Египеттин мурдагы президенти Мухаммад Мурси сот залында көз жумду
Египеттин экс-президенти жана «Мусулман агайындарынын» мурдагы лидери Мухаммад Мурси 17-июнда көз жумду. Египеттин мамлекеттик телеканалы кабарлагандай, 67 жаштагы Мурси анын тыңчылык иши боюнча сот жараяны өтүп жаткан учурда эсин жоготуп, мүрт кеткен.
Мурси бир катар иштер, анын ичинде палестиналык радикал «ХАМАС» тобу жана ливандык «Хезболла» уюму менен байланышта деген айыптар боюнча соттолуп жаткан.
Мурси «Араб жазы» учурунда Хосни Мубарак бийликтен кулатылгандан кийин, 2012-жылы президенттик шайлоодо жеңип, Египет тарыхында демократиялык жол менен келген алгачкы жетекчи болуп калган. Бирок бир жылдан кийин аскердик төңкөрүштүн жыйынтыгында кызматтан кетирилип, «Мусулман агайындары» кыймылынын мүчөлөрү жана башка тарапкерлери куугунтуктоолорго кабылган. Анын ордуна азыркы президент Абдул-Фаттах ас-Сиси бийликке келген.
2015-жылы апрелде Мухаммад Мурси президент болуп турган кезде демонстранттарды камоого жана кыйноого буйрук берген деп табылып, 20 жылга соттолгон.