"Гараж 312" түнкү клубунда маңзат менен кармалгандардын иши сотко өттү
Бишкектеги “Гараж 312” түнкү клубунун маңзатты мыйзамсыз сатып жүргөн деген шек менен камакка алынган ээсинин жана кызматкерлеринин иши сотко өттү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев “Азаттыкка” билдирди.
ИИМдин Маңзаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы 21-январга караган түнү Бишкектеги “Гараж 312” түнкү клубунда атайын операция жүргүзүп, алты адамды "маңзат жана психотроптук заттарды мыйзамсыз сатып жүргөн" деген шек менен камакка алган. Түнкү клубдун "алып баруучусунан, барменден жана айрым официанттардан тыюу салынган маңзат алынды" деп кабарланган.
Кийин Бишкектин Биринчи Май райондук соту "Гараж 312" түнкү клубунун ээсин, эки барменди жана алып баруучуну эки айга камакка алууга санкция берген.
Окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 247-беренеси ("Маңзаттарды, психотроптук заттарды мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу, жөнөтүү"), 252 ("Маңзаттарды же психотроптук заттарды колдонуш үчүн көмүскө жайларды уюштуруу") беренелери боюнча иш козголгон. Беш кишиге айып тагылды. (ErN)