Лиссабондо бүгүн "Eurovision" ыр сынагынын финалы болот
12-майдын кечинде Португалия борбору Лиссабондо "Eurovision" ыр сынагынын финалы болот. Анда 26 мамлекеттин ырчылары күч сынашат. Таймашка жалпысынан 43 мамлекет аттанган. Жарым финалдар 8-майда жана 10-майда өтүп, мыктылар иргеп алынды.
Быйылкы сынакта Кипр, Израил, Норвегиянын ырчылары негизги фавориттердин башында.
Орусия 2000-жылдан бери алгач ирет быйыл финалга өтпөй калды. Бул өлкөнүн атынан тубаса майып Юлия Самойлова барган эле.
Расмий ачылышы 7-майда болгон "Eurovision" быйыл океанга арналгандыктан катышуучулар кызыл эмес, көк килемден өтүштү. Сынактын урааны "All aboard", кыргызча "Кеме бортуна бирге" деген маанини берет.
"Eurovision" сынагы 1956-жылдан бери такай уюштурулуп келаткан популярдуу шоу болуп саналат. Былтыр португалиялык Салвадор Собрал уткан. (SE)