Ирактагы шайлоо тилкесинде теракт чабуулу токтотулду
Ирактын күч түзүмдөрү шайлоо тилкелеринин биринде теракт жасоону пландаган эки жоочуну жок кылды. "Ас-Сумария" телеканалы кабарлагандай, Дияла аймагындагы добушканага жардыргыч заты бар кур тагынып, автомат көтөргөн белгисиз кишилер кол салууга аракет кылган. Күч кызматкерлери аларды өлтүргөн. Аймакты 30 миңдей аскер жана полициячы көзөмөлгө алды.
"Ал-Хадас" телеканалынын эсебине ылайык, өлкө бойлой 11-майдан тарта күчөтүлгөн тартипте иштеп жаткан коопсуздук кызматкерлеринин саны миллион чамалуу.
Иракта бүгүн, 12-майда парламенттик шайлоо өтүүдө. Парламенттеги 328 орунга 7,4 миң талапкер ат салышууда. Бийликке келүүгө 320 партия, альянстарн жана көз каранды эмес талапкерлер бел байлаган . Иракта 24 миллиондой адам добуш берүүгө укуктуу.
2003-жылы Саддам Хуссейндин режими кулагандан кийин Ирак ушуну менен төртүнчү жолу шайлоо өткөрүп жатат. (SE)