Ысык-Көлдө 18 киши тамактан ууланганы такталды
Ысык-Көлдөгү “Аврора” санаторийинде тамактан уулангандардын саны 18 адам экени такталды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ысык-Көл аймактык ооруканасынын башкы дарыгери Альмира Алдашева билдирди.
Уулангандардын ичинде жетөө чет элдик спортчулар жана машыктыруучулар – Ирандын бир жараны жана Бириккен Араб Эмираттарынын алты жараны экени да аныкталды. Ал эми 11 адам пансионаттын өзүндө иштеген кызматкерлер.
Мындан сырткары да санаторийдин өзүндө бир нече адам алгачкы медициналык жардам алган, бирок алар ооруканага жаткырылган эмес.
Дарыгер кабарлагандай, дарыланып жаткан 18 бейтаптын абалы канааттандыраарлык. Алар ооруканадан бүгүн кечке чейин чыгарылат.
Маалым болгондой, уулануу 7-май күнү болгон. Ууланууга себеп болгону кабарланган тамак-аштан анализ алынган, анын жыйынтыгы эки-үч күндөн кийин белгилүү болот. (SDz\ErN)