Добавить новость
Главные новости Москвы
Москва
Февраль
2022

Орусиянын Коопсуздук кеңеши Донбассты мамлекет катары таануу маселесин карады

0
21-февралда Орусиянын Коопсуздук кеңеши президент Владимир Путиндин төрагалыгы астында Украинанын чыгышындагы жикчилдердин “Донецк Элдик Республикасы” жана “Луганск Элдик Республикасы” түзүлүштөрүн таануу маселесин карады.


Жыйынды Путин өзү ачып, аталган аймактарда окуянын башталышына баа берди. Ал “Минск макулдашуусунун алкагында Донбасстагы кырдаал боюнча сүйлөшүү мындан ары уланарынан үмүт жок” деп айтты.


Президенттик администрациянын жетекчисинин орун басары Дмитрий Козак “Киев Минск келишимин сактабай, Донбассты кайра кайтарууга аракет кылып жатканын” айтса, Федералдык коопсуздук кызматынын (ФСБ) башчысы Александр Бортников эки республиканын аймагында кырдаал начарлап баратканын, атышуулар күчөгөнүн, ал тургай Орусиянын аймагына да ок атуулар болгонун билдирди. Ал ушул тапка чейин орус жергесине 68 миңдей адам качып өткөнүн айтты.


Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев “бул аймактар Украинага кереги жоктугун”  айтып, алардын көз карандысыздыгын таануу керек деген позициясын билдирди. Ал өзү президент болуп турган учурда Абхазия менен Түштүк Осетиянын көз карандысыздыгын тааныганын, муну менен ал жердеги адамдардын өлүмүн алдын алганын белгиледи.


Мамлекеттин думанын төрагасы Вячеслав Володин Украинанын чыгышындагы жикчилдер көзөмөлдөгөн аймактардын көз карандысыздыгын парламент тааныганын, аны президенттин бекитүүсү гана калганын билдирди. Аталган эки аймакты таануу демилгесин премьер-министр Михаил Мишустин менен Федерациялык кеңештин төрайымы Валентина Матвиенко да колдой турганын маалымдашты. Путин жакын арада чечим кабыл аларын айтып, жыйынды жапты.


Коопсуздук кеңешинин отурумун орусиялык телеканалдар түз алып көрсөтүп жатканын кабарлашты. Бир катар басылмалар жыйынга катышып жаткандардын сааттарына карап, жыйын алдын ала жаздырылганын жана бардык жактан бирдей убакытта эфирге коё берилгенин жазып жатышат. 


Мунун алдында Орусия колдогон жикчил топтордун башчылары Денис Пушилин менен Леонид Пасечник Путинге кайрылып, алардын көз карандысыздыгын таанууну суранышкан. Бул Донбасстагы соңку кырдаал курчуган учурга туш келди. Өз кезегинде Орусия Украинанын тегерегине 150 миңдей аскерин жыйнаган.


Украинанын чыгышындагы согуштук аракеттерден кийин ошол аймактагы орусиячыл жикчилдер 2014-жылдын апрель айында эки облустун аталышын “Донецк Элдик Республикасы” жана “Луганск Элдик Республикасы” деп жарыялашкан. Москва Украинага карата агрессияны жана жикчилдерди колдогонун төгүндөп келет. Эки аймакты тең бир да өлкө мамлекет катары тааныган эмес, алар экөө биригип Донбасс деп да аталат. (ErN)




 





Загрузка...


Мэр Москвы Сергей Собянин

Спорт в Москве

Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса

Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в Москве




Путин в Москве

Лукашенко в Беларуси и мире



123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.






Здоровье в Москве


Частные объявления в Москве, в Московской области и в России






Загрузка...

Загрузка...





Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net