Мы в Telegram
Добавить новость
123ru.net
Azattyk.org
Март
2020

Новости за 02.03.2020

2-марттагы митингдин хронологиясы

Azattyk.org 

Түрмөдө отурган саясатчы Садыр Жапаровду колдогон митинг башаламандык менен коштолду. Кечки саат 6дан өткөндө агрессивдүү маанайдагы митингчилер Ак үйдү көздөй жөнөгөндө милиция алардын алдын тороп чыкты. Ошол учурда эки тарап кагылыша кетип, атайын күчтөр суу чачып, көздөн жаш агызчу газ колдонушту.

Митинг учурунда төшүнө желим ок тийген кыз дарыгерлерге кайрылды

Azattyk.org 

Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинованын "Азаттыкка" кабарлаганы боюнча, кыз ооруканага жаткырылды, абалы туруктуу: "Кыздын көкүрөгүнө желим ок тийген. Кан уюп калыптыр. Бүгүн ооруканага жаткырдык. Эртең абалы жакшы болсо үйүнө чыгат". Жылдыз Айгерчинованын маалыматына караганда, митингден кийин дарыгерлерге үч киши кайрылды, алардын экөө милиция кызматкерлери. Биринин далысы, экинчисинин төш жагы ооруксунуп калган. Алар Бишкектеги ортопедия жана травматология... Читать дальше...

УКМК: Митингдин уюштуруучулары "бийликти басып алууга аракет кылган" деп шектелүүдө

Azattyk.org 

2-мартта Садыр Жапаровду бошотуу талабы менен өткөн митингдин уюштуруучулары деп саналган топ Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке жеткирилди. Алардын айрымдары "бийликти басып алууга аракет кылган" деп шектелүүдө. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз катчысы Рахат Сулайманов "Азаттыкка" билдирди: "Митингдин уюштуруучулары жана жигердүү мүчөлөрү УКМКга алынып келинди. Алар: Каныбек Осмоналиев, Сабыр Жапаров, Амангелди Артыков жана башкалар. Бул факты боюнча сотко чейинки териштирүүнүн алкагында... Читать дальше...



Мэрия шаарда митинг жана башка акцияларды өткөрүүгө убактылуу чектөө киргизүүнү сунуштоодо

Azattyk.org 

Бул дүйнө жүзүндө коркунуч жаратып жаткан коронавирустун алдын алуу максатында жана 2-марттагы митингге байланыштуу аргасыз кадам болуп жатканын Бишкек мэринин кеңешчиси Балбак Түлөбаев "Фейсбуктагы" баракчасына жазды. Түлөбаев бул максатта атайын өтүнүч менен сотко кайрылуу жолдонорун билдирген. Мындан тышкары мэрдин кеңешчиси 2-марттагы митингди массалык башаламандык деп баалаган. "Мэрия 2-марттагы митингди көчөлөрдү тосуу, милиция кызматкерлерине кол салуу, ишкерлердин мүлкүнө залал келтирүү... Читать дальше...

Ала-Тоо аянты таштандылардан тазаланды

Azattyk.org 

"Тазалык" ишканасынын өкүлү Руслан Жаныкуловдун "Азаттыкка" билдиргенине караганда, Ала-Тоо аянтындагы митингден кийин бир тонна таштанды чыгарылды: "2-март күнү аянтта жалпысынан 25 кызматкер жана эки техника иштеди. Митинг таратылгандан кийин Ала-Тоо аянтынан 1 тонна таштанды чыгарылды, негизинен кагаз, желим баштык, желим бөтөлкөлөр жана таштар". 2-мартта Бишкектеги борбордук аянтта камактагы Садыр Жапаровдун бошотулуусун талап кылган эл чогулуп, митинг өткөргөн. Кечке жуук алар Ак үйдү көздөй бет алганда... Читать дальше...

Евробиримдиктин жетекчилери грек-түрк чек арасына барат

Azattyk.org 

Европа комиссиясынын башчысы Урсула фон дер Ляйен аталган уюмдун бир катар жетекчилери менен 3-мартта Грекия менен Түркия чектешкен аймакка барарын билдирди. Ал 2-мартта Брюсселдеги басма сөз жыйынында бул сапардын максаты Афинага жардам-колдоо көрсөтүү экенин белгиледи. Жекшембиде Түркия менен Грекиянын чек арасына жүздөгөн мигрант чогулуп, Евробиримдиктин аймагына өтүүгө аракет кылган. Грек полициясы аларга жаш агызчу газ атып токтоткон. Түркия буга чейин мекенинен качып чыккан сириялыктарды аймагында кармай албай турганын... Читать дальше...

Сеитов: Тартип бузулганы үчүн митингдин уюштуруучулары жооп берет (видео)

Azattyk.org 

2-мартта Бишкекте тартип бузулуп, таш ыргытылып, автоунаалар, мекеме ишканалар жабыркады. Бул үчүн түздөн-түз митингдин уюштуруучулары жооп берет. Мындай маалыматты ИИМдин басма сөз катчысы Бакыт Сеитов журналисттерге билдирди: "Митингде чагым болгону үчүн да алар жооп беришет. Мындан тышкары келтирилген чыгымдардын баарын уюштуруучулар төлөп беришет. Ушул тапта Бишкекте абал туруктуу. Биз ыкчам аракеттерди жүргүзүп жатабыз, чагым кылгандарды аныктап, тактап, тиешелүү чараларды көрөбүз. Түрдүү чагымдар айтылды... Читать дальше...

Нур-Султан: вирустан улам 8-мартка карата мамлекеттик иш-чаралар өтпөйт

Azattyk.org 

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев коронавирус коркунучунан улам 8-март - Аялдардын эл аралык күнүнө карата негизги иш-чаралар өтпөй турганын билдирди. Ал 2-мартта «Твиттердеги» баракчасына «Аялдардын эл аралык күнүнө байланыштуу Нур-Султан шаарындагы салтанаттуу жыйынды жана концертти өткөрбөйлү деп чечтим. Мындай чечим дүйнөдө коронавирус жайылып жаткандыктан коопсуздук чараларынан улам кабыл алынды» деп жазды. Казакстан 1-марттан тартып Иран менен аба каттамын убактылуу токтотту. Иранда... Читать дальше...



Митингчилер: Бизге бийлик эмес, Жапаровдун боштондугу керек

Azattyk.org 

Өзүн Садыр Жапаровдун колдоочусу катары тааныштырган Элмира Бечелова «Азаттыкка» ушундай пикирин билдирди. Ал 2-мартта митингге бийликти алуу максатында эмес, Садыр Жапаровдун боштондугун талап кылып чыгышканын белгилеп, бийликке нааразылыгын айтты: «Биз, Садыр Жапаровду колдоочулар, анын боштондугун талап кылып эле чыкканбыз. Төрт жылдан бери калыстык издеп жүрөбүз. Миллиарддарды жегендер камактан чыгып кетип жатышат да, Садыр Жапаров жок дегенде үй камагына чыгарылбайт. Эмне үчүн бошотулбайт?»... Читать дальше...

Түркия Сирия армиясына сокку урду

Azattyk.org 

Дүйнө жүзүндө коронавирус жуккан адамдардын саны 87 миңден ашты. Түркия Сирия армиясына каршы аскердик операция баштаганын бышыктады. Казак полициясы жекшембидеги митингдерде 80 киши кармалып, көбү кайра бошотулганын ырастады.

Каныметов: Таш ыргыткан милиция кызматкерлерине чара көрүлөт

Azattyk.org 

Бишкекте камактагы саясатчы Садыр Жапаровдун тарапкерлеринин митингин кууп таратуу маалында таш ыргыткан милиция кызматкерлерине чара көрүлөт. Бул тууралуу «Азаттыкка» ички иштер министринин орун басары Мирлан Каныметов билдирди. Митингди кууп таратуу маалында акциянын катышуучулары жана милиция кызматкерлери бири-бирин көздөй таш ыргытышкан эле. Анын жыйынтыгында борбор калаадагы бир нече машинеге зыян келтирилген.  Мирлан Каныметов милиция кызматкерлери таш ыргытты деген маалыматты четке кагып... Читать дальше...

Бишкекте милиция күчөтүлгөн тартипке өттү

Azattyk.org 

Бишкекте милиция күчөтүлгөн тартипте ишке өттү. Бул тууралуу «Азаттыкка» ички иштер министринин коомдук коопсуздук боюнча орун басары Алмаз Орозалиев билдирди. Ал митингден соң массалык бейбаштык фактысы орун алганын жана мыйзам бузгандар жоопкерчиликке тартыларын билдирди. Милициянын орун басары митингчилерди кууп таратуу маалында канча адам кармалганы жана жаракат алганы боюнча маалыматы жок экенин билдирди. «Азаттыктын» кабарчылары кууп таркатуу убагында ондогон митингчилер кармалып, автобуска салынганына күбө болушту. Читать дальше...

Ала-Тоо аянтында 30дан ашык адам кармалды

Azattyk.org 

Бишкектеги Ала-Тоо аянтында милиция менен кагылыштан соң кеминде 30дан ашык адам кармалды. Бул тууралуу окуяга күбө болуп жаткан «Азаттыктын» кабарчысы билдирди. Анын айтымында, 21 адамды милиция кармады. Аларды Патрулдук милициянын машинесине салып кетишкени белгилүү болду. Учурда кармалгандар боюнча Ички иштер министрлиги расмий маалымат бере элек. Бүгүн Ала-Тоо аянтында камактагы саясатчы Садыр Жапаровду абактан бошотууну талап кылгандардын нааразылык акциясы өткөн. Анын жыйынтыгында акциянын... Читать дальше...

Милиция: Коопсуздук чаралары күчөтүлөт

Azattyk.org 

Милиция Бишкектин тургундарынын коопсуздугу күчөтүлгөн тартипте корголот. Бул тууралуу Ала-Тоо аянтынан митингичилерин сүрүп чыгарып жаткан милициянын атын атагысы келбеген жетекчилеринин бири «Азаттыктын» кабарчысына билдирди.  Ушу тапта милиция кызматкерлери борбордук аянттан элди сүрүп чыгарып, айланасындагы көчөлөрдү тазалоого киришти. Аянттан митингдин катышуучуларына карата көздөн жаш агызуучу газ колдонулуп, суу бүркүлдү. Мындан тышкары желим ок колдонулганы кабарланды. Митингчилер тарабынан милицияга таш ыргытылды. Читать дальше...

Милиция митингчилерди аянттан сүрүп чыгарды

Azattyk.org 

Атайын даярдыктагы күчтөр, милиция кызматкерлери суу бүркүп, көздөн жаш агызуучу газ колдонуп, кулак тундуруучу гранаталарды ыргытуу менен Ала-Тоо аятындагы жана Ак үйдүн алдындагы чогулган элди кууп таркатып жатат.

Милиция көчөдөгү ашкана-кафелердин кардарларынын көчөгө чыкпашын талап кылды

Azattyk.org 

Орозбеков көчөсүнүн кафе-ресторандар жыш жайгашкан аймагында милиция кардарлардын, коомдук тамактануучу жайлардын кызматкерлеринин сыртка чыкпашын талап кылды. Ушул тапта митингчилер тараптан ыргытылган таштар көчө боюна токтотулган автоунааларга тийип, терезелери талкаланып жатканын ошол жерде жүргөн кабарчыбыз маалымдады. Айрымдар автоунаааларын коопсуз жакка айдап кетүүгө аракет кылып жатышат. Кабарчыбыздын айтымында, милиция да таш ыргыткан учурлар болду. Азыр митингчилер Токтогул көчөсүнөн... Читать дальше...

Тажикстан: Шайлоонун күтүлгөн жыйынтыгы

Azattyk.org 

1-мартта Тажикстанда парламенттик шайлоо өттү. Күтүлгөндөй эле бийликтин партиясы парламенттеги 63 орундун 50 пайыздан көбүн ээледи. Оппозицияга бир да мандат тийген жок.

Милиция Ала-Тоо аянтынан чогулган элди сүрүп чыгарды (сүрөт)

Azattyk.org 

Атайын даярдыктагы күчтөр, милиция кызматкерлери суу бүркүп, көздөн жаш агызуучу газ колдонуп, кулак тундуруучу гранаталарды ыргытуу менен Ала-Тоо аятындагы жана Жогорку Кеңештин алдындагы чогулган элди кууп таркатып жатат. Аянтта жүргөн кабарчыбыздын маалыматы боюнча милиция желим ок атканы да белгилүү болду. Ушул тапта эл Киев, Тоголок Молдо жана ошол аймактагы көчөлөргө сүңгүп баратканы кабарланды. Ушул тапта милиция митингчилерди Разаков, Орозбеков жана Киев көчөлөрүнөн сүрүп чыгарууга киришти. Читать дальше...

Митингчилер менен милиция күчтөрү кагылышты

Azattyk.org 

Садыр Жапаровдун айрым тарапкерлери менен милиция кагылышты. Митингчилер Жогорку Кеңештин имаратын көздөй бет алган учурда милициянын атайын күчтөрү суу чачып, көздөн жаш агызчу газ колдонду. Учурда митингчилер чыгышты көздөй качышты.  Бүгүн Ала-Тоо аянтында камактагы саясатчы Садыр Жапаровду бошотууну талап кылгандардын митинги өтүп жаткан. Буга чейин Ички иштер министрлиги митинг учурунда мыйзамга каршы иш кылып, абалдын туруктуулугун бузууга аракеттенгендер катуу жазага тартыларын эскерткен. Читать дальше...


Музыкальные новости
Linkin Park

Звездные разборки: Филипп Киркоров выпустил новую песню, Linkin Park поедут в тур, а Ольга Бузова показала сына-подростка





Персональные новости
Динамо

«Динамо» возглавило турнирную таблицу РПЛ после победы над «Сочи»





Жапаровдун айрым тарапкерлери парламентке келишти

Azattyk.org 

Садыр Жапаровдун 10-15 аял тарапкери Бишкектеги Ала-Тоо аянтынан  Жогорку Кеңештин батыш тарабына келип, президент Сооронбай Жээнбековдун кабыл алышын талап кылышууда. Азырынча бийлик өкүлдөрүнөн эч ким чыккан жок. Аянтта митинг уланып жатат. Садыр Жапаровдун агасы Сабыр Жапаров акциянын катышуучуларын тароого чакырды. Бирок митингчилер тароодон баш тартып жатышат. Айрымдары Жапаров кармалган түрмөгө барууга чакырышууда.  Буга чейин Ички иштер министрлиги митинг учурунда мыйзамга каршы иш кылып... Читать дальше...

Ала-Тоо аянтынын тегерегинде күч кызматкерлери чогулууда

Azattyk.org 

Борбордук Ала-Тоо аянтынын тегерегинде атайын каражаттар менен жабдылган күч кызматкерлери чогулуп жатат. Панфилов паркынын жанында бир топту, Эски аянт жакта бир топту көрүүгө болот. Алардын көбү колуна калкан, газдан коргоочу бет кап, атайын коргоочу баш кийим кийип алган.   2-мартта Ала-Тоо аянтында экс-депутат Садыр Жапаровду бошотууну талап кылган митинг өтүп жатат. Ага болжол менен 3 миңден ашуун адам катышып жатканын акцияга мониторинг жүргүзүп жаткан «Кылым шамы» укук коргоо уюмунун төрайымы Азиза Абдирасулова билдирди. Читать дальше...

Абдирасулова: митингдин катышуучулары чагымга алдырбашы керек

Azattyk.org 

Экс-депутат Садыр Жапаровду бошотууну талап кылган митингге болжол менен 3 миңден ашуун адам катышууда. Бул тууралуу акцияга мониторинг жүргүзүп жаткан «Кылым шамы» укук коргоо уюмунун төрайымы Азиза Абдирасулова билдирди. Анын айтымында, акциянын катышуучулары чагымга алдырбай, коомдук тартипти сактоого көңүл бурушу керек.  «Эгер чагымга алдырбаса, конституциялык түзүлүшкө, адам өмүрүнө коркунуч келтирген чакырыктар айтылбаса бүгүнкү митингди тынч маанайдагы деп баалайм», - деди укук коргоочу. Читать дальше...

БШК: Тажикстанда шайлоодо бийликтеги партия жеңди

Azattyk.org 

Тажикстандын Борбордук шайлоо комиссиясы 1-марттагы парламенттик шайлоодо бийликтеги партия жеңгенин жарыялады. Комиссиянын төрагасы Бахтиёр Худоёрзода шайлоого катышкан 4 миллиондой шайлоочунун 50,4% президент Эмомали Рахмондун Элдик демократиялык партиясы үчүн добуш бергенин айтты. Ал шайлоого жалпы добуш берүүчүлөрдүн 86% катышканын кошумчалады. Агрардык партия 63 орундуу парламентте төрт депутаттык мандатын сактап калды. Ага шайлоочулардын 16,5% добуш берди. Ушундай эле көрсөткүчкө «Экономикалык реформалар» партиясы ээ болду. Читать дальше...

"Балдардын семириши кооптуу жышаан"

Azattyk.org 

25-26-февралда Бишкектеги балдардын жаңы ачылган "Memorial Kids" ооруканасына Анкарадан профессор, балдар эндокринологу Эргүн Четинкая келди. Түрк дарыгери балдар арасындагы эндокринологиялык оорулар Кыргызстанда жетиштүү дарыланбай жатканын белгиледи. Мамлекет бул көйгөйдү адистерди окутуу жолу менен чече аларын айтты.

Спорт в России и мире
Москва

Открытый московский фестиваль конного искусства и спорта пройдет на ВДНХ


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
Андрей Рублёв

На кураже: Рублёв пробился в финал «Мастерса» в Мадриде, Медведев снялся из-за травмы


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

Ежемесячную денежную выплату получают более 1,6 млн пострадавших от радиации





Путин в России и мире
Москва

В городах России выступят летом юные вокалистки из Приамурья


Лукашенко в Беларуси и мире
Минск

Польский судья Шмидт попросил защиты у Лукашенко и политического убежища в Белоруссии




123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире

Навальный в России и мире


Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Анна Нетребко

Почему муж Анны Нетребко женился на 70-летней певице и куда пропала оперная дива?



Москва

Ощутимая розница

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net