КТРКны жетектөөгө бир да талапкер арыз бере элек
![КТРКны жетектөөгө бир да талапкер арыз бере элек](https://gdb.rferl.org/9E3F2E36-B012-402D-9B6E-1D3B89505275_cx0_cy5_cw0_w800_h450.jpg)
Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын жетекчилик ордуна бир да талапкер арыз тапшыра элек. Бул тууралуу каналдын Байкоочу кеңешинин төрагасы Жыпар Жекшеев “Азаттыкка” билдирди. Ал оозеки сурап кызыккандар көп болгону менен расмий арыз түшө электигин кошумчалады.
- Оозеки чалып, сурагандар көп. Кызыгып жатса керек. Бизде чектөө жок, ким каааласа сынакка катышсын. Ким жеңсе ошол иштейт, эч кимисине жолтоо боло албайбыз.
КТРКнын жетекчилигине сынак 18-январда жарыяланган. Арыздар 18-февралга чейин кабыл алынат. Жетекчини Байкоочу кеңеш жабык добуш берүү жолу менен тандайт.
Коомдук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө мыйзамга ылайык, башкы директор төрт жылга шайланат.
Сынак КТРКнын азыркы жетекчиси Илим Карыпбековдун иштөө мөөнөтү аягына чыгып жатканына байланыштуу жарыяланган.
Коомдук биринчи каналдын курамында учурда алты телеканал: “КТРК”, “КТРК Музыка”, “Маданият-Тарых-Тил”, “Баластан”, “КТРК Спорт” жана “Ала-Тоо 24” обого чыгууда. Ошондой эле аталган медианын Кыргыз радио бирикмесинде беш радио: “Биринчи радио”, “Кыргыз радиосу”, “Миң кыял”, “Достук”, "Балдар FM" радиолору бар.
Телеканалга мамлекеттен жылына 400 миллион сомдон ашык каражат бөлүнөт. (КЕ)