Режиссер Олег Сенцовду бошотууну талап кылган дүйнөлүк акция өтөт
Украин активисттери Орусияда соттолгон украиналык режиссер Олег Сенцовду бошотууну талап кылган "Олег Сенцовду коргоо" (#SaveOlegSentsov) деген ат менен дүйнөлүк акция өткөрүшөрүн кабарлашты. Алар 1-2-июнда боло турган акция Орусиядагы футбол боюнча дүйнө чемпионатын утурлай өткөрүлүп жатканын белгилешүүдө.
“Биз дүйнөдөгү бардык шаарларда бейкүнөө адамдарды мыйзамсыз камап жаткан Путиндин режими үчүн кызыл карта көрсөтөбүз” дешти активисттер.
Шаршембиде Москвадагы көпүрөдө Олег Сенцовду бошотууну талап кылган баннер илингенин “Дождь” телеканалы кабарлады.
Сенцов учурда Ямало-Ненецк автоном аймагындагы түрмөдө камакта отурат. Аны Крымдан Орусиянын күч түзүмдөрү 2014-жылдын жазында уурдап кетишкен. 2015-жылы аны орус соту аннексияланган "Крым жарым аралында террорчул уюм түзүүнү көздөгөн" деген айып менен 20 жылга эркинен ажыраткан. Режиссер мындай дооматты четке каккан. Ал эми «Мемориал» укук коргоо уюму режиссерду саясий негизде куугунтукталгандардын тизмесине киргизген.
Олег Сенцов 14-майда Орусияда саясий негизде эркинен ажыратылган 64 украиналык жаранды бошотууну талап кылып мөөнөтсүз ачкачылык жарыялаган.