"Азаттыктын" иликтөөсү боюнча тергөө тобу түзүлдү
![](https://gdb.rferl.org/D3703DE7-8318-44FD-8B15-3165A2AF5402_w800_h450.jpg)
Өкмөткө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) «Азаттыктын» «Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи» деген иликтөөсүнө байланыштуу тергөө тобун түздү. Аны мекеменин ага тергөөчүсү Руслан Качканаков жетектей турган болду. Бул тууралуу Качканаков "Азаттыкка" билдирди.
Бүгүн, 4-июнда өкмөттө премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин катышуусунда «Азаттык» радиосунун иликтөөсүндө айтылган фактыларды текшерүүнүн жүрүшү боюнча кеңешме өткөн. Абылгазиев тиешелүү органдарга териштирүүнү тездетүүнү тапшырган. Өкмөттүн маалымат кызматы жыйында Финансылык чалгындоо кызматынын төрагасы Гүламжан Анарбаев иликтөөдө айтылган акча каражаттарын чыгарып кетүү фактылары боюнча мекеменин корутундусу 2014-жылы эле Ички иштер министрлигине өткөрүлүп берилгенин, 2016-жылы ал корутунду кайра Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматка (Финансы полициясы) жиберилгенин айтканын билдирген.
Учурда Финансылык чалгындоо кызматы Финансы полициясы менен кошо 700 миллион долларды Кыргызстандан чыгарып кетүү фактыларын кайра иликтеп жатканы белгилүү болгон.
«Азаттык» 29-майда жарыялаган «Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи» аттуу иликтөөдө мамлекеттен чыгарылып кеткен миллиондогон долларга Матраимовдордун ыктымалдуу катышы бар экени айтылган.
Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов 3-июнда иликтөөдө айтылгандар чындыкка дал келбей турганын, ага-инилери менен жасап жаткан иштери мыйзам чегинде экенин билдирди. (NT)