Украина Радасы башка өлкөлөрдү жикчил “республикаларды” тааныбоого чакырды
22-февралда Украинанын Жогорку Радасы өлкөнүн чыгышындагы жикчилдердин “Донецк Элдик Республикасы” жана “Луганск Элдик Республикасы” түзүлүштөрүн көз карандысыз мамлекет катары таануу чечимине байланыштуу билдирүү кабыл алды. Парламент муну кескин айыптап, Москва бул аракети менен иш жүзүндө Минск келишиминен чыкканын билдирди.
Жогорку Рада андан ары башка өлкөлөргө жана эл аралыкты уюмдарга кайрылып, жикчилдер ээлеп турган Украинага караштуу аймактарды Орусиянын артынан тааныбоого чакырды. Украин парламенти батыш мамлекеттерин Орусияга карата катуу санкцияларды көрүүгө үндөдү.
21-февралда Путин Украинанын чыгышындагы жикчилдердин “Донецк Элдик Республикасы” жана “Луганск Элдик Республикасы” түзүлүштөрүн көз карандысыз мамлекет катары тааный турганын жарыялаган. Алардын лидерлери менен кызматташуу келишимине кол койгон. Бул чечимди Мамдума 22-февралда ратификациялап берди.
Украина президенти Владимир Зеленский Орусиянын аракетин өз өлкөсүнүн суверенитетин бузуу катары баалады. Батыш өлкөлөрү жана НАТО, Евробиримдик да Москванын кадамын кескин айыптады.
Кремлдин соңку чечими Донбасста кырдаал курчуган маалда ишке ашты. Өз кезегинде Орусия Украинанын тегерегине 150 миңдей аскерин жыйнаган. (ErN)