Аба ырайы: Күн ачык болот
Кыргызстанда 9-майда жаан-чачын болбойт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден, күндүз Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 5...10, күндүз 23...28;
Таласта түнкүсүн 3...8, күндүз 21...26;
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 9...14, күндүз 25...30;
Баткенде түнкүсүн 9...14, күндүз 26...31;
Ысык-Көлдө түнкүсүн 1...6, күндүз 15...20;
Нарын облусунда түнкүсүн 1...6, күндүз 16...21 градус ысык болот.
Бишкекте 9-майда күн ачык болот. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 11...13, күндүз 27...29 градуска чейин жогорулайт.