Кара-Кулжада катуу шамалдан беш жаштагы кыз жабыркады
Райондун Карагус айыл аймагында 23-май күнү саат 19:50 чамасында болгон катуу шамалдын кесепетинен Жаңы-Талаа айылында беш жаштагы А.Ы. аттуу кызды талдын шагы басып, райондук ооруканага жеткирилген, учурда абалы жакшы. Мындан тышкары шамал 15 үйдүн, 13 сарайдын шиферин учурган.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жергиликтүү жетекчилиги жана Жарандык коргонуу комиссиясы кырсыктын кесепеттерин тактап жатышат.
23-майда нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен өлкөнүн айрым аймактарында сел жүргөнү кабарланууда. Адамдардан жабыркагандар жок. (ZKo)