Мигранттар бийликке кайрылды
Орусияда жана башка өлкөлөрдө иштеген мигранттар менен коомдук уюмдардын өкүлдөрү бүгүн Бишкекте «Мигрант үнү» деген тынчтык акциясын өткөрүштү. Алар миграция көйгөйүн чечүү жолдорун бийликке сунушташты. Миграциялык улуттук концепция түзүлбөсө, өлкөнүн келечеги бүдөмүк деген ойлорун ортого салды. Акцияны "Замандаш" Ассоциациясы уюштурду.