна карантин жарыяланды. Ноокат районунун аймагына 35 жерге блокпосттор орнотулду. Карантинде калган аймактардын азыркы кырдаалы "Азаттыктын" кабарчыларынын сүрөттөрүндө.
Учурдагы кырдаал өлкөнүн финансы жана экономикалык абалын кыйын кезеңге кептеди.
Кыргызстанда коронавирус жуктурган адамдардын саны алты кишиге жетти. Алардын үчөө ноокаттыктар экени 20-мартта аныкталып, райондо өзгөчө кырдаал киргизилди.
Нарын районунун Алыш айылындагы демилгелүү аялдар өз алдынча тигүү цехин ачышты. Баштапкы чыгым үчүн алардын ар бири өз чөнтөгүнөн оң миң сомдон чыгарган. Бир ай мурун ишке кирген чакан цехтин кардарлары - азырынча алардын өз айылдаштары.
Республикалык штаб кабарлагандай, Ноокат райондук администрациясынын башчысы Давранбек Маматалиевдин буйругу боюнча Ош облусунун Ноокат районуна өзгөчө кырдаал режими киргизилди. 20-мартта саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Кыргызстанда коронавирус жуктурган жаңы үч учур катталганын маалымадады. Министр алар Сауд Арабиясына кичи ажылыкка барып келген Ош облусунун Ноокат районунун тургундары экенин кошумчалады.
АКШ өкмөтү Кыргызстанга коронавируска каршы турууга жардам бериш үчүн 913 миң доллар (66 миллиондон ашык сом) бөлдү. Каражат АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) аркылуу үч уюмга бөлүнөт. Алардын биринчиси – Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму. Бул уюм коргонуучу жабдуулар менен камсыз кылып, байкоо жүргүзүү, лабораторияларды колдоо боюнча жана пандемияга каршы иш-аракеттерди координациялайт. Экинчи уюм – «Abt Associates» ишке ашырып жаткан «Жергиликтүү саламаттык сактоо системаларын чыңдоо»... Читать дальше...
Питердеги Пулково аэропортунда 120дай кыргызстандык Ошко учуп кете албай турат. 19-мартта «Урал аба каттамдары» компаниясы кыргыз өкмөтү эл аралык аба каттамдарын чектегенин айтып, рейс токтотулганын кабарлаган. 14-15 сааттан бери аэропортто отурган жарандар Питерде убактылуу жашап, иштеп жүргөн жайларына кайтуудан баш тартып жатышат. 20-мартка караган түнү Москванын Жуковский аэропортунда 187 кыргызстандык дал ушундай кырдаалга кабылган. Мындан тышкары бул кезде Новосибирск шаарынан 120дай... Читать дальше...
Ооганстандын Забул провинциясында аскердик базадагы кол салуудан кеминде 24 коопсуздук кызматкери мерт болду. Провинциянын губернатору Рахматулла Ярмал билдиргендей, жума күнү таң эрте базанын ичиндеги бир нече адам уктап жаткан башка аскерлерге жана полиция кызматкерлерине ок ата баштаган. Ооган бийлиги кол салгандардын «Талибан» кыймылы менен байланышы бар экенин, төрт кызматкердин дайыны чыкпай жатканын билдирди. Азырынча талибдер үн ката элек. Калат шаарынын чекесиндеги базада болгон бул окуя... Читать дальше...
20-мартта Индиянын Тихар түрмөсүндө төрт киши дарга асылды. Алар борбор шаар Нью-Делиде 23 жаштагы студент кызды зордуктап, өлтүрүүгө айыптуу деп табылган. «Бул биздин өлкөдө зордукталган кыз акыйкатка жеткен алгачкы мисал. Бүгүн, 20-март баарыбыздын кыздарыбызга жана аялдарга арналат. Анткени бүгүн Нирбхайя акыйкатка жетти, бүтүндөй өлкөнүн кыздары акыйкатка жетишти», - деди курман болгон кыздын апасы Аша Деви. Өкүмдүн аткарылышына күбө болуш үчүн чогулган топту тартипте кармап туруш үчүн жүздөгөн полиция кызматкери тартылды. Читать дальше...
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев коомдук тамактануу түйүндөрүнүн ишин токтотууга көзөмөлдү күчөтүүнү тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Өкмөт башчы өлкөнүн ар башка булуң-бурчунда коомдук тамактануу жайлары ишин улантып жатканы тууралуу маалыматтар бар экенин айтып, республикалык штабдын чечимдерин аткарбагандарга карата катуу чара көрүлөрүн билдирди. «Башка өлкөлөр бул жагдай менен кантип күрөшкөнүн жана ийгиликтерге кандай жетишкенин көрдүк. Элдин жоопкерчиликсиздиги... Читать дальше...
Иранда Нооруз жаңы жылдын башталышы катары белгиленет. Буга байланыштуу өлкөнүн жогорку лидери аятолла Али Хаменеи элин майрамы менен куттуктады. Жарандардын коронавируска каршы күрөштө жасап жаткан аракеттерин “үлгүлүү” деп атады.
Ар кыл өлкөлөрдөгү коомдордо, анын ичинде мусулман жамааттарында да, айрым эски көнүмүш адаттар, көөнө жөрөлгөлөр коронавирустун коркунучуна байланыштуу кайра каралууда.
Ирандын жогорку лидери аятолла Али Хаменеи элин Нооруз майрамы менен куттуктап, ынтымакка чакырды. Ал дарыгерлердин, медайымдардын, ооруканалардын жетекчилери менен башка кызматкерлердин оор ишин баса белгиледи. Хаменеи Мешхед шаарындагы майрамдык иш-чараларга катышып, ошол жакта сүйлөмөк. Бирок коронавирустун жайылышынан улам быйылкы Нооруз Ислам Республикасында адаттагыдай белгиленбей калды. Бийлик 20-мартта башталып жаткан майрам учурунда элди үйлөрүнөн чыкпоого чакырып келди. Салт боюнча миңдеген ирандык Ноорузду туугандары... Читать дальше...
Ысык-Көл облусундагы бардык пансионаттар жана эс алуу үйлөрү карантинге жабылат. Мындай чечим коронавирус инфекциясынын жайылышына бөгөт коюу боюнча облустук штабдын 20-марттагы отурумунда кабыл алынды. «Облустун аймагында коронавирустун жайылып кетүү жана жуктуруу коркунучун азайтыш үчүн Саламаттык сактоо министрлигинин сунуштамаларын сакташыбыз керек», - деп билдирди өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акылбек Осмоналиев. Штабдын маалыматына караганда, Ысык-Көл облусунда 127 пансионат... Читать дальше...
«Республика - Ата Журт» фракциясынын депутаты Калдарбек Баймуратов Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалицияда өкмөттүн 2019-жылдагы иши боюнча отчётун кароону бүгүнкү кырдаалды эске алып, жылдырып турууну сунуш кылган. Бирок анын сунушу добушка коюлбай калганына нааразы болуп, парламентти «өкмөттүн убактысын алып жатат» деп сындады. «Элдин кыжыры келип жатат, «отуруп парламентте чогулуш кылып жатышат» деп. Сузактан, Москвадан чалып атышат. Башынан эле добушка коюп кароону жылдырып салсаңыз болмок. Менин сунушум эмнеге добушка коюлган жок? Читать дальше...
Олимпиада оту 20-мартта Жапониянын Аскер-аба күчтөрүнүн Мацушима базасына жеткирилди. Коронавирус пандемиясына байланыштуу өткөрүп берүү салтанатына көрүүчүлөр катыштырылган жок. Токио-2020 оюндарын уюштуруу комитетинин башчысы Ёсиро Мори Олимпиаданын күн тартибинде өзгөрүү болбой турганын дагы бир ирет белгиледи. «Эл аралык Олимпиада комитети жана жапон өкмөтү тыгыз кызматташып жатат. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун кеп-кеңештерин угуудабыз. Биз Оюндардын коопсуздугу жана ишенимдүүлүгү үчүн олуттуу даярдык көрүүдөбүз»... Читать дальше...
Президент Сооронбай Жээнбеков азыркы кырдаалга байланыштуу Кыргызстандын соода өнөктөштөрүнүнүн абалын эске алып, улуттук валютанын туруктуулугун колдоо зарыл экенин билдирди. Президент мындай пикирин Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловду кабыл алган учурда айтты. «Өлкө экономикасына тышкы терс таасирлерди азайтуу боюнча антикризистик чараларды иштеп чыгууну жана бекитүүнү тездетиш керек», - деди президент. Мамлекет башчы өлкөдө коронавирустун жайылышына жана доллардын баасынын жогорулашына... Читать дальше...
20-мартта Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаев коронавируска байланыштуу элине кайрылды. Ал азыркы көрүнүштү 1990-жылдардын башындагы оор мезгилге салыштырды. Назарбаев казак экономикасы менен улуттук валютасы дагы көбүрөөк алсырашы мүмкүн экенин четке каккан жок. «Азыркы кризис узагыраак убакытка созула турган болсо, өкмөт ага каршы чара көрүүгө тийиш. Андай жагдайда өлкөнү жана жарандарды катаал үнөмгө жана туруктуу өнүгүү багытына өтүүгө даярдоо маанилүү», - деди Назарбаев. ... Читать дальше...
21-мартта Кыргызстанда түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Эртең менен жана күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир аймактарында жаан-чачын катуу жаайт. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, 21-мартта күндүз кээ бир аймактарда 15-20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 4…9, күндүз 16…21, Талас жергесинде түнкүсүн 1…6... Читать дальше...
Кыргызстандын Cаламаттыкты сактоо министрлиги өлкөдө коронавируска байланышкан эпидемиологиялык абал курчуп баратканын жарыялады. Министрликтин маалыматына караганда, тиешелүү мекемелер учурда коронавирус жуктурган үч ноокаттык менен чогуу учуп келген 282 адамды жана алар менен контакт болгондорду тактоо ишин жүргүзүп жатышат. 19-марта коронавируска чалдыккан дагы үч кыргызстандык аныкталды. Алар Ноокаттын тургундары - 77, 71 жана 67 жаштагы аялдар. Үчөө тең райондук ооруканада жатат. Коронавирус... Читать дальше...
Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).
123ru.net — живые новости в прямом эфире!
В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.