Мы в Telegram
Добавить новость
123ru.net
Azattyk.org
Май
2020

Новости за 30.05.2020

АКШда SpaceX космоско киши учурду (видео)

Azattyk.org 

Илон Масктын SpaceX корпорациясы “Крю Дрэгон” кемесин эки астронавт менен космоско учурду. "Falcon 9" ракетасына орнотулган "Крю Дрэгон" кемесинин бортунда 49 жаштагы Роберт Бенкен жана 53 жаштагы Даглас Хёрли Флориданын Канаверал кысыгындагы космодромдон сапар алышты. Болжол менен 19 сааттан кийин астронавттар Эл аралык космос станциясына жетишет. Хёрли менен Бенкен Эл аралык космос станциясында 30 суткадан 119 суткага чейин болууну пландашкан. Экспедициянын так мөөнөтү жакында билинет. 27-майда... Читать дальше...

Жейми Флай: Так маалымат таратуу адам өмүрүн сактоого көмөктөшөт

Azattyk.org 

Эркин Европа/Азаттык радиосунун журналисттеринин жаңы коронавирус шартында жарыялаган макалалары көптөгөн өлкөлөр үчүн маалыматты жашыруу кадимки көрүнүш экенин айгинеледи. Эл аралык радионун президенти Жейми Флай 29-майда “Пандемия учурунда биздин кызматтарыбыз бар өлкөлөрдө маалыматты жашыруу жана калпты жайылтуу вирустун андан ары тарашына, коомдук саламаттыкка коркунуч алып келүүдө" - деди. Флайдын сөзүнө караганда, Орусиядагы, Казакстандагы, Тажикстандагы, Ирандагы жана башка өлкөлөрдөгү... Читать дальше...

Беш баланын энеси күнүнө 300 кыш куят

Azattyk.org 

Беш баланын энеси Дамира Окенова 20 жылдан бери кыш куюп иштейт. Бул иштин аркасы менен там салып, балдарын окуткан айылдык жеңе карантин учурунда да ишин токтоткон эмес. Күнүнө жалгыз өзү 300гө чейин кыш куят. Айылда “Алтын туяк жеңе” каймана аты менен таанылган Дамира Окенованын иши эми кызыды.



Камактагы укук коргоочу Камилжан Рузиев ачкачылык жарыялады

Azattyk.org 

Караколдук укук коргоочу жана активист Камилжан Рузиев негизсиз кармалганы үчүн ачкачылык жарыялаганын анын уулу Азат Рузиев кабарлады. Анын “Азаттык” радиосуна билдиргенине караганда, атасын 29-май күнү кечки саат 20:00дөр чамасында Улуттук коопсуздук кызматынын жергиликтүү кызматкерлери кармаган. "Азыр атамдын акыбалы начар, үйдөгүлөр алып барган тамакты да албай, ачкачылык жарыялады. Болгону такай ичкен дарыларын гана алыптыр. Атама келген "Тез жардам" кызматы кан басымы түшүп кеткенин айтыптыр. Читать дальше...

Умуралиева: Парктын акчасы бюджетке түшпөйт экен

Azattyk.org 

28-майда Бишкек мэриясынын «Шаардагы парктар» ишканасынын директору Калича Умуралиеваны Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) шаардык бөлүмү төрт саат суракка алган. "Азаттык" радиосу бул иштин чоо-жайын билүү үчүн Калича Умуралиеванын өзү менен байланышты.

Мальта Орусияда басылып чыккан ливиялык акча салынган жүктү кармап алды

Azattyk.org 

АКШнын Мамлекеттик департаменти Мальта мамлекети Орусиянын Гознак ишканасы басып чыгарган ливиялык динарлар салынган жүктү кармап алганын маалымдады. Долларга которгондо жалпысынан миллиардга жакын акча “мыйзамсыз параллелдик уюмга” ташылып баратканын билдирди. Ливияда 2014-жылдан бери жарандык согуш жүрүүдө. Орусия 2016-жылдан тартып согуштун катышуучуларынын бири болуп эсептелген Тобрук шаарындагы өкмөткө накталай акча басып чыгарарын The Libya Observer басылмасы жазды. Бул өкмөттү Ливиянын улуттук... Читать дальше...

"Турмуш өтүп жатат, атабыз гана жок"

Azattyk.org 

Базар-Коргон райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкери, капитан Мыктыбек Сулайманов 2010-жылы 13-июнда Жалал-Абад облусундагы каргашада элди тынчтандырууга барып, кызмат учурунда курман болгон. Сулайманов укук коргоо органында 21 жыл кызмат өтөгөн. Артында жубайы Чынара Бечелова төрт баласы менен калган. Сот милиция кызматкеринин өлүмүнө күнөөлүү деп беш кишини өмүр бою эркинен ажыраткан. Алардын бири - укук коргоочу Азимжан Аскаров. Мындан сырткары эки киши 20 жылга, дагы бирөө тогуз жылга кесилген. Читать дальше...

Күтүү менен өткөн 10 жыл

Azattyk.org 

62 жаштагы Хадича Аскарова күйөөсү камалган 10 жылдан бери Базар-Коргондогу үйүндө жалгыз күн кечирип келет. Укук коргоочу 2010-жылдын 16-июнунда камалган. Ага 12-13-июнь күндөрү Базар-Коргондо “массалык башаламандыкты” уюштуруп, “улуттар аралык жек көрүүчүлүктү козуткан”, “коогада курман болгон милициянын капитаны Мыктыбек Сулаймановдун өлүмүнө да тиешеси бар» деген айып тагылган. Сот Аскаровду өмүр бою эркинен ажыратып, үй-мүлкү мамлекеттин пайдасына чегерилген. Укук коргоочу өзүнө тагылган күнөөнү мойнуна алган эмес. Читать дальше...



"Кылым шамы": Рузиевдин ишин көзөмөлгө алабыз

Azattyk.org 

“Кылым шамы” укук коргоо борбору Камил Рузиевдин иши акыйкат териштирилишин көзөмөлгө алат. Бул тууралуу 30-майда “Азаттык” радиосуна борбордун жетекчиси, укук коргоочу Азиза Абдирасулова билдирди. Ал Рузиевдин кармалышы боюнча жакынкы күндөрү укуктук баа берилерин айтты: “Азыр жагдайды толук билбеген үчүн мен ал туура же туура эмес кармалды деп айткандан алысмын. Айтайын дегеним - Камил Рузиевди 20 жылдан бери билем, анын мыйзам бузууга барганына ишене албай турам. Биз бул ишти көзөмөлгө алабыз. Читать дальше...

"Пандемияда бийликти эпидемиологдорго бериш керек"

Azattyk.org 

Медицина илимдеринин доктору, АКШнын Сан-Франциско шаарында иштеген белгилүү кыргызстандык онколог Рысбек Абдылдаев коронавирустун болжолдуу жаңы толкуну, вакцина иштеп чыгуу аракеттери жана карантин алынгандан кийинки жарандардын жоопкерчилиги тууралуу ой бөлүштү.

Жапон журналисти кыргыз эркектин жоругун сындады

Azattyk.org 

Бир апта ичинде дүйнөлүк басылмаларга Азияда COVID-19дан өлгөндөр аз экени, Кыргызстандагы "Тажадым" аттуу флешмобдун максаты жана Москвадагы Борбор Азиядан баргандардын адеп-ахлагы тууралуу макала-баяндар чыкты. (Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама 25-31-май).

ТИМ: Чек ара боюнча эки тараптуу сүйлөшүү жүргүзүү өтө маанилүү

Azattyk.org 

Кыргызстан Орусиянын кыргыз-тажик чек арасы боюнча сүйлөшүүлөргө ортомчу болуу сунушуна жооп берди. Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Уланбек Дыйканбаевдин билдирүүсү 30-майда “АКИpress” сайтына жарыяланды. Анда акыркы жыйынтыкка багытталган эки тараптуу сүйлөшүү жүргүзүүнүн өтө маанилүүлүгү белгиленип, “Орусия Кыргызстандын ишенимдүү стратегиялык өнөктөшү жана союздашы” экени айтылды. Дыйканбаев кыргыз-тажик чек арасында айрым окуялардын чыгышына чек ара сызыгы юридикалык жактан белгиленип бүтө электиги себеп экенин... Читать дальше...

Орусияда коронавирус жуккандардын саны кайрадан көбөйө баштады

Azattyk.org 

Орусияда коронавирус жуккан адамдардын саны кайрадан көбөйө баштады. Расмий статистикага караганда, мындай көрүнүш соңку эки күндөн бери байкалууда. Ага чейинки көрсөткүчтөр ооруну жугузгандар азая баштаганын көрсөтүп жаткан. 30-майга карата соңку суткада Орусияда вирус 8952 адамдан табылды, 8212 бейтап айыгып чыкты, 181 адам кайтыш болду. Жалпысынан бул илдет 396 миң 575 адамга жукту, алардын 4555и каза тапты. Ал эми дүйнө жүзү боюнча коронавируска чалдыккандардын саны 5 миллион 900 миң адам болду... Читать дальше...

«Саясий репрессияга каршылык комитети»: Жарандык коомдун ишин басуу аракети жүрүүдө

Azattyk.org 

«Саясий репрессияга каршылык комитети» аттуу коомдук уюм Кыргызстанда жарандык коомдун күч жана муниципалдык органдардагы жемкорлук тууралуу ачык айтып чыккан өкүлдөрүнө карата чагым аракеттери жүрүп жатат деп эсептейт. Уюмдун жетекчиси Адил Турдукулов 30-майда "Азаттык" радиосуна билдиргендей, “Бийлик соңку кезде жарандык коомдун ишмердүүлүгүн атайылап басуу аракетин көрүп, авторитардык мамлекеттердин өкмөттүк эмес уюмдарга, блогерлерге жана жалпыга маалымдоо каражаттарына карата көзөмөлдү күчөтүү боюнча мыйзамдарын көчүрүп алып жатат. Читать дальше...

31-майга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Azattyk.org 

31-майда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Жалал-Абад, Ош облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү ыктымал, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Күндүз Нарын облусунун айрым райондорунда, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жаан тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарында жаан-чачын жаабат. Түндүк-чыгыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши мүмкүн. Читать дальше...

Бишкектеги Инфекциялык оорукана обсервацияга жабылды

Azattyk.org 

Бишкек шаарындагы Республикалык инфекциялык оорукана бейтап толуп калгандыктан обсервацияга жабылды. Бул тууралуу 30-майда "Азаттык" радиосуна оорукананын жетекчиси Гүлжигит Алиев билдирди. Ал "Азыр биз обсервациялык тартипте гана иштеп баштадык. Бейтаптарды кабыл алуу толугу бойдон  токтотулду" деди. Учурда бул ооруканада жалпысынан 400дөн ашуун адам көзөмөлдө жатат. Беш киши коронавирустан абалы начарлап, реанимация бөлүмүндө. Ооруканадагы 19 медициналык кызматкерге COVID-19 жуккан. Саламаттык... Читать дальше...

УКМК караколдук укук коргоочу Камилжан Рузиев кармалганын билдирди

Azattyk.org 

Ысык-Көл облусунда укук коргоочу Камилжан Рузиев кармалды. Бул тууралуу 30-майда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, «Вентус» коомдук бирикмесинин жетекчиси, 57 жаштагы Рузиев жасалма документ жасоо фактысы боюнча айыпталып жатат. Сотко чейинки өндүрүш материалдары Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин “документтердин жасалмасы” жана “алдамчылык” беренелеринин негизинде катталды. Укук коргоочу Каракол шаардык... Читать дальше...


Музыкальные новости
Карди Би

Худшие образы звезд на Met Gala 2024: Лана Дель Рей в «москитной сетке» и Карди Би с прической Мардж Симпсон





Персональные новости
Владимир Путин

Путин приехал в храм Христа Спасителя на пасхальную службу





Жамин Акималиев: Коррупция гүлдөп атат

Azattyk.org 

Легендарлуу парламенттин депутаты, академик Жамин Акималиев “Азаттык” радиосуна маек куруп, эгемен Кыргызстанды түптөп, куруу жолундагы саясий элитанын, президенттердин, парламенттин, элдин жоопкерчилиги, кадр сабатсыздыгы, коррупцияга каршы күрөштүн абалы тууралуу ойлору менен бөлүштү.

Орус каналдарын колдогон мыйзамдын талашы

Azattyk.org 

Кыргызстандын акысыз санарип куржунуна кирген орусиялык 1-канал менен РТР телеканалдарынын 2023-жылга чейин эфирге чыгышына шарт түзгөн мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште талаш-тартыш менен кабыл алынды.

Ошто Москва мамлекеттик университетинин филиалынын курулушу башталды

Azattyk.org 

Ош шаарында Михаил Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин (ММУ) филиалынын курулушу башталды. Бул тууралуу 30-майда Билим берүү жана илим министрлиги кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, курулушту баштоо салтанатына Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобеков, Орусиянын Оштогу башкы консулу Роман Свистин жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты. Мааламытта “Окуу жайда колдонмо математика жана информатика, геология, орус тили жана адабияты адистиктери боюнча окутуу жүргүзүлөт. Читать дальше...

Тажикстан кыргыз-тажик чек ара маселеси боюнча Орусияга нота жөнөттү

Azattyk.org 

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги Орусиянын башкы дипломаты Сергей Лавровдун кыргыз-тажик чек арасындагы абал боюнча билдирүүсүнө байланыштуу Орусияга нота жөнөттү. Бул тууралуу маалымат 29-майда мекеменин расмий сайтына жарыяланды. Анда 26-майда Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун (ЖККУ) кезектеги жыйынында бул маселе тууралуу сөз болбогону, мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо иши уюмга мүчө өлкөлөрдүн ички иши болуп эсептелери жана эки тараптуу гана негизде жүргүзүлөрү белгиленгени айтылды. Читать дальше...

Кыргызстан: COVID-19га чалдыккандар башкаларга жугузган учурлар көбөйө баштады

Azattyk.org 

Кыргызстанда соңку сутка ичинде коронавируска чалдыккан 60 адамдын дээрлик баары бул илдетти мурда жугузган адам менен контакт болгондор экени аныкталды. Бул тууралуу 30-майда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди. Ал оорунун жайылуу коркунучу дагы эле жогору болуп жатканын айтып, санитардык эрежелердин так сакталышы маанилүу экенин белгиледи: "Азыр эпидемиологиялык абал дагы эле чыңалуу бойдон. Бүгүн жаңы катталган 60 адамдын 52си контакт болгондор арасынан табылды. Читать дальше...

Москвада Илья Азардын камалышына каршы чыккандар кармалды

Azattyk.org 

Москвада полиция белгилүү орусиялык журналист Илья Азардын камалышына каршы жума күнү нааразылык акциясына чыккан 32 адамды кармаганын көз каранды эмес байкоочулар кабарлашты. Арасында Мамлекеттик Думанын депутаты, бир нече жергиликтүү депутат да бар. Полиция 20 адам кармалганын, алардын арасында бирөө өспүрүм экенин маалымдады. Ал эми Санкт-Петербург шаарында сегиз активист кармалганын, көбү кайра кое берилгенин билдирди. Москванын жергиликтүү депутаты, “Новая газета” эркин басылмасынын кабарчысы... Читать дальше...

Спорт в России и мире
Москва

Открытый московский фестиваль конного искусства и спорта пройдет на ВДНХ


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
Елена Рыбакина

Первая ракетка мира расплакалась после финала турнира с участием Рыбакиной


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

Ежемесячную денежную выплату получают более 1,6 млн пострадавших от радиации





Путин в России и мире
Москва

Председатель Госдумы Володин: Путин спас Россию


Лукашенко в Беларуси и мире
Минск

Польский судья Шмидт попросил защиты у Лукашенко и политического убежища в Белоруссии




123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире

Навальный в России и мире


Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Анастасия Волочкова

Волочкова продемонстрировала хорошую спортивную форму



Москва

Выставка произведений Василия Тропинина и художников его времени откроется в Калининградском музее изобразительных искусств

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net