Армения жаңы премьерин шайлап жатат
Бүгүн Армениянын парламенти оппозиция лидери, өлкөдөгү 13-апрелден берки нааразылык жүрүштөрүнүн башында турган депутат Никол Пашиняндын өкмөт башчылыкка талапкерлигин карап жатат. Ал премьер-министрликке сунушталган жалгыз талапкер. Пашинян парламентте өз программасы менен тааныштырып, суроолорго жооп берди. Парламентте көпчүлүктү түзгөн Республикалык партия Пашинянды колдоор-колдобосу белгисиз болууда.