Айтматовдун эл аралык клубунун кезектеги сыйлыктары тапшырылды
Айтматовдун эл аралык клубу менен Чыңгыз Айтматовдун коомдук академиясы адабият, маданият жана илим тармагында иштегендерге "Академик" деген наам менен сыйлык тапшырды. Салтанат 12-февралда Бишкекте өттү. Татыктуулар 2014-2018-жылдардагы жыйынтык боюнча тандалды.
Быйылкы сыйлыкка Кыргызстандагы жана чет элдеги бир катар жазуучулар, театр ишмерлери жана илимпоздор татыктуу болду.
Айтматовдун эл аралык клубу менен Чыңгыз Айтматовдун коомдук академиясы 1991-жылдан бери ар төрт жыл сайын адабият, маданият жана илим тармагында эмгектенгендерге "Академик" наамын жана сыйлык тапшырып келет. Алгачкы лауреаттары француз жазуучусу Луи Арагон, казак жазуучусу Мухтар Ауэзов, сүрөтчү, киноактер Сүймөнкул Чокморов болушкан. (ZA)