Ашраф Гани июнь айынын акырында Пакистанга барат
Ооганстандын президенти Ашраф Гани 4-июнда айт намазынан кийин билдиргендей, ал 27-июнда эки тараптуу кызматташтыкты өркүндөтүү максатында Пакистанга барат. Анын сапары тууралуу Сауд Арабиясында өткөн жумада өткөн Ислам Кызматташтык Уюмунун саммитинин алкагында Пакистандын премьер-министри Имран Хан менен жолукканда талкууланган. Кабул кошунасы Пакистанды «Ооганстанда чабуулдарды уюштуруп келе жаткан «Талибанды» өз аймагында жашырат» деп айыптап келет. Гани көп жылдык ишенбестик мамиле эми тынчтыкка... Читать дальше...