Мы в Telegram
Добавить новость
123ru.net
Azattyk.org
Март
2020

Новости за 06.03.2020

Бала баккандыкы...

Azattyk.org 

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматы боюнча Кыргызстанда акыркы беш жыл ичинде 4 241 бала асыроого берилген. Алардын ичинен 91 баланы чет өлкөлүк жарандар багып алган.

Кабулдагы кол салууда өлгөндөрдүн саны 32ге жетти

Azattyk.org 

Ооганстандын борбору Кабул шаарында өкмөт башчы Абдулла Абдулла баштаган жогорку даражалуу аткаминерлер катышкан эскерүү иш-чарасындагы чабуулда бери дегенде дагы 58 адам жараат алды. Ички иштер министрлиги күч органдары "үч жоочуну атып өлтүргөнүн" кабарлады. Ооган бийлик башчылары Кабулда Хазар азчылыгынын лидери, 1995-жылы “Талибандын” колунан өлгөн жергиликтүү шииттердин башчысы Абдул Али Мазарини эскерүү үчүн чогулушкан эле. "Талибан" кыймылы бул кол салууну уюштурганын мойнуна алган жок.... Читать дальше...



Орусияда дагы алты адамга вирус жукту

Azattyk.org 

Орусияда 6-мартта өпкөнү сезгенткен вирус дагы алты адамдан табылды. Бул тууралуу Инфекцияга каршы күрөш боюнча ыкчам штаб кабарлады. Анда беш адам Москвада, бир киши Нижний Новгороддо аныкталды. Баштапкы маалыматтарга караганда, алардын баары жакында эле Италияга барып келишкен. Ошентип Орусияда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 11ге жетти. Мунун алдында Москва шаарынын мэри Сергей Собянин "күчөтүлгөн даярдык режими" тууралуу буйрук чыгарган. Ага ылайык, вирус тез жайылып жаткан өлкөгө... Читать дальше...

Австрия Хизбулло Шовализоданы Тажикстанга өткөрүп берди

Azattyk.org 

Австриянын бийлиги бул өлкөдөн башпаанек сурап жаткан тажик жараны Хизбулло Шовализоданы Дүйшөмбүгө экстрадиция кылды. Тажикстандын Башкы прокуратурасы ал учактан түшөрү менен эле камакка алынганын маалымдады. Буга чейин чет жактарда жүргөн тажик оппозициячылары Шовализода мекенинде кыйноого кабыларын билдиришип, расмий Венадан чечимин кайра карап чыгууну өтүнүп жаткан. 29 жаштагы Шовализода Венага мындан бир жыл мурда келген жана бул өлкөдөн башпаанек сурап жаткан. Ал Дүйшөмбүнүн өтүнүчү менен 22-январда камакка алынган. Читать дальше...

Свердлов райондук соту митингди чектөө тууралуу арызды караган жок

Azattyk.org 

Бишкектин Свердлов райондук соту райондук бийликтин митингдерге тыюу салуу тууралуу арызын караган жок. Мындай аныктаманы райондук сот 6-мартта чыгарды. Буга Бишкек мэриясынын Свердлов райондук акимчиликтин сотко берген арызын кайтарып алышы себеп болду. Райондук акимчилик соттон 4-марттан 1-июлга чейин митингдерди өткөрүүнү чектөөнү суранган. Бишкек мэриясы арызды чакыртып алуунун себебин айткан жок. Ошондой эле шаардын Биринчи май, Свердлов райондук сотторунун чечимдерине байланыштуу пикирин билдире элек. Читать дальше...

Финполго каршы арыз четке кагылды

Azattyk.org 

Бишкектин Биринчи май райондук соту адвокат Нурбек Токтакуновдун Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматына каршы жазган арызын канааттандырган жок.

Коронавирус тажикстандыктарды дүрбөттү

Azattyk.org 

Кабулдагы кол салуу 30дай адамдын өмүрүн алды. Тажикстанда коронавирустан улам тамак-аш кымбатташы мүмкүн деген имиштер калкты дүрбөлөңгө түшүрдү. Москвада коронавирустан улам жогорку даярдыктагы режим киргизилди.



Дүйнөдө коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 100 миңден ашты

Azattyk.org 

Иранда жума күнү, 6-мартта бул ооруну жуктуруп алган миңден ашуун адам катталды. Вирус дүйнө жүзү боюнча 3400дөй адамдын өмүрүн жалмады. Илдеттен 55 миңге чукул киши айыгып чыкты. Мунун алдында АКШнын Калифорния штатында эки жүргүнчү вирус жуктуруп алганы белгилүү болгондон кийин "Grand Princess" саякат кемеси карантинге алынган. Алар кемеге Сан-Францискодон 21-февралда түшкөнү белгилүү болгон. Саламаттыгы начар, өнөкөт оорусу бар 71 жаштагы жүргүнчү каза болгон. АКШда илдетке кабылгандар 200дөн ашты. Читать дальше...

Кабул: Абдулла Абдулла катышкан иш-чарадагы кол салууда 27 адам өлдү

Azattyk.org 

Ооганстандын борбору Кабул шаарында аткаруу бийлигинин башчысы Абдулла Абдулла баштаган жогорку даражалуу аткаминерлер катышып жаткан иш-чарадагы кол салууда бери дегенде 27 адам өлүп, дагы 30дай киши жарадар болду. Алар Хазар азчылыгынын лидери, 1995-жылы “Талибандын” колунан өлгөн жергиликтүү шииттердин башчысы Абдул Али Мазарини эскерүү үчүн чогулушкан. Абдулла Абдулла жабыркаган жок. Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Нусрат Рахими окуя болгон жерге кошумча күч жөнөтүлгөнүн, маал-маалы менен атышуу болуп жатканын билдирди. Читать дальше...

АКШ: Элизабет Уоррен президенттик жарыштан чыкты

Azattyk.org 

АКШда демократтардын атынан президенттикке ат салышууну каалаган Массачусетс штатынан сенатор Элизабет Уоррен шайлоо өнөктүгүн токтотту. Ал 3-мартта «супер шейшемби» деп аталган күнү 14 штатта өткөн демократтардын ички жарышында жеңилип калган эле. Уоррен эми кимге колдоо көрсөтөрүн ачык жарыялай элек. 70 жаштагы сенатор жарышка алгачкылардан болуп аттанган жана башында демократтардын атынан президенттикке талапкер болуу ыктымалдыгы жогору эле. "Супер шейшембиде" Нью-Йорк шаарынын мурдагы мэри... Читать дальше...

Кара-Суу шаарынын мэри кызматтан кетти

Azattyk.org 

Бул тууралуу «Азаттыкка» кызматын тапшырган мэр Кутугали Козубаев өзү кабарлады. Ал үй-бүлөлүк шартына байланыштуу кызматын тапшырганын айтты. Козубаев 2017-жылдын октябрь айында Кара-Суу шаарынын мэрлигине дайындалган. Ош облусунун Кара-Суу шаарында 25 500 адам жашайт. Шаардын бир жылдык бюджети 70 миллион сомду түзөт. Кара-Суу шаарынын мэринин милдетин вице-мэр Шавкат Осмоналиев аткарып турат. (MdN)

Үч судья мөөнөтүнөн мурда кызматтан кетти

Azattyk.org 

Нарын шаардык сотунун судьясы Айнагүл Жоробекова, Ош шаардык сотунун судьясы Адинахан Кадырова жана Чүй облусунун Сокулук райондук сотунун судьясы Сергей Кузьменко өз каалоосу менен мөөнөтүнөн мурда кызматтан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка 6-мартта президент Сооронбай Жээнбеков кол койгонун президенттик аппараттын маалыматык саясат бөлүмү билдирди. Кызматтан кеткен үч судьянын бири Айнагүл Жоробекованы кылмыш жообуна тартууга Тартип комиссиясы макулдук бергендигине байланыштуу 2018-жылдын 2-ноябрында... Читать дальше...

Украина алмашып ала турган туткундардын тизмесин даярдады

Azattyk.org 

Украинанын чыгышындагы жаңжалды жөнгө салуу боюнча түзүлгөн үч тараптуу байланыш тобуна Киев өзү алмашып алгысы келген 200 адамдын тизмесин берди. Бул тууралуу украин президенти Владимир Зеленский түрк телеканалына берген маегинде билдирди. Маектин үзүндүсү президенттин сайтына жарыяланды. Зеленскийдин айтымында, тизмеге маркумдардын да аты-жөнү киргизилген. Учурда Киев алардын сөөгүн кайтарып алгысы келет.  Мурдагы тышкы иштер министри Вадим Пристайко бул туткундарды алмашуунун акыркы жараяны экенин... Читать дальше...

Бишкектин тургуну аялы менен уулун бычактап, өзү асынып алды

Azattyk.org 

Бишкектин 5-кичи районунда үй-бүлөлүк чырдан улам эркек киши уулу менен аялын бычактап, өзү асынып алды. Бул тууралуу Октябрь райондук милициясынын басма сөз кызматы билдирди. Милиция тараткан маалымат боюнча, окуя тууралуу 6-мартта саат 12:00дө Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгына маалымат түшкөн. Кырсык болгон жерге Октябрь райондук милициясынын ыкчам иликтөө тобу барып көп кабаттуу үйдөгү батирдин биринен бычакталган аялдын сөөгүн жана жуунучу бөлмөдө асынып алган эркек кишини көрүшкөн. Читать дальше...

Коронавируска байланыштуу Улуттук филармонияда өтчү иш-чаралар токтотулду

Azattyk.org 

Коронавирус илдетине байланыштуу Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармонияда өтчү иш-чаралар токтотулду. Бул тууралуу филармониянын көркөм жетекчиси Алтынбек Максүтов кабарлады. Анын сөзүнө караганда, тиешелүү чечимди өкмөт кабыл алган. Ал эми алдыда болчу концерттерге билет алгандардын акчасы кайтарылып берилет.     Коронавирустун алдын алуу иш-чараларынын алкагында 5-мартта Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында спектакль коюу убактылуу токтотулган. Читать дальше...

Француз парламентинин депутаты вирус жуктуруп алды

Azattyk.org 

Францияда коронавирус жугузуп алган парламент депутаты ооруканага жаткырылды. Улуттук Ассамблеянын төрагасы Ришар Ферран ушул тапта реанимацияда экенин билдирди. Ооруган депутаттын аты-жөнү ачык айтылган жок, ал Эльзас аймагынан шайланып келгени, оппозициялык "Республикачылар" фракциясынан экени гана белгилүү болду. Парламенттин ашканасы жана рестораны убактылуу жабылды. Бул жагдай Улуттук Ассамблеянын мындан аркы ишине кандай таасир этери азырынча белгисиз. Мунун алдында Францияда ооруну жаңыдан жуктуруп алган жүздөн ашык адам катталган. Читать дальше...

Кыргызстанда 208 кишиге качкын макамы берилген

Azattyk.org 

Бул тууралуу Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы Болотбек Ибраимжанов 5-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди: «208 адамдын ичинен 96сы Ооганстандан, 79у Сириядан, 24 киши Украинадан, эки киши Ирандан, бирөө Ирактан, төртөө Мароккодон келген. Тажикстан, Түркмөнстан, Эфиопиядан бирден адам бар». Болотбек Ибраимжановдун айтымында, качкындардын көбү Кыргызстанда соода-сатык менен алектенет. Кыргызстанда «Качкындар жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталып жатат. Читать дальше...


Музыкальные новости
Моргенштерн

Моргенштерн* раскрыл доход от платного телеграм-канала





Персональные новости
Сергей Брановицкий

Песня под Ключ. Купить Песню под Ключ. Запись Песни под Ключ.





Ооганстан: Абдулла Абдулла катышкан иш-чарада ок атылды

Azattyk.org 

Ооганстандын борбору Кабул шаарында аткаруу бийлигинин башчысы Абдулла Абдулла баштаган жогорку даражалуу аткаминерлер катышып жаткан иш-чарада куралдуу адам кол салып, бери дегенде 18 адам жараат алды. Алар Хазар азчылыгынын лидери, 1995-жылы “Талибандын” колунан өлгөн жергиликтүү шииттердин башчысы Абдул Али Мазарини эскерүү үчүн чогулушкан. Абдулла Абдулла жабыркаган жок. Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Нусрат Рахими окуя болгон жерге кошумча күч жөнөтүлгөнүн билдирди. "Талибан"... Читать дальше...

Коронавирус көп катталган өлкөлөрдөн келгенин жашыргандар аныкталды

Azattyk.org 

Коронавирус көп катталган өлкөлөрдөн келгенин жашырган Кыргызстандын 13 жараны аныкталды. Алар чек арадан жалпы жарандык паспортун көрсөтпөй ID-карта менен өткөнгө аракет кылышкан. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын Чек ара көзөмөл башкы башкармалыгынын жетекчиси Нурлан Жалбиев билдирди. «Алар акыркы 30 күндүн ичинде коронавирус көп катталган өлкөлөрдө болушкан. Жалпы жарандык паспортто өзгөчө белгилери деген барак бар. Анда кайсы өлкөгө барышса, кирип-чыкканын тастыктаган белгилер коюлат. Читать дальше...

Иранда кыргызстандык 76 айдоочу чек арадан өтө албай турат

Azattyk.org 

76 жүк ташуучу автоунаанын айдоочулары коронавирустун улам 18-февралдан бери Иранда изолятордо турат. Бул тууралуу Кыргызстандын Соода-өндүрүш палатасы билдирди. Автоунаалардын көпчүлүгү Ирандын эки чек ара бекетинде жана Ирандын өзүндө токтоп турат. «Айдоочулар менен «Вотсап» аркылуу гана сүйлөшүп жатабыз. Аларга тамак-аш жана акча керек. Бирок учурда Иранга акча которуу да мүмкүн болбой жатат. Айдоочулар жардамга муктаж. Азырынча ден соолугуна байланыштуу эч ким кайрыла элек. Айдоочулардын арасында вируска чалдыккандар жок»... Читать дальше...

Казакстан кыргызстандыктарга чек арадан ID-карта менен өтүүгө тыюу салды

Azattyk.org 

Кыргызстандын жарандарына Казакстанга ID-карта менен өтүүгө убактылуу тыюу салынды. Бул тууралуу тышкы иштер министринин орун басары Нурлан Абдрахманов 6-мартта Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында билдирди. Анын сөзүнө караганда, мындай чектөө 8-марттан тарта күчүнө кирет. «Казакстан 2020-жылдын 8-мартынан баштап Кыргызстандын жарандарына чек арадан ID-карта менен, ал эми 16 жашка толо элек балдарга төрөлгөндүгү тууралуу күбөлүк менен өтүүгө тыюу салды», - деди Абдрахманов. Мындай чектөө коронавирустун... Читать дальше...

Ленин районунда да митинг өткөрүүгө тыюу салынды

Azattyk.org 

Бишкек шаарынын Ленин районундук соту район аймагында  митингдерди, тынчтык акцияларын өткөрүүгө 1-июлга чейин тыюу салды. Мындай чечимди сот 6-мартта чечим чыгарганын юрист Эрик Ирискулбеков билдирди: «Коронавирус коркунучу бар деген негизде ушундай чечим чыкты. Массалык иш-чараларды уюштуруу кооптуу экени айтылды». Ирискулбековдун «Азаттыкка» берген маалыматы боюнча, Бишкектин Жал районунун жашоочулары 5-мартта курулуш компаниялардын биринин ишмердигине каршы нааразылык акция өткөрүү үчүн мэрияга... Читать дальше...

АКШ Олег Тиньковду акчасын жашырган деп айыптады

Azattyk.org 

АКШ бийлиги орусиялык ишкер Олег Тиньковго "ири суммадагы акчаны жашырып койгон" деген айып такты. Юстиция министрлиги тараткан маалыматка ылайык, Тиньков АКШнын жарандыгын 1996-жылы алган жана бул өлкөдө алты жыл жашаган. Ал 2013-жылы америкалык жарандыктан баш тартып жатканда аз салык төлөө максатында тапкан кирешесин өтө азайтып көрсөткөн, тактап айтканда, бир миллиард доллар акчасын жашырып койгон. АКШ мыйзамдарына ылайык, эгер ишкер салык төлөөдөн качкан деп табылса, ал алты жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Читать дальше...

Спорт в России и мире
Москва

Росгвардия приняла участие в обеспечении безопасности при проведении футбольных матчей в Москве


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
ATP

Андрей Рублев поднялся на шестое место в рейтинге ATP


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

Жителей Москвы предупредили об аномально холодной погоде





Путин в России и мире
Москва

Собянин поздравил Путина со вступлением в должность президента России


Лукашенко в Беларуси и мире
Минск

Польский судья Шмидт попросил защиты у Лукашенко и политического убежища в Белоруссии




123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире

Навальный в России и мире


Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Светлана Сурганова

Светлана Сурганова выступит на фестивале «Окна Открой»!



Москва

Прививка от клещевого энцефалита в Москве. Правду поведал врач Тяжельников

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net