Помпео АКШнын Ирандын өзөктүк программасы боюнча жаңы стратегиясын жарыялайт
АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео 21-майда АКШнын Иран боюнча жаңы стратегиясын жарыялайт. Помпео Ирандын өзөктүк программасы боюнча жаңы макулдашуу тууралуу “дипломатиялык жол картаны” Вашингтондогу Heritage фондунда жарыялайт деп күтүлүп жатат.
“Жаңы стратегия Ирандын жалпы коркунучун чечүүнү камтыйт” деп билдирген өткөн жумада Мамлекеттик департаменттин өкүлү.
2015-жылы Иран дүйнөнүн алты ири державасы: АКШ, Кытай, Франция, Орусия, Британия, Германия менен кол койгон келишимге ылайык, Тегеран өзөктүк программасын чектөөгө көнүп, мунун ордуна ага каршы киргизилген эл аралык санкциялар жоюлган. Бирок 8-майда АКШ көп тараптуу бул келишимден чыгарын жарыялап, өз кадамын документ Иранды өзөктүк куралга ээ болуудан токтото албасы менен түшүндүргөн.
Келишимге кол койгон башка өлкөлөр аны сактап калуу ниеттерин билдиришкен.
Президент Дональд Трамп Иранга каршы экономикалык санкцияларды калыбына келтирүүнү караган документке да кол койгон.
Евробиримдик Иранда бизнес жүргүзгөн европалык фирмаларды АКШ санкцияларынын таасиринен коргой турган эрежени кайра активдештирүү жараянын 18-майда баштаган.