Мы в Telegram
Добавить новость
123ru.net
Azattyk.org
Март
2020

Новости за 26.03.2020

Асрандиев: АКШ, Европа, Орусиядагыдай ишкерлерге жардам бере албайбыз

Azattyk.org 

Вице-премьер-министр Эркин Асрандиев 26-мартта басма сөз жыйынында ишкер чөйрөнү колдоо боюнча антикризистик план иштелип жатканын жана анда салык жеңилдиктери боюнча чаралар камтыларын билдирди. Асрандиев депутаттардан жана эксперттерден ишкерлерди салыктан убактылуу бошотуу сыяктуу сунуштар түшүп жатканын, бирок өкмөт буга бара албай турганын ачык айтты.  «Биз салыктардан толук бошотуу жана ишкерликти түздөн-түз финансылык жактан колдоо боюнча башка өлкөлөрдүн - АКШнын, Түркиянын, Европанын, Казакстандын... Читать дальше...

Жээнбеков oоган президенти менен Памирдеги кыргыздар тууралуу сүйлөштү

Azattyk.org 

26-мартта президент Сооронбай Жээнбеков Ооганстандын президенти Ашраф Гани менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин сайтты жазды. Эки өлкө лидери чөлкөмдөгү коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөш боюнча кызматташтыкка даярдыгын билдиришти. Ошондой эле Сооронбай Жээнбеков Ашраф Ганиге Чоң жана Кичи Памир аймагында жашаган кыргыздардын маселелерин чечүү боюнча демилгелерди колдогону үчүн алкыш айтты. Ооганстанда саясий тирешүү ушул айдын башында президенттик шайлоонун жыйынтыгы жарыялангандан кийин күчөгөн. Читать дальше...

Штаб: реанимацияда жаткандарда пневмония байкалууда

Azattyk.org 

Коронавирус илдетине чалдыгып, учурда реанимацияда жаткан алты адамда өпкөнүн сезгенүүсү (пневмония) байкалууда. Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматованын айтымында, айрымдарына кычкылтек өзгөчө зарыл болгондуктан жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды.   26-мартта Кыргызстанда коронавирус инфекциясына чалдыккандар катталган жок. 18-25-мартта Кыргызстанда бул илдетке чалдыккандардын жалпы саны 44 киши болгон, эң кичүүсү бирге толо элек ымыркай, улуусу 86 жашта. Реанимациядагы алты адамдан... Читать дальше...



Коронавирустун катаал сабактары

Azattyk.org 

Коронавирус дүйнөнү тушап койду. Өпкөнү сезгенткен бул вирусту жугузгандар жарым миллион кишиге чукулдап баратат. Кайсы бир өлкөлөр илдетти натыйжалуу ооздуктай алса, вирусту этибар албай күчөтүп жибергендери да болду.

ЕАЭБ импорттолгон айрым товарларды бажы төлөмүнөн бошотот  

Azattyk.org 

26-мартта Евразия Экономикалык Биримдигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттердин вице-премьер-министрлери катышкан видеоконференция форматында Евразия экономикалык комиссиясынын кезексиз жыйыны өттү. Жыйында биримдиктин өлкөлөрүнө ташылчу зарыл болгон товарларды, анын ичинде азык-түлүк жана медициналык каражаттарды бажы төлөмдөрүнөн үч айлык мөөнөткө бошотуу макулдашылды. Жакында ал товарлардын тизмеси даярдалат. 16-мартта Евразия экономикалык комиссиясы коронавирустун жайылышынын алдын алууда колдонулуучу... Читать дальше...

Казакстанда коронавирустан бир адам көз жумду

Azattyk.org 

Казакстанда коронавирустан бир аял каза болгонун 26-мартта кечинде маалымат жана коомдук өнүгүү министри Даурен Абаев билдирди.  Учурда коңшу мамлекетте төрт адамдын абалы оор. Жуктуруп алгандардын саны жүздөн ашты. Казакстандын Алматы, Нур-Султан жана Чымкент шаарларында 28-марттан тартып карантин чаралары күчөтүлөт. Аларга ылайык, шаар тургундарына үйлөрүнөн азык-түлүк, дары-дармек алууга жана жумушка барып келүүгө гана уруксат берилет. Бардык сейилдөөчү жайлар, балдар аянтчалары жабылат. Коомдук транспорттун жүрүшү чектелет. Читать дальше...

"Шереметьево" аэропортунда жүздөй кыргызстандык мекенине уча албай турат

Azattyk.org 

Москванын “Шереметьево” аэропортунан жүздөн ашык жаран Кыргызстанга кете албай турушат. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчиги маалымдады. Мекеменин кабарлашынча, 25-мартта элчиликтин алдындагы атайын түзүлгөн штабдын мүчөлөрү “Шереметьево” аэропортуна барып, Кыргызстанга кете албай турган мекендештер менен жолугушкан. Штаб мүчөлөрү Кыргызстанда өзгөчө абал режими киргизилгендиктен рейстер токтотулаарын айтып, чогулгандарга аэропорттун аймагында калууга болбой тургандыгын түшүндүрүшкөн. Элчиликтин... Читать дальше...

АКШ Сенаты коронавируска каршы күрөшкө эки триллион доллар бөлүүгө макул болду

Azattyk.org 

АКШ Сенаты коронавирустан улам жабыркаган ишканаларга, элге, саламаттык сактоо системасына колдоо көрсөтүү үчүн 2,2 триллион доллар бөлүүнү караган мыйзам долбоорун бир добуштан жактырды. Ага ылайык, Американын ар бир бойго жеткен жаранына 1200, ал эми ар бир балага 500 доллардан бөлүнөт. Эми документти Өкүлдөр палатасы жактырган соң АКШ президенти Дональд Трамп кол коёт. Каралган каражат АКШнын 2020-жылга бөлгөн бюджетинен ашат. Ушуну менен Америкада COVID-19 менен күрөшүүгө каршы үч мыйзам долбоору кабыл алынды. Читать дальше...



Өкмөт кыргыз-кытай чек арасы аркылуу жүк ташууну жандандырууга даярданууда

Azattyk.org 

Өлкөдөгү экономикалык тармак боюнча түзүлгөн республикалык ыкчам штаб кыргыз-кытай чек арасы аркылуу жүк ташууну жандандыруу маселесин карап, Кытай мамлекетине тийиштүү нота жөнөттү. Бул тууралуу вице-премьер-министр Эркин Асрандиев маалымдады. Кыргызстандын тиешелүү мамлекеттик органдарына «Торугарт» жана «Эркечтам» өткөрмө жайларында жүк ташууну баштоо боюнча Кытай тарап менен даярдык иштерин жүргүзүүгө тапшырма берилди. Ошондой эле жүк ташуучулар менен кырдаалды эске алып, бул процесстин механизмдерин иштеп чыгыш керек. Читать дальше...

Алты адамдын абалы, ДСУнун сунушу

Azattyk.org 

Кыргызстанда коронавирус аныкталган 44 адамдын алтоо реанимацияга которулуп, дагы 10 кишинин абалы орточо оор деп бааланууда.

Иранда коронавирустан көз жумгандар көбөйдү

Azattyk.org 

Иран 26-мартта коронавирустан 157 киши өлгөнүн билдирди. Ушуну менен Жакынкы Чыгыштагы бул мамлекетте ушул илдеттен жалпысынан 2200дөн ашуун киши каза тапты. Өлкө жетекчилиги COVID-19 илдетинин экинчи толкуну капташы мүмкүн деген коркунучтан улам шаар аралык аба жана жол каттамдарын токтотту. Буга калктын тыюуга карабай Нооруз майрамдарына байланыштуу ары-бери саякаттоону улантып жатканы түрткү болду. Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Киануш Жаханпур маалымат жыйынында билдиргендей, Иранда инфекциянын жайылышы уланып жатат. Читать дальше...

Түп районунда эки киши обсервацияга, эки үй-бүлө карантинге алынды

Azattyk.org 

21-22-март күндөрү Индиядан келген 39 жана 35 жаштагы жергиликтүү эки эркек киши обсервацияга жаткырылып, үй-бүлөсү карантинге алынды. Бул тууралуу «Азаттыкка» райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер бөлүмүнүн башчысы Канат Муканбетов билдирди: «Экөөнүн теӊ абалы туруктуу, коронавируска байланыштуу эч кандай белгилери байкалган жок. Эртеӊ, 27-мартта анализ алынып, Бишкек шаарына жөнөтүлөт, анын жыйынтыгын күтөбүз. Мындай кырдаалга жараша эки адамдын үй-бүлөсү теӊ үй карантинге алынды». Дарыгердин айтымында... Читать дальше...

Өзбек каналы өбүштүрбөгөн «Делбирим»

Azattyk.org 

«Делбирим» фильмин Чыңгыз Айтматовдун «Кызыл жоолук делбирим» повестинин негизинде тарткан режиссёр фильмдин каармандары өбүшүп жаткан жерин кыркып салганы үчүн Өзбекстандын «Milliy TV» телеканалын сотко берүүгө камынууда.

Өкмөт улгайгандарды иштен толук бошотуу зарыл экенин эскертти

Azattyk.org 

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өзгөчө абал учурунда улуу муундагы адамдарды аралыктан иштөөгө которуп же иштен толук бошотуу зарыл экенин эскертти. Бул тууралуу 26-мартта өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. «Өкмөттүн сунуштамасына карабастан айрым уюмдар улгайган адамдарды иштен толук бошотпой жатканы тууралуу маалымат түшүп жатат», деп айтылат мекеменин билдирүүсүндө. Өкмөттүн бардык чечимдери адамдын өмүрү менен ден соолугуна коркунучту мүмкүн болушунча азайтууга багытталганын эскерткен... Читать дальше...

Франция менен Чехия Ирактан күчтөрүн чыгарып кетет

Azattyk.org 

Пандемияга байланыштуу Франция Ирактан өз күчтөрүн чыгарып кетет. Расмий Париж коронавирустун жайылышын ооздукташ үчүн аскерлерге муктаж экенин 25-мартта жарыялады. Андан бир күн мурда ушундай эле жүйө менен Чехия да өз аскерлерин чыгарып кетерин билдирген. Эки өлкөнүн аскерлери ал жакта «Ислам мамлекети» радикал тобуна каршы күрөшүү операцияларынын алкагында жергиликтүү күчтөрдү машыктырган АКШ баштаган топтун катарында жүрүшөт. Ал арада баш калаа Багдадда өкмөттүк мекемелер жана элчиликтер жайгашкан районго ракетадан чабуул коюлду. Читать дальше...

Муктаждарга Материалдык резерв фондунан 10 миң тонна ун берилет

Azattyk.org 

Кыргызстандагы жардамга муктаж адамдар жана үй-бүлөлөр бекер ун менен камсыз болот. Өкмөт бул үчүн Мамлекеттик материалдык резервдер фондунан 10 миң тонна ун чыгарганы жатканын 26-мартта билдирди. Унду бөлүштүрүп, жеткирип берүү милдети Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жүктөлдү. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев коронавирустун жайылышын ооздуктоо жана адам өмүрү менен ден соолугун коргоо... Читать дальше...

Быйыл бюджетке 28 млрд. сомго чейин киреше түшпөй калышы мүмкүн

Azattyk.org 

Коронавируска байланыштуу кырдаалдан улам быйыл республикалык бюджетке 27-28 миллиард сом түшпөй калышы мүмкүн. Бул тууралуу вице-премьер-министр Эркин Асрандиев 26-мартта басма сөз жыйынында билдирди. Ал арада өлкөнүн Экономика министрлиги менен Финансы министрлиги бюджеттин толбой калуу коркунучун санап жатат. Азырынча 28 миллиард сомго чейинки каражат бюджетке түшпөй калышы мүмкүн деп болжолдонууда.  Эркин Асрандиев азыркы тапта ишкер чөйрөнү колдоо боюнча антикризистик план иштелип жатканын... Читать дальше...

COVID-19: Баткенде үй-үйлөргө ун жеткирилүүдө

Azattyk.org 

Баткенде өзгөчө кырдаал маалында шаардыктардын көчөгө чыгышын чектөө максатында үй-үйлөргө ун жеткирип берүү кызматы уюштурулду. Шаар мэри Мамыржан Рахимовдун чечимине ылайык аймактык комитеттер унга муктаж тургундардын тизмесин телефон аркылуу түзүп, анын негизинде ишкерлер унду Антимонополиялык көзөмөл агенттиги бекиткен баага ылайык ар бир үйгө дареги боюнча жеткирүүдө. Кыргызстанда 21-марттан баштап жалпы өзгөчө кырдаал, 25-марттан баштап айрым аймактарга өзгөчө абал киргизилген. Баткен шаары өзгөчө абал киргизилген аймакка кирбейт. Читать дальше...

«Дастан» заводунда жетекчи алмашты

Azattyk.org 

Кыргызстанда стратегиялык маанидеги «Дастан» заводунун директору Таалайбек Темиралиев 23-мартта кызматтан кетип, анын ордуна милдетин аткаруучу болуп Талантбек Иманов дайындалды. Бул тууралуу аталган заводдун расмий сайтында кабарлады. Маалыматка ылайык, Имановду Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду заводдун жетекчисинин милдетин аткаруучу кылып дайындаган. Эми директор кылып дайындоо боюнча премьер-министрдин буйругу чыгышы керек. Бирок заводдун расмий сайтында Талантбек Иманалиев башкармалыктын төрагасы катары көрсөтүлгөн. Читать дальше...


Музыкальные новости
Анастасия Волочкова

Балерина Волочкова заявила, что считала Кудрявцеву подругой до критики





Персональные новости
Сергей Брановицкий

Композитор Классической музыки Сергей Брановицкий представляет произведения классической музыки.





ЕККУ Азербайжанда мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөргө тынчсызданууда

Azattyk.org 

Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму (ЕККУ) жакында эле Азербайжанда коронавирус тууралуу жалган маалыматтар менен күрөшүү максатында мыйзамдарга киргизилген өзгөртүүлөр боюнча тынчсызданууда. Бул тууралуу уюмдун массалык каражаттардын эркиндиги боюнча өкүлү Арлем Дезир 25-мартта билдирди. Ал өзгөчө кырдаалдарда жалган маалыматтарга каршы күрөш маанилүү экенин, бирок Азербайжанда мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр журналисттердин ишине жана пандемияга байланыштуу окуяларды чагылдырууга тоскоолдук кылбашы керек экенин белгиледи. Читать дальше...

Штаб: Кыргызстанда коронавирустун жайылышы токтоду деп айтуу эрте

Azattyk.org 

Кыргызстанда коронавирустун жайылышы токтоду деп айтуу азырынча эрте. Бул тууралуу 26-мартта Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова билдирди. Адистин белгилешинче, чет жактан келип жаткандар азайды, эпидемияга каршы иш-аракеттер көрүлүп жатат, өзгөчө абал киргизилди, ары-бери каттоого тыюу салынды, бирок, ошентсе да “бул инфекцияны жеңдик деп айтуу эрте”. Акматова ооруну жайылтпоо ар бир адамдан көз каранды экенин, өзгөчө абалдын талаптарын аткаруу зарылдыгын белгиледи. Бул... Читать дальше...

Кыялды бийлеген муза

Azattyk.org 

Өз өмүрүндө идеалдуу аял жөнүндө кыялданбаган, идеалдуу аялды самабаган, күтпөгөн, издебеген эркек жок болсо керек.

Кыргызстанга Кытайдан дарыгер чакыруу тууралуу кат даярдалды

Azattyk.org 

Кыргызстан коронавируска каршы туруш үчүн Кытайдан дарыгерлерди чакыруу мүмкүнчүлүгүн караштырып жатат. Бул тууралуу 26-мартта Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова билдирди. Анын айтымында, Кытайдын медицина кызматкерлери «бүгүн-эртең келе калбайт, сүйлөшүү жана даярдык гана жүрүп жатат».  «Кытайда коронавирусту ооздуктоого катышкан адистер менен телеконференция уюштурулду. Кытайлык дарыгерлерди биздин өлкөгө чакыруу тууралуу кат даярдалып, Тышкы иштер министрлигине жөнөтүлгөн», - деди Акматова. Читать дальше...

«Чоң жыйырманын» онлайн-саммити башталат

Azattyk.org 

26-мартта Сауд Арабиясынын төрагалыгы алдында «Чоң жыйырманын» онлайн-саммити башталат. Ага АКШнын лидери Дональд Трамп жана Орусиянын президенти Владимир Путин да катышары күтүлүп жатат. Бул ирет G20га кирген мамлекеттер дүйнөнү коронавирус пандемиясы каптап, экономика кескин начарлап кеткен шартта кезексиз жыйынга чогулганы турушат.​ «Дүйнө COVID-19 пандемиясына туш болуп, саламаттык сактоо тармагы, глобалдык экономика кризиске кептелип турган чакта биз күчүбүздү бириктириш үчүн «Чоң жыйырманын» чукул жыйынын уюштуруудабыз»... Читать дальше...

Жалал-Абадга Бишкектен дарыгерлер барды

Azattyk.org 

Жалал-Абаддагы ооруканаларга Бишкек шаарынан ыктыярчы сегиз дарыгер барды. Алар алдыдагы күндөрү коронавируска чалдыккандарды дарылап жаткан адистер менен орун алмашат. Саламаттык сактоо министрлиги учурда башка дарыгерлерди да аймактарга жөнөткөнү жатат.

Спорт в России и мире
Москва

На международной выставке-форуме "Россия" в Москве завершилась тематическая неделя спорта


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
Андрей Рублёв

«Титул, которым я горжусь больше всего»: Рублёв одолел Оже-Альяссима и выиграл второй турнир серии «Мастерс» в карьере


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

Для лесопожарных станций Подмосковья закуплены три новых грузовика





Путин в России и мире
Москва

Собянин поздравил Путина со вступлением в должность президента России


Лукашенко в Беларуси и мире
Минск

Польский судья отказался от должности и попросил защиты у Лукашенко. Он обвинил Варшаву в нечестной политике




123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире

Навальный в России и мире


Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Виктор Тепляков

Депутат ЗСК Виктор Тепляков провёл совещание по поддержке нововведений в систему питания школьников



Москва

Путин: РФ продолжит работу с партнерами по созданию многополярного миропорядка

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net