Калича Умуралиева УКМКда төрт саат сурак берип чыкты
«Шаар парктары» муниципалдык ишканасынын жетекчиси Калича Умуралиева 28-майда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) шаардык бөлүмүндө төрт саат сурак берип чыкты. Ал «Азаттыкка» Бишкектеги «Ынтымак» паркынан ишкердик кылыш үчүн ижарага орундук берүү боюнча иште күбө катары өтүп жатканын айтты. Мунун алдында УКМКнын кызматкерлери Калича Умуралиеванын кеңсесинде тинтүү жүргүзүшкөн. Ал арада бир катар жалпыга маалымдоо каражаттары «Умуралиева 80 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалганын» жазышкан. Читать дальше...