Карачиде эки саясий партиянын мүчөлөрү мушташты
Пакистандын Карачи шаарында эки саясий партия бир жерде шайлоо алдындагы митинг өткөрүүгө аракеттенип, аягы мушташ менен тополоңго алып келди.
Эки партия тең ошол аянтта акция уюштурууга алдын-ала уруксат алышканын билдиришти. «Пакистан элдик партиясы» менен «Акыйкат үчүн кыймылдын» тарапкерлери бири-бирине таш ыргытып, союл менен чабышып киришкен.
Натыйжада айланадагы дүкөндөрдүн терезелери, кафелер талкаланып, бир нече машинеге өрт коюлду. Партиялардын программалары бири-биринен анча айырмаланбайт, шайлоочулары деле бирдей.
Жекшембиде Пакистандын ички иштер министри колуна ок тийип, жарадар болгон. Бул өлкөдө парламенттик шайлоо 15-июлга белгиленген.