Түркияда тик учак кулап, төрт киши каза болду
![Түркияда тик учак кулап, төрт киши каза болду](https://gdb.rferl.org/D5D6E9FD-9D3A-4FF3-A3E8-D6C35A5A40DF_w800_h450.jpg)
Түркияда аскерий тик учак кулап, борттогу төрт аскер каза болду. Тик учак авариялык конуу жасаган.
UH-1 үлгүсүндөгү тик учак 11-февралда Стамбулдун Чекмикой районундагы көп кабаттуу үйлөр жайгашкан аймагына кулаганын шаардын губернатору Али Ерликая Twitter баракчасына жазды.
Тургундардын арасынан жабыркагандар жок. Стамбулдун прокуратурасы кырсыктын себептери азырынча белгисиз экенин, иликтөө иштери башталганын кабарлады.