Ирак: парламенттик шайлоодо эки миңден ашуун аял талапкер бар
Иракта бүгүн, 12 майда парламенттик шайлоо өтүүдө. Бул - Багдад "Ислам мамлекети" террордук тобун жеңгенин жарыялагандан кийинки алгачкы шайлоо. Мамлекет аталган террордук топту жеңгенин былтыр декабрда билдирген.
Алдын ала сурамжылоолорго караганда өкмөт башчы Хайдар ал-Абади жетектеген альянс башкаларга салыштырмалуу көбүрөөк добуш алышы мүмкүн.
Шайлоодо күч сынашып жаткандар арасында 300дөн ашуун саясий топтор, жеке тараптар кошулуп 7 миң талапкер бар. Анын 2011и аялдар. Алар парламенттеги 329 орун үчүн ат салышууда. Өлкөдө 20 миллиондон ашуун жаран добуш берүү укугуна ээ. Жыйынтык 13-майда жарыяланат.
Мамлекетте 900 миң күч кызматкери коопсуздукка көз салууда. 11-майдын түнүндө бардык аэропорттор жабылган.