Мы в Telegram
Добавить новость
123ru.net
Azattyk.org
Март
2020

Новости за 29.03.2020

“Жөтөлүп, демим кысылып жатты”

Azattyk.org 

Дүйнө жүзүндө өпкөнү сезгенткен COVID-19 вирусунан 128 миңдей адам айыгып чыкты. Оорунун симтомдору кандай? Бейтаптар кантип дарыланып жатышат? Учурда ооруканада жаткан же илдеттен айыгып чыккан адамдардын кеңештерин топтодук.

Караганды шаары карантинге алынды

Azattyk.org 

Казакстан коронавирустун тарашын токтотуу аракетинде бешинчи чоң шаарын жапты. Карагандыда 29-мартта вируска кабылган жети киши аныкталгандан кийиш калаа жана айланасындагы айыл-кыштактарга кирип-чыгуу чектелди. Ушуну менен өлкөдө коронавируска чалдыккан кишилердин саны 265 болду. Бир бейтап көз жумду. Буга чейин Нур-Султан, Алматы, Чымкент жана Актау шаарлары карантинге алынган. Өзбекстанда ушул эле жекшембиде илдеттин дагы 29 учуру катталып, коронавируска кабылгандар 133кө жетти. Эки киши илдеттен... Читать дальше...

«Лемонтинин» өлүмү: өчпү же эрегишпи?

Azattyk.org 

Нарында «Лемонти» аттуу каймана ат менен таанымал Алмазбек Сулайманов киши колдуу болду. Милициянын маалыматына караганда, кылмыш 28-мартта Нарын шаарында болгон.



Кытай Пакистанга жардам жөнөттү

Azattyk.org 

Кытай коронавируска каршы күрөшкө жардам берүү үчүн Пакистанга дарыгерлерди жана беткап, тест жасачу жабдыктарды, коргоочу костюмдарды жөнөттү. Исламабад аэропортуна конгон учакты Пакистандын тышкы иштер министри Шах Махмуд Куреши тосуп алды. Тышкы мекеменин маалыматына ылайык, буга чейин Бээжин өпкөнүн дем алуусуна жардам берчү вентиляторлорду салган жана COVID-19га кабылган бейтаптар үчүн оорукана курууга жардам берип келатат. Кытай дарыгерлери эки жума бою пакистандык кесиптештерине жардам беришет. Читать дальше...

Комендант: Ошто жазгы талаа иштерине тоскоолдук болбойт

Azattyk.org 

29-мартта Кара-Суу, Ноокат жана Ош шаарынын коменданты Малик Нурдинов жергиликтүү бийлик менен акылдашып малды жайытка чыгаруу, жазгы талаа иштерин уланта берүү керек экенин билдирди. Анын айтымында, бул иштерге эч кандай тоскоолдуктар болбойт. “Азыр талаа жумуштарынын маалы жана малды жайлоого, жайытка чыгара турган учур. Бул маселелерди жеринде айыл өкмөтү, жайыт комитеттери менен акылдашып, өз учурунда иш жүргүзүлө берет, эч кандай тоскоолдуктар болбойт”, - деди Нурдинов. 25-марттан 15-апрелге чейин коронавируска байланыштуу Бишкек... Читать дальше...

Бийлик кайрымдуулук фонддоруна ыраазычылыгын билдирди

Azattyk.org 

Президенттик аппараттын жетекчиси Досалы Эсеналиев Кыргызстанда иштеп жаткан кайрымдуулук фонддорунун жетекчилери менен жолугушуп, саламаттыкты сактоо мекемелерине коронавирустун жайылуусуна каршы колдонуучу каражаттарды берип жатканына ыраазычылык билдирди. Жыйында өлкөдө түзүлгөн кырдаалда жардам берүүнү координациялоо, чындап муктаж болгондорго жардам жеткирүү маселелери талкууланды. Кайрымдуулук фонддору жардам ташыган машинелер үчүн Бишкек шаарынын айрым райондорунда жүрүүгө чектөөлөр алып салынганына ыраазычылык билдиришти. Читать дальше...

Кыргызстан “Центеррадан” 2.2 млн. доллар дивиденд алат

Azattyk.org 

"Centerra Gold" ишканасы акционерлерине 11.75 миллион Канада долларын ($8.2 млн. АКШ доллары) дивиденд катары төлөп берээрин жарыялады. Компаниянын 26% акциясына ээлик кылган кыргыз өкмөтү 2.2 млн. АКШ доллар дивиденд алышы керек. Бул тууралуу маалымат “Кыргызалтын” мамлекеттик ишканасынын сайтында жазылды.  "Centerra Gold" COVID-19 илдетинин бизнеске тийгизген таасирине көз салып турарын билдирди. 2019-жылы 30-ноябрда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев "Centerra Gold" компаниясынын президенти Скотт Перри менен жолугушуп... Читать дальше...



Талибдер Ооганстандагы Юмган районун ээлеп алышты

Azattyk.org 

Талиб согушкерлери 28-мартта Ооганстандын Бадахшан аймагынын райондук борборун өз көзөмөлүнө алышты. Андан мурун «Талибан» кыймылы ооган өкмөтү дайындаган топ менен сүйлөшпөй турганын билдирген. Юмган районунун бийлиги катуу кармаш болгонун айтып, бирок канча киши өлгөнүн маалымдаган жок. 26-мартта ооган өкмөтү дээрлик 19 жылдан бери уланып келаткан жарандык согушту токтотуу максатында талибдер менен сүйлөшүүлөргө катышчу делегациядагы 21 кишинин аты-жөнүн атаган. Ооганстандын Улутук коопсуздук... Читать дальше...

Жайкы Олимпиада 2021-жылдын 23-июль - 8-август күндөрү өтүшү мүмкүн

Azattyk.org 

Жапониянын маалымат каражаттары Эл аралык Олимпиада комитети менен Токио Олимпиадасынын уюштуруучулары эмки жайкы оюндардын мөөнөтүн тактап жатышканын 29-мартта жазышты. Кабарларга караганда, Олимпиада пландалгандан туура бир жылдан кийин башталышы ыктымал. Өткөн аптада коронавирус пандемиясынан улам быйылкы Олимпиаданы кийинкиге калтыруу тууралуу чечим кабыл алынган. Олимпиада 24- июлдан 9-августка чейин өтмөк. Эми 23-июль - 8-август деген күндөр каралууда. Олимпиаданын азыркы тарыхында оюндар... Читать дальше...

Боронов Саламаттык сактоо министрлигинин ишин сындады

Azattyk.org 

Вице-премьер-министр Кубатбек Боронов өкмөттүн аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү менен онлайн режиминде штабдын жыйынын өткөрдү. Жыйында 29-мартта коронавирус табылган дагы 26 киши менен байланышта болгондор аныкталып, изоляцияга алынганы белгилүү болду. Вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Саламаттык сактоо министирлигинин жетекчилигинин уюштуруу, башкаруу иштеринде кемчиликтер болуп жатканын айтты: “Министрликтин жетекчилигинин уюштуруучулук ишинде кемчиликтерди көрүп турабыз, бул калктын да нааразылыгын жаратпай койбойт. Читать дальше...

Дүйнөдө коронавирустан каза тапкандардын саны 30 миңден ашты

Azattyk.org 

Өлүмдөрдүн үчтөн бир бөлүгү Европага туура келет. Италияда жана Испанияда 29-мартта 800дөн ашык адам вирус козгогон оорудан көз жумду. Дүйнө жүзүндө COVID-19га 665 миңден ашуун киши кабылды. Ал эми илдетке чалдыкканардын саны жагынан АКШ алдыда. 29-марттагы маалыматтарга караганда, өлкөдө 124 миңден көп киши вирусту жугузуп алган. Нью-Йорк штатында көрсөткүчтөр абдан жогору болуп жатканына карабай, президент Дональд Трамп Ак Үйдүн корнавируска каршы штабынын сунушутарына таянып, карантин киргизүүгө каршы экенин билдирди. Читать дальше...

Карантин учурундагы билим жана тамаша

Azattyk.org 

Кыргызстанда 25-марттан тарта үч шаарда жана үч райондо өзгөчө абал режими иштей баштады. Мындан улам айрым мугалимдер, тренинг өткөндөр онлайн иштөөгө өтүштү.

Кыргызстанда коронавирус аныкталган үч киши реанимацияда, абалы оор

Azattyk.org 

Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин штабынын жетекчисинин орун басары Касымбек Мамбетов онлайн брифингде билдирди. Анын айтымында, үч бейтаптын абалы оор деп бааланууда. "29-мартка карата Кыргызстанда коронавирус инфекциясын жуктурган адамдардын ичинен үчөөнүн абалы оор, алар реанимацияда. Эки бейтап Өзгөн районунда, бир бейтап Сузак районунда", -  деди Мамбетов. Кыргызстанда 29-мартка карата коронавирусту жуктурган дагы 26 киши аныкталды. Бул адамдар обсервацияга алынды жана дарыгерлердин көзөмөлүндө жатышат. Читать дальше...

Кыргызстанда коронавирус дагы 26 кишиден табылды (видео)

Azattyk.org 

Кыргызстанда 29-мартка карата коронавирусту жуктурган дагы 26 киши аныкталды. Бул адамдар обсервацияга алынды жана дарыгерлердин көзөмөлүндө жатышат. Алар менен байланышта болгондорду аныктоо иштери жүрүп жатат. Жаңы аныкталгандардан эки адам Чүй облусунда, төртөө Бишкек шаарында, бир адам Нарын шаарында, алтоо Ош облусунда, 13 адам Жалал-Абад шаарында жашайт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин штабынын жетекчисинин орун басары Касымбек Мамбетов билдирди.  "Бүгүнкү күндө 84 киши болуп калды. Читать дальше...

Муфтият коронавируска байланыштуу тажия шарттын түшүндүрдү

Azattyk.org 

Кыргызстан мусулмандарынын аалымдар кеңешинин чечимине ылайык, Мусулмандар дин башкармалыгы коронавирус илдетинен кайтыш болгон адамды акыркы сапарга узатуу боюнча фатва чыгарды. Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы дүйнөнү каптаган COVID-19 илдетинен сактанууга байланыштуу коронавирус оорусунан көз жумган маркумду жууп, кепиндөө жана жерге берүүдө эрежелерди карманууга чакырат. Муфтият мындай учурда шарият төмөндөгүдөй көрсөтмө берээрин жарыялады. - Илдет жугуштуу учурда жаназа намазын мүмкүн... Читать дальше...

УКМК: “Коронавирус - бийликтин саясий оюну” деген адам кармалды

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) жалган маалымат тараткан адам кармалганын кабарлады. 23-мартта кармалган адам-  Жалал-Абаддын Токтогул районунун 38 жаштагы тургуну. Ал социалдык тармактарга "коронавирус - бийликтин саясий оюну" деген маанидеги пост жайгаштырган. Бул факт боюнча материалдар Токтогул райондук ички иштер бөлүмүнө жиберилди. Атайын кызмат жалган маалымат тараткандар мыйзам чегинде жоопко тартылаарын эскертет. УКМК күн сайын жалган маалымат тараткандар аныкталган фактыларды жарыялап жатат. Читать дальше...

Ирандагы гуманитардык кызматкерди убактылуу бошотуу мөөнөтү узартылды

Azattyk.org 

Британиялык-ирандык гуманитардык кызматкер Назанин Загари-Рэтклиффтин күйөөсү аялын убактылуу абактан бошотуу мөөнөтү дагы эки жумага узартылганын билдирди. Ричард Рэтликффтин билдиргенине караганда, Назанин 18-апрелге чейин эркиндикте болмокчу. Ага ата-энесинин Тегерандагы үйүнөн 300 метр алыс кетпөө көрсөтмөсү берилген, бутуна атайын чынжыр тагылган. Британ жана Иран жарандыгы бар Назанин 2016-жылдын апрелинен бери камакта отурат. Ошол эле жылдын сентябрында “Иран өкмөтүн кулатууга аракет кылган” деген айып менен беш жылга соттолгон. Читать дальше...


Музыкальные новости
Коммерсантъ

Никол Пашинян наговорил перед разговором // Премьер-министр Армении и президент России обсудят двусторонние разногласия





Персональные новости
#123ru.net

5 фактов, которые необходимо знать о СЭЙН и Wimmortal и их релизе «Старик и воля».





Комендант: посттордон өткөрүүгө уруксат документтери онлайн берилет

Azattyk.org 

Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев өзгөчө абал кирген аймактардагы посттордон өтүү үчүн уруксат документтери онлайн бериле баштарын билдирди. “Бир-эки күндүн ичинде уруксат документтерин электрондук түрдө бере баштайбыз. Биз ушундай шартта иштеп жатабыз, жарандар бизди түшүнөт деп ойлойм. Бул жагдайды жөнгө салабыз”, - деди Орозалиев.  Бирок Орозалиев ал уруксат кагаздары кимдерге берилерин тактаган жок. Буга чейин социалдык тармактардын колдонуучулары азык-түлүк, дары-дармек ташыган... Читать дальше...

Президент жана өкмөт башчы өлкөдөгү абалды талкуулашты

Azattyk.org 

Президент Сооронбай Жээнбеков премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев менен жолугуп, коронавирус инфекциясынын өлкө аймагына жайылышына жол бербөө чаралары жана экономикага тийгизген кесепеттерин азайтуу боюнча өкмөттүн анантикризистик планын талкуулашты. Президент бул кырдаалда биринчи кезекте азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо, макроэкономикалык абалды жолго коюу, ишкерлерге колдоо көрсөтүү керек экенин белгиледи. Өкмөт башчы чакан жана орто бизнести колдоо, антикризистик чаралардын ишке ашырылышы жөнүндө айтып берди. Читать дальше...

ИИМ: өзгөчө абал кирген төрт күндө миңге жакын адам тартип бузду

Azattyk.org 

29-мартта коменданттык саат тартибин бузган 150 адам кармалды. Алардын ичинен 115 адам Бишкек шаары, 15и Ош шаары, сегизөө Жалал-Абад шаары, бирөө Сузак району, бирөө Ноокат району, 10 адам Кара-Суу району боюнча райондук ички иштер бөлүмдөрүнө жеткирилди. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги кабарлады. Кармалгандар арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, коменданттык сааттын аякташы менен бошотулушту. Төрт күндүн ичинде өлкө аймагында 939 жаран коменданттык саатты бузганы үчүн кармалган. Ички иштер... Читать дальше...

Сузакта өзгөчө абалга карата атайын рейд жүрдү

Azattyk.org 

Жалал-Абад шаары жана Сузак району боюнча комендатуранын чечими менен 28-мартта Сузак районунун аймагында атайын рейд өткөрүлдү. Аталган аймактагы коменданттын басма сөз кызматы "Азаттыкка" билдиргендей, рейддин жүрүшүндө коомдук жайларда себепсиз жүргөн жана машинелерин эркин айдап, каалагандай жерге токтоткон 60тан ашык адам кармалган. Ошондой эле жол эрежесин бузган, документи жок машине айдаган 33 айдоочу аныкталып, аларга айып салынды. Милиция, жергиликтүү бийлик жана ыктыярчылар менен биргеликте... Читать дальше...

Спорт в России и мире
Москва

Росгвардия приняла участие в обеспечении безопасности при проведении футбольных матчей в Москве


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
Андрей Рублёв

Рублев не отстал от «Реала»! Как русская звезда тенниса покорила Мадрид


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

«Метриум»: Заповедные земли





Путин в России и мире
Москва

Никол Пашинян наговорил перед разговором // Премьер-министр Армении и президент России обсудят двусторонние разногласия


Лукашенко в Беларуси и мире
Минск

Польский судья приехал в Минск и попросил защиты у Лукашенко




123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире

Навальный в России и мире


Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Анастасия Волочкова

Волочкова продемонстрировала хорошую спортивную форму



Москва

В новостройках Щелкова проверили работоспособность систем пожарной безопасности

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net