Мы в Telegram
Добавить новость
123ru.net
Azattyk.org
Май
2020

Новости за 20.05.2020

Акыйкатчы: №1 тергөө абагындагылар жактоочулары киргизилбей жатканына арызданышты

Azattyk.org 

20-майда акыйкатчы Токон Мамытов баш болгон омбудсмен аппаратынын кызматкерлери Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) №1 тергөө абагында отурган айрым жарандар менен жолугуп чыгышты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Басма сөз кызматы тараткан маалыматта акыйкатчы жолугуп, сүйлөшкөндөрдүн аты-жөнү баш тамгалары менен белгиленген. Ал белгилер мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары Фарид Ниязовдун, Канат Сагымбаевдин, Мээрбек Мискенбаевдин, Кыяз Смаиловдун, Амантур... Читать дальше...

Эл үнү: Обсервациядан качкандар жана мактагандар

Azattyk.org 

“Эл үнү” берүүсүнө бул ирет обсервацияда жаткан жарандардын кайрылуулары, Лейлек районунан медайымдардын жетекчисине болгон нааразычылыгы баштаган бир нече кайрылуулар келип түштү.

Майыптар иштери боюнча кеңеш түзүлдү

Azattyk.org 

Кыргыз өкмөтүнө караштуу майыптар иштери боюнча кеңеш түзүлүп, анын жобосу бекитилди. Бул тууралуу чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгонун өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады. Түзүлгөн кеңеш майыптарды көйгөйлөрүн чечүү, аларга жардам берүү боюнча иш-чараларды иштеп чыгуучу жана кеңеш берүүчү туруктуу коллегиялык орган болмокчу. 2011-жылдын 21-ноябрында Нью-Йоркто Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын 66-сессиясында Кыргызстан майыптар укуктары жөнүндө конвенцияга кошулган. Читать дальше...



Мураталиев: Таласка ким келсе да обсервацияга алынат

Azattyk.org 

Учурда Талас облусу боюнча 95 киши обсервацияда жатат. Бул тууралуу өкмөттүн Талас облусундагы өкүлү Марат Мураталиев 20-майдагы онлайн брифингде маалымдады. Анын айтымында, 20-майга карата маалыматка ылайык, буга чейин обсервациядан 603, үй карантининен 3 миңден ашык адам чыгарылган. Мураталиев Орусиянын Соль-Илецк шаарынан келгендерди обсервацияга жаткыруудагы окуя боюнча комментарий берип, дарыгерлердин алгоритми аткарылганын билдирди. “Ал жерде эч кимди уруп-сабоо болгон жок. Түшүндүрүү иштеринен кийин баары эле обсервацияга жатышты. Читать дальше...

Бейтап: Коронавирус тамаша эмес экен

Azattyk.org 

Коронавирус илдети менен күрөшүү боюнча республикалык штаб COVID-19га чалдыгып, ооруканада жаткан бейтаптын видеосун таратты. Видеодогу бейтап кайсы ооруканада жатканы, аты-жөнү айтылган эмес. Ал оорукананын кызматкерине коронавирус илдети тууралуу айтып берген. “Жаман оору экен, дем жетишпей калды. Тамаша оору эмес, жаш-кары дебей ооруйт экен. Балдар жүрөт, баса албай жатышат. Сак болгула”, - деди бейтап. Ал беш күндөн бери реанимацияда жатканын, учурда абалы дурус экенин айтты. Бул оорулуу вирусту жумуштан жугузуп алган. Читать дальше...

Кембриж университетинде онлайн окуу кийинки жылы да уланат

Azattyk.org 

Коронавирус пандемиясынан улам Улуу Британиядагы атактуу Кембриж университетинде онлайн билим берүү 2021-жылдын жайына чейин улана турган болду. Дүйнөдөгү эң байыркы жана кадыр-барктуу университеттердин бири мындай чечимин шейшембинин кечинде жарыялады. "Социалдык обочолонуу эрежесин сактоо талабы улана берчүдөй болуп турган шартта университет кийинки академиялык жылда жүзмө-жүз лекциялар болбойт деген чечимге келди. Лекциялар онлайн түрүндө уланат", - деп айтылат билдирүүдө. Кембриж университети... Читать дальше...

Тажикстанда COVID-19га чалдыккандар 2100дөн ашты

Azattyk.org 

Тажикстанда өпкөнү сезгенткен коронавируска чалдыккандар 2140 кишиге жетти. Саламаттык сактоо министрлиги 20-майда билдиргендей, акыркы бир сутка ичинде дагы 204 адамдан вирус табылды. 470тей бейтап илдеттен айыгып чыкты. Баш-аягы 3500дөн ашуун кишинин абалына дарыгерлер көз салып жатат.  Тажик бийлиги соңку эки күндөн бери COVID-19 илдетинен эч ким кайтыш болбогонун, курмандыктардын жалпы саны 41 адам боюнча экенин билдирди. Бирок социалдык тармактарга жарыяланган расмий эмес тизмеде Тажикстанда... Читать дальше...

Өзбекстандын мектептеринде жыйынтыктоочу сынактар болбойт

Azattyk.org 

Өзбекстандын Элдик билим берүү министрлиги быйылкы окуу жылында мектептерде жыйынтыктоочу сынактар болбой турганын жарыялады. Министрликтин «Телеграмдагы» каналы билдиргендей, окуучуларга жалпы окуу жылындагы жетишкендиктеринин негизинде жыйынтыктоочу баа коюлат.  Расмий маалыматта бул чечим өлкө президентинин тапшырмасы менен карантин маалында элге ыңгайлуу шарт түзүү максатында кабыл алынганы айтылат.  Өзбекстанда коронавирус жуккан алгачкы адам катталгандан кийин 16-марттан тартып бардык мектептерде карантин жарыяланган. Читать дальше...



Саламаттык сактоо министрлиги коомдук транспорт боюнча эреже иштеп чыкты

Azattyk.org 

Саламаттык сактоо министрлиги коомдук транспорттун иши боюнча убактылуу санитардык-эпидемиологиялык эреже иштеп чыкты. Ага ылайык, коомдук транспорт жүргүнчүлөрдү орундуктардын санына жараша салышы керек. Автоунаанын салону ар бир каттамда тазаланып турушу зарыл. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев маалымдады. «Коомдук транспорттун салондорунда дезинфекциялык иштер жүргүзүлөт. Өз кезегинде ар бир жүргүнчүдөн социалдык аралыкты сактоону жана милдеттүү түрдө беткап тагынууну өтүнөм. Читать дальше...

ӨЭУ боюнча мыйзамга каршы 70 уюм кайрылуу таратты

Azattyk.org 

Өлкөдөгү бардык тармакта иш жүргүзгөн 70 өкмөттүк эмес уюм кол койгон кайрылуу парламенттин төрагасына жана депутаттарга жиберилген. Анда уюмдун өкүлдөрү жана жарандык активисттер өкмөттүк эмес уюмдар жөнүндө мыйзам долбоору боюнча коомдук талкуу өлкөдөгү өзгөчө кырдаал режиминде өткөрүлгөнүнө тынчсыздануусун билдиришет. Алар өкмөттүк эмес уюмдар жөнүндө мыйзам долбоору боюнча талкуулар жарандык коомдун өкүлдөрү катышпастан өтүп жатканы мыйзам чыгаруу ченемдерин бузушу мүмкүн экенин эскертишкен.... Читать дальше...

Кара-Кулжада 63 киши обсервацияга түштү

Azattyk.org 

Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районунун Кара-Кочкор айылында обсервацияга алынгандар саны 63 кишиге жетти. Алар Орусияда каза болгон айылдашынын тажиясына катышкан.

"Күйөөмдүн сөөгүн баштыкка салып көмүштү"

Azattyk.org 

Украинада коронавирус менен карамашып жатып ажал тапкан дарыгерлерди туугандары жана достору эскеришет. Бул өлкөдө шаршембиге карай 18 миңден ашуун киши коронавируска чалдыкса, алардын үч миңден көбү дарыгерлер. Медициналык кызматкерлердин канчасы көз жумганы белгисиз. «Настоящее время» каналынын журналисттери COVID-19дан ажал тапкан дарыгерлердин жакындары, достору менен байланышты.

Орус-казак чек арасындагы мигранттар учак жана автобус менен жеткирилмей болду

Azattyk.org 

Орусиянын Оренбург облусундагы Бузулук районунда топтолуп турган кыргыз жарандарынын бир бөлүгү үчүн 20-майда Оренбург-Бишкек түз авиакаттамы уюштурулду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, бул учакка балдар, аялдар, кош бойлуу келиндер, улгайгандар жана оорулуулар отургузулду. Мындан тышкары Оренбургдан кыргызстандыктарды Казакстан аркылуу алып келүү маселеси да иштелип чыкканы маалым болду. Ошентип, чартердик авиакаттамдан кийин удаа эле Казакстан аркылуу автобустар жолго чыгат. Читать дальше...

Кызматтык деп саналган айрым батирлерди менчиктештирүү сунушталууда

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин 20-майдагы жыйынында «Турак жай кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, көпчүлүк добуш менен өттү. Депутат Марат Аманкулов баштаган депутаттар тобу иштеп чыккан бул мыйзам долбоору айрым жарандарга кызматтык деген макамы бар батирлерди менчиктештирүүгө шарт түзөт. «Он жылдап кезекте туруп үй алгандар аны менчиктештирүүнү каалай тургандыгы түшүнүктүү. Өзгөчө эмгеги үчүн спортчуларга, ырчыларга жана башка тармактагы адамдарга батир берилет. Читать дальше...

«Алтын тамга» аттестациясы облустук борборлордо июндун ортосунда өткөрүлөт

Azattyk.org 

Быйылкы жыйынтыкталып жаткан окуу жылында мектептин алтын сертификатка талапкер бүтүрүүчүлөрү үчүн «Алтын тамга» аттестациясы 12-июнда башталып, 19-июнда жыйынтыкталат. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна Билим берүү жана илим министрлигинин расмий өкүлү Акылбек Орозматов билдирди. Анын айтымында, аттестация онлайн режимде өткөрүлөт: "Сынак учурунда ар бир бүтүрүүчүгө өзүнчө планшет (180) берилет. Бүтүрүүчү төрт предметтен реалдуу режимде тест тапшырып, бүтөрү менен жыйынтык чыгарылат. Жалпы жыйынтык менен бүтүрүүчү да... Читать дальше...

Зеленский: Украина ЭВФ менен меморандумга жакында кол коёт

Azattyk.org 

Украина май айынын аягына чейин Эл аралык Валюта Фонду (ЭВФ) менен каржылоо программасы боюнча меморандумга кол коёт. Бул тууралуу украин президенти Владимир Зеленский 20-майда кызматка киришкенин бир жылдыгына арналган басма сөз жыйынында айтты. «Биз меморандумга кол коёбуз. Май айында кол коёбуз деп ишенем. Ал кечиктирилбеши керек», - деди Зеленский. Украина ЭВФтен үч жыл ичинде 5,5 миллиард доллардык насыя алуунун жолдорун сүйлөшүп келет. Ал үчүн Киев өлкөдө бир катар реформаларды жүргүзүүгө милдеттендирилген. Читать дальше...

Музей кызматкерлеринин айлыгы 80% көбөйдү

Azattyk.org 

Кыргызстанда мамлекеттик музей кызматкерлеринин эмгек акысы 80% жогорулатылды. Бул тууралуу буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгонун өкмөттүн басма сөз кызматы 20-майда кабарлады. Анда мындай чечим маданият жана искусство мекемелеринде иштеген кызматкерлердин эмгек шартын жакшыртуу максатында кабыл алынганы айтылат. Өкмөттүн маалыматы боюнча музей кызматкерлеринин айлык акысын көбөйтүш үчүн Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин бюджетинде 15 млн. 480 миң сом каралган. Читать дальше...


Музыкальные новости
Анна Нетребко

Почему муж Анны Нетребко женился на 70-летней певице и куда пропала оперная дива?





Персональные новости
Выставка

Выставку "Россия" посетили 12 миллионов человек





21-майга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Azattyk.org 

21-майда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун чыгыш тарабында өткүн өтүп, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Күндүз Чүй, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн,  дыйканчылык аймактарда жана Нарын облусунда жаан-чачын жаабайт. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши ыктымал.  Абанын температурасы... Читать дальше...

100гө жакын окуучу «Илим кыз» интерактивдүү мектебинде онлайн окуп жатат

Azattyk.org 

Кыргызстандын ар кайсы аймактарынан 100гө жакын окуучу кыз «Илим кыз» интерактивдүү мектебинде онлайн окуп жатат. Долбоордун уюштуруучулары - «Роза Отунбаеванын демилгелери» фонду жана И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети. 6-майдан башталган мектеп өз ишин 25-майда жыйынтыктайт. Илимге кызыккан, 10-11-класстын окуучу кыздары техникалык англис тили жана  компьютердик сабаттуулук сабактарына, IT багыты боюнча мастер-класстарга катышууда. Алар тамак-аш технологиясы, биомедициналык инженерия... Читать дальше...

Нарында карантинге карабай көчөдө эл көп

Azattyk.org 

20-майга карата Нарын облусунда COVID-19 илдетине чалдыккандардын саны 213 адамга жетти. Анын 100дөн ашыгы Нарын шаарында. Ушундан улам Нарында эпидемиологиялык абал оор деп бааланууда. Эгер кырдаал жакшырбаса, жергиликтүү бийлик шаарга өзгөчө абал киргизүүгө мажбур болушаарын билдиришүүдө.а

COVID-19: Депутаттын иниси менен байланышкандардын алгачкы анализдери таза чыкты

Azattyk.org 

Коронавирус жугузуп алган Айбек Тотонов аттуу жаран менен жакын байланышта болгон 26 адам үй карантинге алынды. Алардан алынган алгачкы анализдер таза чыкты. Бул туурасында «Азаттыкка» Жалал-Абад шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгери Рома Ураимов билдирди. Анын айтымында Тотонов Токтогулдагы үйүнө коронавируска байланышкан карантин эрежелерин бузуп келген. «Ал Таластагы «Чоң капка» карантиндик постунан Ош шаарына кете турганын айтып өткөн, - деди ал. - Ошко жетпей Токтогулдан түшүп калган. Читать дальше...

Казакстан чек арадагы кыргыз жарандарын өткөрүүгө макул болду

Azattyk.org 

Казакстандын Тышкы иштер министрлиги орус-казак чек арасында топтолуп турушкан кыргызстандыктарды өз аймагы аркылуу өткөрүп берүүгө макул болду. Министрлик буга Кыргызстандын элчилигинин кайрылуусу негиз болгонун 18-майда расмий сайтына жазды. Макулдук «жүргүнчү транспортун камсыз кылуу» шарты менен берилген. Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги бул маалыматты ырастап, казак бийлиги дагы эле атайын автобустар менен гана өткөрүүгө макул болуп жатканын билдирди. Учурда маселенин техникалык өңүтү такталып жатканы... Читать дальше...

Спорт в России и мире
Москва

Росгвардия приняла участие в обеспечении безопасности при проведении футбольных матчей в Москве


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
Андрей Рублёв

Рублев о победе на "Мастерсе" в Мадриде: у меня нет слов


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

Лесопожарные станции в Подмосковье получили новые грузовики





Путин в России и мире
Москва

Стало известно, кто из Томской области едет в Москву на инаугурацию президента


Лукашенко в Беларуси и мире
Минск

Польский судья Шмидт попросил защиты у Лукашенко и политического убежища в Белоруссии




123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире

Навальный в России и мире


Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Филипп Киркоров

«Смотрю в зеркало и говорю: ну красивый!»: Филипп Киркоров отметит день рождения в «Шоу Воли» на ТНТ



Москва

Инаугурация президента запускает масштабные перемены

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net