Ысык-Көлдө пансионатта ууланган 16 киши ооруканада жатат
Ысык-Көл райондук аймактык оорукананын инфекциялык бөлүмүнө уулануу белгилери менен кайрылган 24 кишинин он алтысы бейтапканадан чыга элек. Алардын абалдары канааттандыраарлык. Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, ооруканадан чыгарылган сегиз кишинин жетөө Иран, Ирак, Бириккен Араб Эмирлигинен келген спортчулар, бирөө "Аврора" санаторийинин кызматкери.
Ууланууга байланыштуу Ысык-Көл аймактык ооруканасынын башкы дарыгерине, санаторийдин директору баштаган жооптуу кызматкерлерге айыппул салынды. Жабыркагандар тамактан уууланган деген шек бар. Алдын ала лабораториялык иликтөө тамакта сальмонелла бардыгын көрсөткөн.
Ысык-Көлдөгү “Аврора” санаторийинде кикбоксинг боюнча Азия чемпионатына келген чет өлкөлүк спортчулар ууланганы 8-майда белгилүү болгон. (NT)