Орусиянын бомбалоочу учактары АКШ аймагына жакын учту
АКШнын F-22 үлгүсүндөгү кыйратуучу учактары Орусиянын ТУ-95 үлгүсүндөгү бомбалоочу учактарын Аляска штатына жакын жээктерде артка кайтарды. Окуя жума күнү болду.
CNN телеканалы кабарлагандай, орус учактары Алясканын жээктерине 300 чакырымдай жакындаганда АКШ учактары абага көтөрүлгөн.
АКШнын аскердик мекемесинин өкүлдөрү орус учактары аба мейкиндигин бузбаганын, эл аралык аймактан өткөнүн белгилешүүдө. Орусиянын Коргоо министрлигинин өкүлдөрү да учактар бейтарап деп таанылган аймактан өткөнүн маалымдашты.