Трамп: АКШ Иран келишиминен чыгат
Президент Дональд Трамп бул тууралуу бир аз мурда Ак үйдөн жарыялады. Ал билдиргендей, АКШ Ирандын өзөктүк программасы боюнча 2015-жылы түзүлгөн көп тараптуу келишимден чыгат.
АКШ президенти ошондой эле Вашингтон Иранга өзөктүк программасынан улам киргизилген экономикалык санкцияларды калыбына келтире турганын да жарыялады жана бул тууралуу жардыкка дароо эле кол койду.
АКШнын өзүндөгү мыйзам талабы боюнча президент Иран менен 2015-жылы түзүлгөн көп тараптуу келишимдин шарттары аткарылып же аткарылбай жатканын Конгресске токсон күн сайын ырастап турууга тийиш.
Мындан тышкары, ал Тегеранга АКШнын санкцияларынан жеңилдик берген документке кол коюп турушу керек эле. Кезектеги ошол мөөнөт 12-майда келмек.
Трамп өзү жана анын администрация өкүлдөрү буга чейин Иранды баллистикалык ракеталарын өнүктүрүү жана аны сыноо менен өзөктүк келишимдин “маңызын бузду” деп айыптап жүрүшкөн.
Расмий Тегеран болсо акыркы апталарда АКШ эгер келишимден чыкса “өкүнөрүн” эскертип жаткан.
2015-жылы Иран дүйнөнүн алты ири державасы: АКШ, Кытай, Франция, Орусия, Британия, Германия менен кол койгон келишимге ылайык, өзөктүк программасын чектөөгө көнүп, мунун ордуна ага каршы киргизилген эл аралык санкциялар жоюлган.
Ошондон кийин 2016-жылдан тартып Ирандын Европа жана Азия менен ишкерлик алкалары жанданып, ал азыр дүйнөдө күнүнө өндүрүлгөн 98 миллион баррел мунайдын 4 миллион баррелге жакынын берүүдө.
Айрым талдоочулардын болжолунда, АКШнын санкциялары кайра жаңыртылган шартта, Иран дүйнөлүк базарга чыгарган мунайдын күндөлүк көлөмү 200, 000ден 600 000 баррелге чейин азайышы мүмкүн.
АКШ президентинин жарыясын утурлай дүйнөлүк биржаларда мунай баасы кымбаттап, баррелине 70 доллардан ашкан. Бул – 2014-жылдын соңунан берки эң жогорку баа. (UE)