"Каухар" бизнес-борборундагы өрт өчүрүлдү
Бишкектин Орто-Сай базарынын жанында орун алган "Каухар" бизнес-борборундагы өрт саат 12:27де өчүрүлдү.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, учурда өрттү толугу менен өчүрүү, урандыларды тазалоо аракеттери уланууда. Баштапкы маалыматтарга караганда, тилсиз жоодон эч ким жабыркаган эмес.
"Каухар" бизнес-борборунда өрт бүгүн саат 11:30 чамасы чыккан. Ага эмне себеп болгону азырынча белгисиз.
Имаратта медициналык борборлор, бир нече банктардын филиалдары, фирмалар жайгашкан.