Юлия Скрипалдын видео кайрылуусу чыкты
Орусиялык мурдагы тыңчы Сергей Скрипалдын кызы Юлия кечээ медиа үчүн билдирүү жасады. Атасы экөө уландырылгандан кийин ооруканага жатып чыккан Юлия өмүрүнө кол салуу жашоосун өзгөрткөнүн, аларга каршы нервди шал кылчу зат колдонулганына таң калаарын айтты. Британиянын Солсбери шаарында болгон бул окуя үчүн Лондон Москваны күнөөлөп келсе, орус бийлиги муну четке кагууда.