КТРКнын директорлугуна ат салышкан 17 талапкер кийинки баскычка өттү
Коомдук телерадио корпорациясынын (КТРК) Байкоочу кеңеши телеканалдын директорлугуна талапкерлер болгон 17 кишини аңгемелешүү турунан өткөрдү.
28-февралдагы олтурумда учурдагы директор Илим Карыпбеков өз арызын кайтарып алды. Байкоочу кеңеши добуш берүү аркылуу ошондой эле Каарманбек Кулуевди да талапкерлердин тизмесинен чететти. Кеңештин мүчөлөрү талапкердин аңгемелешүүгө скайп аркылуу катышууга укугу жок деп тапты.
Натыйжада калган талапкерлер:
Мирбек Мурзабеков,
Мирлан Самыйкожо,
Болотбек Тиллебаев,
Ибраим Нуракун уулу,
Малика Курманова,
Галина Байтерекова,
Куттумидин Базаркулов,
Адил Турдукулов,
Алим Токторов,
Сюита Соурбаева,
Дүйшөк Мамбетөмүров,
Сураган Досумбаев,
Ишен Айтмамбетов,
Абдухалил Акматов,
Замирбек Казакпай уулу,
Эркинай Эшанкулова,
Жайнак уулу Үсөн.
Алар 1-мартта өз программалары менен тааныштырат.
КТРКнын Байкоочу кеңеши 18-февралда башкы директорлукка талапкерлерден келип түшкөн арыздарды карап, жалпысынан 22 адам документ тапшырганын айткан. Алардын үчөө, Элдар Аттокуров, Бөлөкбай Шеримбеков жана Жылдыз Муслимова документтери толук болбогондуктан сынакка катышуу укугунан ажыратылган. (TSh\ErN)