Абылгазиев: "Коопсуз шаар" жыл аягына чейин бардык шаарларда иштейт
12-февралда Бишкектеги 10 жерде жол кыймыл коопсуздугун көзөмөлдөөчү камера ишке кирди. Жакын арада дагы 28 жерге коюлган камералар иштей баштайт. Бул тууралуу 13-февралда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев журналисттерге билдирди. Өкмөт башчынын айтуусунда, "Коопсуз шаар" долбоорунун баш калаадагы төрт баскычы аягына чыккан соң, башка шаарларга киргизүү боюнча тендер жарыяланат. "Биринчи кезекте Ош шаары турат, ошондой эле жол кырсыгы көп катталган ири магистралдарга, облустук борборлорго... Читать дальше...