Президент Токаев Арыска учуп кетти, бир адам каза тапты
Арыс шаарындагы жарылуудан бир киши каза тапканын Түркстан облусунун акими Өмүрзак Шокеев билдирди. Анын айтымында, каза тапкан адамдын автоунаасына снаряд түшкөн.
Президент Касым-Жомарт Токаев Арыс шаарындагы ок-дары сакталган кампадагы жарылуудан кийинки абалдан жеринен кабар алуу үчүн Түркстан облусуна учуп кетти. Бул тууралуу анын басма сөз катчысы Берик Уали "Фейсбуктагы" баракчасына жазды. Ага ылайык, президентти вице-премьер-министр Женис Касымбек баштаган өкмөт өкүлдөрү коштоп жүрөт.
Мунун алдында Токаев коргоо министрине, ички иштер министрине жана Түркстан облусунун башчысына жарылуунун кесепетин жоюу үчүн чукул чараларды көрүүнү, тургундардын коопсуздугун камсыздоону жана жарылуунун себептерин тактоону тапшырган.