Эстонияда офицер менен атасы Орусиянын кызыкчылыгына тыңчылык кылган деп соттолду
Эстониянын соту Коргонуу күчтөрүнүн Башкы штабынын мурдагы офицери, майор Денис Метсавасты Орусиянын кызыкчылыгы үчүн тыңчылык кылган деп айыптап, 15 жылга эркинен ажыратты. Ушундай эле берене менен анын атасы Петр Волин алты жылга соттолгонун Postimees басылмасы жазды.
Тергөөнүн версиясына караганда, айыпталуучу жашыруун маалыматтарды Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башкы башкармалыгына берип турган. Метсавас орус чалгынчылар менен 10 жылдай, атасы беш жылдай иштеген. Маалыматтар үчүн алар акча алып турушкан.
Ата-бала 2018-жылы сентябрда кармалган. Алдын ала маалыматтарга караганда, алар Эстониянын аскерий инфраструктурасы жана өнөктөштөрү менен кызматташуу тууралуу маалыматтар берип турган. Бул өлкөнүн Коргонуу күчтөрүнүн кол башчысы, генерал Рихи Террас, соттолуучулардын аракети Эстония менен НАТОго чоң чыгым алып келгенин билдирди.
Метсавас Эстония армиясында, артиллерия аскеринде жана Башкы штабда 1998-жылы кызмат өтөгөн. Өлкөнүн коргонуу планын түзүүгө катышкан. Волин союз маалында СССР Коопсуздук комитетинин чек ара аскеринде эмгектенген.