Мы в Telegram
Добавить новость
123ru.net
World News in Kyrgyz
Май
2018

ЖЭБ чуусу: Депутаттык комиссия корутунду кабыл алды

0
ЖЭБ чуусу: Депутаттык комиссия корутунду кабыл алды

Бишкектин Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) кырсыктын себебин жана аны модернизациялоого жумшалган 386 миллион доллардын чоо-жайын иликтеген депутаттык комисссия корутунду кабыл алды.

Комиссиядагы талкуу бүгүн кечке уланып, соңунда анын жыйынга катышкан тогуз мүчөсү корутундуга кол койду, калган үчөө иш сапарында жүргөнүнө байланыштуу кол кое элек.

Корутундуда "Кытайдан алынган насыя боюнча сүйлөшүү өткөрдү, документтерди иштеп чыккан жана кол койду" деген жетекчилердин ишине укуктук баа берүү сунушталды.

Комиссия мүчөлөрүнүн айтымында, бул тизмеге 30га жакын адам кирди. Алардын арасында мурдагы премьер-министрлер Жантөрө Сатыбалдиев жана Жоомарт Оторбаев, мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев, мурдагы финансы министри Ольга Лаврова, финансы министринин азыркы орун басары Мирлан Байгөнчөков, мурдагы юстиция министри Алмамбет Шыкмаматов, мурдагы экономика министри Темир Сариев, экономика министринин мурдагы орун басары Санжар Муканбетов, тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев, президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн ошол кездеги башчысы, мурдагы премьер-министр Сапар Исаков, “Улуттук энергохолдингдин” жана Энергетика министрлигинин мурдагы жетекчиси Айбек Калиев, Экотехинспекциянын башчысы Канатбек Муратбеков, Курулуш жана архитектура агенттигинин мурдагы директору Турдубек Мамбетов, “Электр станциялары” ишканасынын мурдагы директорлору Салайдин Авазов, Абдылда Исраилов, Таалайбек Толубаев, Узак Кыдырбаев, Бишкек ЖЭБинин экс-директору Нурлан Өмүркул уулу жана учурдагы директору Андрей Воропаев, Өнөр жай, энергетика жана жер казынасы комитетинин учурдагы башчысы Улан Рыскулов жана башка бир катар жетекчи кызматкерлер бар. ТВЕАнын чакыруусу менен Кытайга иш сапар менен барган депутаттар тобуна да баа берүү сунушталды.

Ошондой эле президентке, Жогорку Кеңешке жана башкы прокурорго Бишкек ЖЭБин жаңылоого алынган 386 миллион доллардын максаттуу пайдаланылышын, кызмат адамдарынын кытайлык ТBEA компаниясынын өкүлдөрү менен байланышын, сатылып алынган жабдыктардын жана аткарылган иштердин наркынын негиздүүлүгүн текшерүү сунуш кылынды. 

Буга чейин "жоопкерчилиги каралышы керек" деген жетекчилердин арасында Эсеп палатасынын төрагасы Улукбек Мариповдун да аты аталып жаткан. Бирок бүгүнкү жыйынга Марипов өзү келип катышып, тиешелүү документтерди көрсөткөн соң ал тизмеге киргизилген жок.

Кытайдын "Эксимбанкынан" 386 миллион доллар насыя алууну караган макулдашуу парламентте 2013-жылы 11-сентябрда бекитилген. Ишти аткаруучу болуп кытайлык ТBЕА компаниясы дайындалган.

Быйыл кыш чилдеде ЖЭБдин иши үзгүлтүккө учураганда Бишкек шаары бир нече күн жылуулуксуз жана жарыксыз калган болчу. (BkA)






Загрузка...


Губернаторы России
Москва

Собянин: С 28 апреля до 12 мая городские службы будут работать в усиленном режиме


Спорт в России и мире
Москва

Спортсменка из Бутово выиграла «золото» на турнирах по художественной гимнастике


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
WTA

Мирра Андреева установила новый рекорд на турнирах WTA-1000


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

Труп мужчины найден в лесопарковой зоне в Сокольниках





Путин в России и мире
Москва

Петербургский автопром вышел из кризиса, заявил Беглов


Лукашенко в Беларуси и мире
Минск

Это - война: литовские беспилотники попытались атаковать Минск




123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире

Навальный в России и мире
Москва

Дух разделения в Святой Руси, или Можно ли лишиться сана за отпевание Навального*



Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Aerosmith

Суд отклонил иск против солиста Aerosmith Тайлера с обвинениями в насилии



Москва

«К сожалению»: смогут ли клиенты криптобиржи Beribit вернуть свои деньги

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net