Пашинян Арменияга премьер болду
Армениянын парламенти оппозициялык лидер Никол Пашинянды жаңы өкмөт башчылыкка 59 добуш менен шайлады. Ошентип, Серж Саргсяндин Республикалык партиясынын Арменияда узакка созулган бийлиги "баркыт ыңкылабы" менен аяктады. Еревандын борбордук аянтында эл ушул жаңылыкты эл күтүп жаткан. Элдин маанайы көтөрүңкү.