Главные новости Надыма
Надым
Август
2020

«Ош-Тазалык» төрт машинелүү болду

0
«Ош-Тазалык» төрт машинелүү болду

«Азаттык» аймактардагы кабарчылар жиберген сүрөт жана видеолор топтомун жарыялоону улантат.

Ысык-Көл облусу

Туристтер көп каттаган Бостери айылындагы базар быйыл ээн. Андагы 900 сатуучуга ылайыкташкан орунда азыркы тапта болгону 400гө жетпеген соодагер отурат. Алардын 60 пайызын Чүй облусунан жана Бишкек шаарынан келгендер түзөт. Чолпон-Атадагы базарда дагы ушундай эле көрүнүш. Соодагерлер алган насыясын кантип жабабыз деп кабатыр. Жайкысын үч ай иштеп, жыл бою элин багып келген эки базардагы тиричилик тууралуу видеодон көрө аласыз.

Коронавируска каршы Каракол шаардык штабы кафе жана ресторандарга саат 23:00гө чейин иштөөгө уруксат берди. Бул тууралуу шаардык мэриянын "Фейсбуктагы" баракчасына жарыяланды. Маалыматка караганда 18-августта өткөн жыйында штабдын мүчөлөрү кафе жана ресторандарга иштөөгө саат 20:00гө чейинки коюлган чекти алуу маселесин карап, майрамдык иш-чараларды өткөрүүгө (туулган күн, юбилейлер) тыюу салуу шарты менен колдоого алынган.

Мэрия ошондой эле жарандарды беткап кийүүгө чакырып, өзүнүн жана айланасындагы адамдардын ден соолугун коркунучка кептебей, себепсиз көчөгө чыкпоого үндөдү.

 

Боронов той-аштарды токтотууга чакырды

Премьер-министр Кубатбек Боронов 19-августтагы онлайн брифингде Кыргызстандагы эпидемиологиялык абалды турукташтырууга жардам берүүгө коомчулукту чакырды. Ал күзүндө той-аштар көп өткөрүлө турганын эске салып, пандемияга байланыштуу азыр андай иш-чараларды токтото турууну сунуш кылды.

«Биздин өлкөдө күз айларында той жана мааракелер көп өткөрүлөт. Бирок мекендештерди мындай иш-чараларды токтотууга жана өкмөттүн позициясына, бекитилген талаптарга түшүнүү менен мамиле кылууга чакырам. Ден соолуктан башка баалуу эч нерсе жок, өзүңөрдү жана жакындарыңарды сактагыла!».

Пандемиядан улам Кыргызстанда карантиндик чектөөлөр бар. Ресторан-кафелерге той-аш өткөрүүгө, эл көп катышуучу иш-чараларга тыюу салынган. Мындай талапты аткарбаган юридикалык жактарга 13 миң, жеке адамдарга үч миң сом айыппул салынат.

Өткөн аптада Бишкекте эреже сактабаган бир канча кафе-ресторан, клубдар аныкталган.

Ошондой эле бүгүнкү брифингде премьер-министр саясий партияларды санитардык эрежелерди сактоого үндөдү.

«Өлкөдө эпидемиологиялык кырдаал турукташып калды, бирок айрым райондордо абал дагы эле курч. Бул шартта бардык тарап, анын ичинде жагдайды мындан ары да жакшыртуу маселесинде саясий партиялар жоопкерчиликтүү болууга тийиш. Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан эл менен жолугушууларды өткөрүш үчүн белгилүү бир талаптар иштелип чыгууда. Баарынан биринчиси - залда уруксат берилген санда гана адам болуш керек. Имараттарда санитардык-эпидемиологиялык эрежелер сакталып, байма-бай желдетилип турушу керек».

Ош облусу

«Ош-Тазалык» атайын адистештирилген муниципалдык ишканасына жергиликтүү бюджеттен жолдорду шыпырып, жууй турган төрт техника каражаты алынды. Алар үчүн шаар казынасынан 16 миллион сом бөлүнгөн.

Машинелерди тапшыруу аземи 18-августта өтүп, ага Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, тиешелүү ишканалардын жетекчилери, «Ош-Тазалыктын» кызматкерлери катышты.

«Ош-Тазалык» өзүн өзү каржылаган ишкана болгонуна карабай 2019-жылы мэриянын казынасынан 30 миллион сомдук техника каражатын алып, алты миллион сом каражатты дотацияга алган. 2020-жылдын бюджетинен жогорудагы 16 миллиондон сырткары 20 миллион сом дотация бөлүнгөн.

Мындан сырткары да ишкана коронавирус пандемиясынан улам акча топтолбой, «күйүүчү майды сатып алууга» деп 10 миллион сом сурап мэрияга кайрылган. Шаар бийлиги май айында буга чейин каралган каражаттын жети миллион сомун чукулунан бөлүп берген.

Ишкананын маалыматына ылайык, шаарды тазалаш үчүн күнүнө эки тонна күйүүчү май сарпталат. Учурда анда 50дөн ашык техника каражаты иштеп, 300гө жакын кызматкер эмгектенүүдө.

Эпидемиологиялык абал жакшырса, мектептерде окуу экинчи чейректе уланышы мүмкүн

Кыргызстанда жаңы окуу жылында биринчи чейректен кийин эпидемиологиялык абал жакшырса, экинчи чейректе мектептер толук иштей баштайт. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов 19-августтагы онлайн брифингде билдирди.

Боронов окуу жылынын башталышы менен коомдук транспорттун иш жадыбалы кайра каралып чыгарын айтты.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу быйыл Кыргызстандагы мектептер, жогорку жана орто окуу жайларында жаңы окуу жылы онлайн форматта башталат. Өкмөт быйыл 1-класстар гана мектепке барып окуйт деген чечим кабыл алган.

Кыргызстанда 2019-2020-окуу жылы март айынан тартып онлайн форматка өткөрүлүп, аяктаган.

Чүй облусу

Екатеринбургдан Бишкекке 166 кыргызстандык келди

19-августта Екатеринбургдан Бишкекке 166 кыргызстандык «Урал аба жолдору» авиакомпаниясынын чартердик каттамы менен жеткирилди.

Тышкы иштер министрлиги билдиргендей, жарандар Екатеринбург, Челябинск, Магнитогорск, Тюмень, Сургут, Салехард, Надым, Курган, Перм жана башка шаарлардан келишти. Жүргүнчүлөрдүн тизмеси жарандардын жана кыргыздардын диаспораларынын кайрылууларынын негизинде түзүлгөн.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин маалыматына караганда, Кыргызстанда коронавирус пандемиясы башталган 20-марттан 10-августка чейин Орусиянын 21 аймагынан жалпы жонунан 26 миңден ашуун жаран мекенине кайтты.

Бишкекте бүгүнтөн тартып төрт стационар ишин токтотту

Коронавирус жана пневмония боюнча даттанып кайрылган жарандар азайганына байланыштуу борбор шаардагы төрт стационар ишин токтотту. Бул чечимди шаардык эпидемияга жана эпизоотияга каршы комиссия кабыл алганын мэриянын басма сөз кызматы маалымдады. Ага ылайык, 18-августтан тартып Жайыл Баатыр көчөсүндөгү «Газпром» ишканасына таандык спорткомплексте ачылган стационар, «Чыгыш-5» кичирайонундагы спорт мектебинде, №68 мектеп-гимназияда жана №96 орто мектепте ачылган стационарлар ишин токтотот. Медициналык жабдуулар жана керебеттер зыянсыздандырылып, сактоого коюлат.

Кожомкул атындагы спорт сарайындагы күндүзгү жана 12-кичирайондогу «Бишкекнаабайкана» ишканасынын имаратындагы күнү-түнү иштеген стационар ишин улантат. Бишкекте спорт комплекстеринде, мейманканаларда жалпысынан 13 стационар түзүлгөн. Эпидемиологиялык кырдаал турукташканына байланыштуу баш калаада август айынын башынан бери он чакты стационар ишин токтоткон.

Ош шаарында да 17-августтан тартып күнү-түнү иштеген стационарлар жабылары кабарланган. Мэриянын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров «Азаттыкка» жалпысынан шаарда беш стационар иштегенин билдирди:

«Акыркы учурда кайрылган бейтаптар кескин азайганына байланыштуу үч стационар толугу менен жабылды, калган экөө - Манас Ата жана Кулатов кичирайондорундагы стационарлар бейтаптарды түнкүсүн гана кабыл алат».

Баткен облусу

Пандемияда түзүлгөн кырдаал айрымдарды жумушсуз калтырса, кээ бирөөлөрдү жаңыча изденип, жаңы идеяларды ишке ашырууга түрттү. Баткен районунун тоо арасындагы Кыштут айылынын тургундары элдин алыска эс алууга бара албай калган абалынан пайдаланып, ички туризмди жандандырууну колго алышты. Алар айылдагы кызыктуу уламышка бай кооз жаратылыш аймагына эс алуу жайларын куруп жатышат. Негизги киреше Орусиядагы мигранттардан келип турган бул айылда эми туризмден пайда табуу аракети башталды.

Нарын облусу

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 19-августта Нарын облусуна болгон эки күндүк иш сапары менен барды. Иш сапарын Кочкор районунан баштаган өлкө башчысы ички жолдорду реконструкциялоо, ирригация долбоорунун ишке ашырылышынын жүрүшү, сүттү кайра иштетүү тармагы жана аймактагы «Сал-Эм» асыл тукум заводунун ишмердүүлүгү менен таанышты.






Загрузка...


Губернатор Ямало-Ненецкого автономного округа Дмитрий Артюхов
Москва

Собянин рассказал о ходе строительства Троицкой линии метро


Спорт в Ямало-Ненецком автономном округе
Ямало-Ненецкий автономный округ

Ямальские медики посвятили футбольный турнир Великой Победе


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
Новак Джокович

Новак Джокович с позором вылетел с турнира в Риме


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в Ямало-Ненецком автономном округе
Ямало-Ненецкий автономный округ

В Новоуренгойском ЯмалЭкоДоме стартовал проект, посвященный истории города





Путин в Ямало-Ненецком автономном округе
Москва

Президент России утвердил Основы государственной политики РФ в области исторического просвещения: комментарий экспертов Президентской академии в СЗФО


Лукашенко в Беларуси и мире
Минск

Лукашенко надеется на восстановление транспортных маршрутов с Израилем




123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире
Киев

Последняя ставка. Киев в отчаянии из-за успехов российских сил. Зеленский прибегает к немыслимому способу спастись


Навальный в Ямало-Ненецком автономном округе


Здоровье в Ямало-Ненецком автономном округе


Частные объявления в Надыме, в Ямало-Ненецком автономном округе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Игорь Бутман

Игорь Бутман раскрыл, куда исчезла певица Ирина Отиева



Надым

Новое звучание: ямальские школы получили первую партию музыкальных инструментов в этом году

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net