Мы в Telegram
Добавить новость
123ru.net
Azattyk.org
Май
2020

Новости за 22.05.2020

Четте жүргөн түркмөндөр: Президент кетсин!

Azattyk.org 

Чет өлкөдө жашаган түркмөнстандыктар топтолуп, түркмөн бийлигине каршы нааразылык акцияларын өткөрүштү. Ал арада азык-түлүк тартыштыгына кабылган Түркмөнстанда эгин талааларын күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери кайтара баштады.

Пакистанда кыйраган учакта 76 адам мерт болду (жаңыртылды)

Azattyk.org 

Пакистандын бийлиги 22-майда Карачи шаарына жакын эл жашаган аймакка кулап түшкөн учакта 91 жүргүнчү, экипаждын сегиз мүчөсү болгонун билдирди. Жергиликтүү бийлик кеминде 76 адам каза болгонун, үч киши аман калганын, калгандары белгисиз экенин маалымдады. «А320» үлгүсүндөгү учак Карачиге Лахордон учуп келаткан жана коноруна саналуу гана секунддар гана калганда кулаган. Карачидеги бардык ооруканаларда өзгөчө абал жарыяланды. «Geo TV» телеканалынын кабарчысы «Азаттыктын» Пакистан кызматына учактан... Читать дальше...



ЕАЭБдин келечеги күмөн экени көрүндү

Azattyk.org 

Евразия Экономикалык Биримдигине кирген мамлекеттердин башчыларынын жогорку кеңешмесинде уюмду өнүктүрүү стратегиясынын долбоору кабыл алынган жок.

Арпачиевди абактан куткаруунун амалы

Azattyk.org 

Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызмат (ЖАМК) Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Кылычбек Арпачиевге мунапыс берилбегенин, ал жатак абакта жазасын өтөп жатканын кабарлады.

Индия 30 кыргыз жаранын камакка алды

Azattyk.org 

Оренбургдагы 410 кыргызстандык Казакстан аркылуу мекенге жөнөштү. Индияда коронавирустан кыргызстандык бир киши өлүп, 30 киши абакта жатканы белгилүү болду. АКШ 35 өлкө мүчө болгон Ачык асман келишиминен чыгаарын жарыялап, буга Орусияны айыптады.

Пакистанда жүргүнчү учак кыйрады

Azattyk.org 

22-майда "Пакистан аба жолдорунун" ичинде 99 кишиси бар учагы Карачи шаарынын чеке белине кулап түштү. Кырсыкка учактын техникалык мүчүлүштүктөрү себеп болгон. Жергиликтүү бийлик кеминде 76 адам ажал тапканын, үч киши аман калганын, калгандары белгисиз экенин маалымдады.

УКМК: Асел Шадиева кылмыш боюнча шек саналууда

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, мурдагы биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевдин аялы кылмыш жолу менен табылган кирешени легалдаштырган деп шек саналууда. Бул тууралуу 22-майда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, «2010-2017-жылдары Шадиев «мүлктүн кылмыштуу булагын жашыруу максатында жубайы Асел Шадиевага каттатып койгон» жана азыркы тапта буга байланыштуу кылмыш иши тергелип жатат УКМКнын басма сөз кызматы: «Экөөнө тийиштүү... Читать дальше...



ТИМ: Екатеринбургдан келгендердин арасында катуу ооругандар бар

Azattyk.org 

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, бүгүн, 22-майда Орусиянын Екатеринбург шаарынан 22 жаран мекенине кайтарылды. Кыргызстандыктар «Урал аба жолдору» авиа компаниясынын чартердик рейси менен учуп келишти. Каттамды орус тарап Екатеринбург, Тюмень, Челябинск, Сургут, Санкт-Петербург,  Ханты-Мансы шаарларындагы катуу ооруган, оор операция жасалган жана кош бойлуу жарандарды мекенине кайтаруу максатында уюштурганы айтылды.   Министрлик Орусиядан кайткан бардык жарандар обсервацияга алынганын билдирди. Читать дальше...

Пандемия орозо айтты өзгөрттү

Azattyk.org 

Саламаттык сактоо тармагындагы эксперттер мусулман жамааттары Орозо айтты майрамдагандан кийин коронавирусту жугузуп алган адамдар көбөйүшү мүмкүн деп чочулашат.

Аткезчилердин бензини Бишкекти басты

Azattyk.org 

Бишкек шаарында жана Чүй облусунда жол бойлой күйүүчү май саткандардын саны көбөйдү. Мыйзамсыз сатылып жаткан бензиндин баасы май куюучу жайлардан алда канча арзан. Бул көрүнүш айдоочуларга жакканы менен мамлекеттин бюджетине ири өлчөмдөгү зыян келип жатканы айтылууда. Күйүүчү май аткезчилигинин айынан жыл сайын казынага 5 млрд. сом түшпөй турганы эсептелген.

ЖАМК: Арпачиевге карата мунапыс колдонулган эмес

Azattyk.org 

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Кылычбек Арпачиевдин жаза өтөөсү тууралуу маалымат берди. Анда Арпачиевге карата мунапыс колдонулбаганы, ал бүгүнкү күндө №45 жатак абагында жазасын өтөп жатканы, дагы 3 жыл 29 күнү бар экени айтылат.  Мекеме билдиргендей, жаңы жазык мыйзамдары ишке киргенде 2019-жылдын февраль айында Арпачиевдин иши кайра каралып, кылмышынын түрү «өзгөчө оордон» «оор» болуп өзгөртүлгөн жана 10 жылдык жаза берилген. Читать дальше...

Казак парламентинде аялдар менен жаштарга квота берилет

Azattyk.org 

Казакстанда Сенат шайлоо тууралуу конституциялык мыйзамды алымчалап-кошумчалоо боюнча мыйзам долбоорун кабыл алды. Анда шайлоого аттанган партиялардын тизмесинин 30% кем эмес бөлүгүн аялдар менен жаштар (29 жашка чейинкилер) түзүшү керек деген жобо бар. Парламенттин тармактык комитетинин бул долбоор боюнча корутундусунда ал «аялдар менен жаштардын коомдук-саясий жараяндарга аралашуусуна өбөлгө болору» жазылган. Кыргыстандын мыйзамдарына ылайык, парламентте аялдар менен жаштарга 30% квота каралган. Читать дальше...

Пакистанда жүргүнчү ташыган учак кырсыктады

Azattyk.org 

Пакистанда Карачи аэропортунан анча алыс эмес жерде жүргүнчү ташыган учак кыйрады. «Reuters» маалымат агенттиги «Пакистан эл аралык аба жолдору» компаниясына таандык учактын ичинде 107 жүргүнчү болгонун жазды. Жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттары учак Лахордон Карачиге учуп келатканын, коноруна бир мүнөттөй калганда кырсыктаганын билдиришти. Окуя болгон жерде бир канча турак жай кыйрады. Кырсык болгон жерге аскерлер жана куткаруу кызматтары барышты. Азырынча жабыркагандар тууралуу маалымат жок. Читать дальше...

АКШ ачык асман келишиминен чыгат

Azattyk.org 

АКШ 35 мамлекет кол койгон ачык асман келишиминен чыгарын жарыялады. Вашингтон буга Орусиянын келишимдин шарттарын бир нече жолу бузганын жүйө келтирди. Орусия мындай чечимди сынга алды.

Маматалиев ӨЭУ тууралуу мыйзам долбоорунун демилгечилеринин катарынан чыкты

Azattyk.org 

Парламенттеги «Республика - Ата Журт» фракциясынын депутаты Марлен Маматалиев өкмөттүк эмес уюмдардын (ӨЭУ) ишин көзөмөлдөөгө багытталган мыйзам долбоорунун демилгечилеринин катарынан чыкканын билдирди. 22-майда укук коргоочулар уюштурган, «Өкмөттүк эмес уюмдар тууралуу мыйзамды алардын катышуусуз кабыл алып жатышат» деп аталган видео конференцияда Маматалиев өз кадамын берген сунуштары эске алынбаганы менен түшүндүрдү.  «Ооба, башында мыйзам долбоорун колдогом. Мага бизде гей-парад болбошу үчүн ушундай мыйзам керек экенин айтышкан. Читать дальше...

Өгүз таптап, жер айдаган дыйкандар

Azattyk.org 

Баткендин алыскы тоолуу Кайыңды айылында дыйкандар өгүз таптап, жер айдоого салышат. Айылдагы жалгыз трактордун көзүн карабай, ар кандай жер шартына өгүз ыңгайлуу. Жаз жарышта айылдагы ар бир экинчи үй эски ыкма менен жер айдайт.

Украина менен ЭВФ беш миллиард доллар насыя тууралуу макулдашты

Azattyk.org 

Киев 21-майда Эл аралык Валюта Фонду (ЭВФ) менен каржылоо программасы боюнча меморандумга кол койду. Ага ылайык, акчанын алгачкы бөлүгү ушул айдын аягына чейин берилмекчи.  Буга чейин Украина ЭВФтен 5,5 миллиард долларлык насыя алуунун жолдорун тынбай сүйлөшүп келген. Ал үчүн Киев өлкөдө бир катар реформаларды жүргүзүүгө милдеттенген. Бул талаптын алкагында банктар жана жер сатуу тууралуу мыйзамдар кызуу талаш-талкуу менен кабыл алынган.  Украин премьер-министри Денис Шмыгаль ЭВФтен келе турган... Читать дальше...


Музыкальные новости
Анастасия Волочкова

Волочкова продемонстрировала хорошую спортивную форму





Персональные новости
Выставка

Выставку "Россия" посетили 12 миллионов человек





Ошто ири өлчөмдө баңгизат сатуу жолуна бөгөт коюлду

Azattyk.org 

Ош облусунда күч органдары ири өлчөмдөгү баңгизат сатуу жолуна бөгөт коюшту. Милициянын маалыматына караганда, Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы кызматынын Ош шаары жана Ош облусу боюнча түзүмүнүн кызматкерлери жүргүзгөн операция ийгиликтүү жыйынтыкталды. Кылмышка шектүү топтун активдүү мүчөсү кармалып, андан салмагы бир килограмм 47 граммды түзгөн героин алынды. Кармалган жаран милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Факт Жазык кодексинин 267-беренесинде («Баңгизаттарды... Читать дальше...

Тажикстанда кенде иштеген кытайлык жарандар чуу чыгарышты

Azattyk.org 

Тажикстанда күч органдары Хужант шаарынан 90 чакырым алыста жайгашкан Зарнисор айылында «Тажик-кытай тоо-кен компаниясы» ишканасындагы жумушчулардын тополоңун басышты.  Бейшембиде кечке жуук бул компанияда иштеген 60тай кытайлык жаран союл жана таш менен куралданып алып башкы кеңсеге барган. Алар айлык акы берилбей жатканына нааразы болушкан. Ошондой эле мекенине кайтууга көмөктөшүүнү талап кылышкан. Ишкананын жетекчилери жагдайды тынч сүйлөшүү жолу менен чечүүнү сунуш кылышкан, бирок ага жумушчулар ага көнгөн эмес. Читать дальше...

Атамбаевдин ден соолугу кескин начарлаганы айтылды, УКМК бул маалыматты төгүндөдү

Azattyk.org 

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Сейитбек атасынын ден соолугу бүгүн, 22-майда кескин начарлап кеткенин билдирди. Ал «Фейсбуктагы» жеке баракчасына «абалы кескин начарлап, аябай жаман болду» деп жазып, буга аялы жана балдары менен бүгүнкү жолугушуу айнек тосмо аркылуу уюштурулганы себеп болгонун билдирди. Сейитбек Атамбаев «эмне үчүн Алмазбек Шаршеновичке коронавирус жоктугу тууралуу аныктамасы бар жакындары менен көрүшүү кооптуу, ал эми Кой-Таш окуясы боюнча сотто коронавируска текшерилгени... Читать дальше...

Султангазиев: ӨЭУ тууралуу долбоор кабыл алынса миллиондордон куру калабыз

Azattyk.org 

Өкмөттүк эмес уюмдардын ишин көзөмөлдөөгө багытталган мыйзам долбоору кабыл алынса, Кыргызстандын саламаттык сактоо тармагы он миллиондогон доллардан кур жалак калат. Мындай пикирин медицина тармагы боюнча эксперт, Саламаттык сактоо министрлигинин Коомдук кеңешинин мүчөсү Айбар Султангазиев «Фейсбуктагы» баракчасына жазды.  Ал кыргыз өкмөтү 2020-жылы донорлордон COVID-19 дартына каршы күрөш үчүн 72 миллион доллар (5,4 млрд.сом), ВИЧ жана кургак учук программаларына 10 миллион долларга жакын (750 млн.сом) акча ала турганына... Читать дальше...

«Настоящее время» телеканалынын жол кырсыгына кабылган кабарчысы каза болду

Azattyk.org 

Беларуста «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун «Настоящее время» телеканалындагы «Белгисиз Беларус» («Неизвестная Беларусь») долбоорунун авторлорунун бири Любовь Земцова каза болду. Үч кишиден турган бул долбоордун авторлору 14-майда ыктыярчылардын иши тууралуу фильм тартып, Гомелден Минскиге кайтып келатканда жол кырсыгына кабылган. Режиссер Владимир Михайловский менен үн оператор-сүрөтчү Максим Гавриленко ошол жерде жан берген. Любовь Земцова ошондон бери оор абалда ооруканада жаткан.  «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун президенти Жэйми Флай... Читать дальше...

Орусия ачык асман келишими боюнча АКШнын дооматтарын четке какты

Azattyk.org 

Москва Вашингтондун «Орусия ачык асман келишиминдеги шарттарды бир канча жолу бузган» деген дооматы негизсиз экенин билдирди. Кремль эгер АКШ бул документтен чыгып кете турган болсо, анын мындай кадамы Европанын жалпы коопсуздугуна шек келтирерин эскертти. Мунун алдында, 21-майда Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп Орусиянын айынан анын өлкөсү 35 мамлекет кол койгон бул эл аралык келишимден чыгарын айткан. «Менимче, биздин Орусия менен мамилебиз абдан жакшы. Бирок Орусия бул келишимдин шарттарын сактабай жатат. Читать дальше...

Спорт в России и мире
Москва

К.ВАЛИЕВА, 23 КИТАЙЦА, WADA помогают раскрыть сеть секретных преступных отделов. Дело Скрипалей можно дополнить с пользой.


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
Ига Свёнтек

«Ну и кто сказал, что женский теннис — это скучно?» Свёнтек — после матча с Соболенко


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

Лесной северный олень Прохор переехал в Керженский заповедник из зоопарка





Путин в России и мире
Москва

Эксперт Президентской академии в Санкт-Петербурге о героях нашего времени


Лукашенко в Беларуси и мире
Минск

Польский судья приехал в Минск и попросил защиты у Лукашенко




123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире

Навальный в России и мире


Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Джиган

Shot: рэпер Джиган стал совладельцем фирмы по продаже пива и энергетиков



Москва

Открытый московский фестиваль конного искусства и спорта пройдет на ВДНХ

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net