Акаев: Бажыда башаламандык болуп жатат
Бүгүнкү парламент жыйынында депутат Жанарбек Акаев "Бажы кызматында кадрдык башаламандыктар, өткөрмө бекеттеринде коррупция орун алып жатат" деп кескин сындап чыкты.
- Оңолбеков дегенди бажынын башчылыгына алып келдиңер. Кулматовго өчөшүп иштегенине отуз күн болгон же өмүр бою иштеп келгендердин кызматтан алчусун алып, өзүм билемдик кылып атат. Оштон айдоочулар, ишкерлер айтып жатат. Баягыдай коррупциялык система кайра башталды,- деди Акаев
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин 14-майдагы буйругуна ылайык Кубанычбек Кулматов кызматынан өз каалоосу менен кетип, ордуна Алмаз Оңолбеков дайындалган. Оңолбеков болсо бажы тармагында чейрек кылымга жакын иштеген. Ал эми кызматынан кеткен Кубанычбек Кулматов кийинчерээк саясий себепке байланыштуу өз арызы менен кетүүгө аргасыз болгонун айтып чыкты. (TSh)