Мы в Telegram
Добавить новость
123ru.net
World News in Kyrgyz
Февраль
2019

Новости за 14.02.2019

АКШ менен Кытай соода келишимин түзүү боюнча сүйлөшүүдө

Azattyk.org 

АКШ менен Кытайдын өкүлдөрү Бээжинде эки тараптуу соода келишимин түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдүн акыркы айлампасын өткөрүп жатышат. АКШнын финансы министри Стивен Мнучиндин Кытай премьер-министринин орун басары Лю Хэ менен эки күндүк жолугушуусу бейшембиде башталды. Финансы министри Кытайга АКШнын соода өкүлү Роберт Лайтхайзер баштаган адамдар менен келди. Стивен Мнучин сүйлөшүүлөрдүн алдында ал “натыйжалуу жолугушуу болот” деп үмүттөнүп жатканын билдирди. АКШ 1-январдан тартып Кытайдын 200 миллиард... Читать дальше...

Паспорттон чыккан тиреш

Azattyk.org 

Кыргызстанда электрондук паспорт даярдачу компанияны тандоо боюнча тендерге катышып утулуп калган германиялык «Muhlbauer» жана франциялык «IDEMIA France» компанияларынын арыздарын Финансы министрлигинин Мамлекеттик сатып алуу департаментине караштуу комиссия териштирип жатат. Бул тууралуу «Muhlbauer» компаниясынын менежери Шандор Ковт «Азаттыкка» кабарлады.

Орусия Кыргызстандан эт жана эт азыктарын алып кирүүгө уруксат берди

Azattyk.org 

Орусиянын Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл боюнча федералдык кызматы Кыргызстанда эпизоотикалык абал жакшырганына байланыштуу эт жана эт азыктарын алып кирүү боюнча мурда салынган чектөөсүн 11-февралдан тартып алып салды. Бул тууралуу Кыргызстандын Ветеринария жана фитосанитария коопсуздугу боюнча мамлекеттик инспекциянын басма сөз катчысы Рахат Садырбекова "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, бул эки тараптуу көптөгөн сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында жана өлкөдө эпизоотикалык абалдын жөнгө салынуусу менен ишке ашты. Читать дальше...



Касеми: Иран элинин уулдары террордук кол салууда шейит кеткен адамдардын өлүмү үчүн өч алат

Ca-irnews.com (kg) 

Ирандын тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Бахрам Касеми Иран элинин уулдары өлкөнүн Систан жана Белужистан провинциясындагы террордук кол салууда шейит кеткен адамдардын өлүмү үчүн өч алат деп билдирди.

Башкы прокурор: карыздан кутулуш үчүн электр баасын көтөрүүгө туура келет

Azattyk.org 

14-февралда башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов парламентте Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодогу коррупция боюнча маалымат берип жатып, кылмыш ишинин экономикага тийгизген таасирине да токтолду:  - Эми экономикалык жагын карап көрөлү. Карызга алынган 386 млн. доллардын натыйжалуу пайдаланышы жана өзүн акташы маселе болуп турат. Анткени ЖЭБде өндүрүлгөн электр энергиясынын өздүк наркы эки сом токсон тыйын. Ал эми сатуу наркы жетимиш тыйын. Демек, карыздан кутулуш үчүн электр энергиясынын баасын көтөрүш керек болот. Читать дальше...

Талибдер Пакистанда АКШнын өкүлдөрү менен жолугушаарын билдирди

Azattyk.org 

"Талибан" кыймылынын мүчөлөрү Ооганстанда тынчтык орнотуу боюнча АКШнын өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөр 18-февралда Пакистанда боло турганын жарыялашты. Талибдердин басма сөз катчысы Забихулла Мужахид 13-февралда жолугушуу Пакистандын борбору Исламабадда боло турганын билдирди. 25-февралда тараптар Катарда сүйлөшүүгө чогула турганы айтылган. Забихулла Мужахид талибдер Пакистандын премьер-министри Имран Хан менен пакистан-ооган мамилесин талкуулаш үчүн жолугуша турганын да айтты.  АКШ Мамлекеттик департаментинин... Читать дальше...

Улуттук спорт дирекциясын Айбек Ажигулов жетектейт

Azattyk.org 

Айбек Ажигулов эмгек жамаатына 14-февралда тааныштырылды. Иш-чарага Жаштар, дене тарбия жана спорт агенттигинин жетекчиси Канат Аманкулов катышты. Айбек Ажигулов бул кызматка эки жылдык мөөнөткө дайындалды.  Айбек Ажигулов 54 жашта. Мурда ички иштер тармагында иштеген. 2017-жылы Бишкектеги Олимпиадалык резервдер мектебинде жетекчинин орун басары болуп иштеген.  Улуттук спорт дирекциясын буга чейин Токсонбай Асанов жетектеген. Ал жакында башка ишке которулганы үчүн кызматтан кеткен.



Кызыл жарым ай коому Баткен облусуна медициналык диагностикалык жабдуу берди

Azattyk.org 

Кызыл жарым ай коому берген медициналык диагностикалык жабдуу Кадамжай жана Лейлек райондорунун үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлоруна тапшырылды. Бул демилге Кыргызстандын Кызыл жарым ай коому жана Швейцария Кызыл чырым коомунун колдоосу менен бирге ишке ашты.  14-февралда берилген жабдуунун ичинен медициналык жабдыктар көздүн көрүүсүнө коюлган диагноздун сапатын жогорулатууга мүмкүнчүлүк берет жана баштапкы көрүнүүгө кеткен убакытты үнөмдөйт. Ушундай эле медициналык жабдуу Ош жана Жала-Абад облустарынын ооруканаларына да тапшырылат. Читать дальше...

"Кентаврдагы" жан дүйнөнүн кыяматы

Azattyk.org 

Адеп баштаганда эле кино дүйнөсүнө өзгөчө үнү менен келген белгилүү режиссер Актан Арым Кубаттын соңку тасмасы «Кентавр» кайсы бир даражада мындан мурда тартылган картинасы «Свет акенин» уландысы, адабияттын тили менен айтканда, анын континууму десек жаңылышпайбыз.

Чүйдө немис жараны изделүүдө

Azattyk.org 

Аламүдүн райондук милициясы 1984-жылы туулган Вилли Райфшнайдерге издөө жарыялады. Анын Германиядагы туугандары дайынсыз жоголгон уулун табууга көмөктөшүүсүн өтүнүп, милицияга кайрылган. Вилли Райфшнайдер 2016-жылдан 2018-жылга чейин Бишкекте жашаган. Жакындары менен акыркы жолу 2018-жылы ноябрда байланышкан боюнча дайынсыз. Акыркы жашаган жери Аламүдүн районунун Лебединовка айылы болгон. Милициянын маалыматы боюнча, Виллинин бою 165-170 см, арык чырай, кара чачтары далысына түшүп турган.

Каракол: окуучунун өлүмүнө шектүүлөр камакка алынды

Azattyk.org 

13-февралда Каракол шаардык соту шаардык ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматында Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин 1-бөлүгү менен сотко чейинки өндүрүшүндө каралып жаткан материалдардын негизинде, кылмышка байланыштуу шек саналып жаткан беш баланы камакка алуу жөнүндө чечим чыгарды. Бул тууралуу "Азаттыкка" Ысык-Көл облустук милициясынын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов билдирди. Д.А., А.А. жана К.А. карата бөгөт чарасы катары эки айга камакка алуу тандалып алынды, ал эми Т.Т. жана Т.Э. Читать дальше...

Алгачкы сүйүүңүз эсиңиздеби?

Azattyk.org 

Махабат күнүндө бири-бирине ыйык сезимдерин билдиргендер да, аны эстегендер да арбын. "Азаттык" Бишкек көчөсүндө айрымдардан алгачкы махабатын эске салууну өтүндү.

Адамкул Жунусов дагы эки айга абакта калды

Azattyk.org 

Биринчи май райондук соту 30-январда Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы төрагасы Адамкул Жунусовду 4-апрелге чейин тергөө абагында калтыруу жөнүндө чечим чыгарган. Бул маалыматты Экономикалык кылмыштар менен күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финполиция) "Азаттыкка" ырастады. Ага ылайык, Адамкул Жунусов козголгон кылмыш ишинин алкагында тергөө жүрүп жаткан учурда, 4-апрелге чейин абакта калтырылды. Адамкул Жунусов 28-декабрда Кыргызстанга Бакудан алынып келген.  Башкы прокуратура июль айында Мамлекеттик... Читать дальше...

«Эмаком холдинг»: Ленин-351 дарегине турак-жай курууга уруксат кагаз бериле элек

Azattyk.org 

Ош шаарындагы Ленин көчөсүнүн №351 дарегине тургузулуп жаткан курулуш боюнча аталган курулуштун ээси "Эмаком холдинг" компаниясы 14-февралда маалымат таратты. Анда компаниянын жетекчилиги ал даректеги эски имарат жараксыз деп табылганын, жашоого мүмкүн болбой калганын белгилеген. Мындан тышкары компания ал үйдө жашаган 100дөн ашуун үй-бүлөгө башка жакта жашап жатканы үчүн акча төлөп берип жатканын да кошумчалаган. Компания тараткан маалыматта: "Азырынча канча кабат үй куруш керек экени тууралуу эреже жок. Читать дальше...

Карыпбеков: КТРКнын жамаатын эч нерсе деп кыйнаган жокмун

Azattyk.org 

Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору Илим Карыпбеков өзү тууралуу айтылып жаткан кептерге жооп берди. Анын айтымында, ал кийинки мөөнөткө калыш үчүн эмгек жамаатына кайрылган эмес. - Башкы директордун тагдыры ачык сынак менен жашыруун добуш берүү аркылуу чечилет, - деди ал. - Мен ошону түшүнүп туруп ошондой иш кылмак белем? Акыркы күндөрү айрым топтор мени кайра сынакка тапшыртпоого аракет кылып жатышат. Колунан келишинче каралап жатат. Илим Карыпбеков кайрадан сынакка катышып-катышпасын чече элек экенин кошумчалады. Читать дальше...


Музыкальные новости
Григорий Лепс

Григорий Лепс выступит в Челябинске в День Победы





Персональные новости
Чемпионат

Магаданцы завоевали медали на Чемпионате России по борьбе джиу-джитсу





Сирия: жоочулардын кесепети элге тийди

Azattyk.org 

"Ислам мамлекети" террордук тобунун акыркы чордону саналган Сириянын чыгышындагы Багхуз кыштагынан жүздөгөн адамдар качып чыгууда. АКШ колдогон күрт күчтөрү бул аймактагы согушкерлерди бутага алган операциясын алты күн мурда баштаган.

Эки колунан ажыраган жоокер боюнча сот болуп жатат

Azattyk.org 

Жалал-Абад облусттук сотунда Майлуу-Суу шаарында кызмат учурунда токко урунуп, эки колу кесилген жоокер Руслан Сапарбаев боюнча отурум өтүүдө. Бул тууралуу сотко катышып жаткан укук коргоочу Азиза Абдрасулова маалымдады. Соттук териштирүү 13-февралда башталган. №30295 аскер бөлүгүндө кызмат кылган Сапарбаев 2018-жылдын 8-август айында кезмет учурунда токко урунган. Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабы кырсыкка аскер өзү күнөөлүү экенин, ал тыюу салынган электр көмөк чордонуна кирип, трансформаторго колун салып алганын билдирген. Читать дальше...

Тажигүл: Кыргыздын сулууларын тарта берем

Azattyk.org 

Жыйырмадан ашык жеке сүрөт көргөзмөсүн уюштурган Тажыгүл Күнтүз Түркияда жашаган кыргыз сүрөтчү. Ал чыгармаларында кыргыз аялдарынын образын тартат. Анын сүрөттөрү зер буюмдар жана курак менен кооздолуп, бул ыкма аны башка сүрөтчүлөрдөн айырмалап турат. Тажыгүл Күнтүз чакан чеберканасында жергиликтүү түрк аялдарга дагы сүрөт тартканды үйрөтөт.

Жамшитов: ЖЭБдеги коррупцияга экс-президенттин тиешесине укуктук баа берилет

Azattyk.org 

Бул кылмыш иши боюнча экс-президенттин орду тууралуу материалдар өзүнчө бөлүнүп алынган. Бул тууралуу башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов бүгүн парламентте депутат Алмаз Токторовдун суроосуна жооп берип жатып билдирди:  - "Коррупция" беренеси боюнча Исаковго уюштуруучу деген айып тагылган. Анын экс-президент менен жазышкан каттары бар. Бул жерде мамлекеттин кызыкчылыгына олуттуу зыян келгендиктен, "Коррупция" беренеси боюнча тергелип жатат. Экс-президентке караштуу материалдар өзүнчө бөлүнүп алынды. Читать дальше...

Спорт в России и мире
Москва

Жулин заявил, что ему нужен миллион рублей для комфортной жизни в Москве


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
Ирина Шиманович

Шиманович пробилась в ⅛ финала теннисного турнира в Сен-Мало


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

Изменение климата обойдется человечеству в 35 трлн долларов в год





Путин в России и мире
Москва

Эксперт Президентской академии в Санкт-Петербурге о развитии социально-экономического потенциала территорий России


Лукашенко в Беларуси и мире
Минск

В Минске одобрен проект соглашения о системе таможенного транзита ЕАЭС




123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире

Навальный в России и мире


Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Анастасия Волочкова

«Мой рай»: Волочкова уединилась с тайным спутником на Мальдивах



Москва

Астролог Шалева рассказала, для чего подходит период ретроградного Плутона

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net