Жаза аткаруу кызматы: Кадыров менен Асанов бошотулган жок
![Жаза аткаруу кызматы: Кадыров менен Асанов бошотулган жок](https://gdb.rferl.org/F49340CB-1B83-4852-A928-8E9675AA6A8F_w800_h450.jpg)
"Бийликти басып алууга аракеттенген" деген айып менен соттолуп, камакта отурган Кубанычбек Кадыров жана Бектур Асанов шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыгышты деген маалыматтар чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Жаза аткаруу кызматынын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова "Азаттыкка" билдирди:
- Экөө тең абакта жазасын өтөп жатышат. Бизге алардын бошотулганы тууралуу соттун чечими келмейинче, эркиндикке чыгарылбайт.
12-февралда Бишкекте саясий туткундарды реабилитациялоо тууралуу жыйында укук коргоочу Турсунбек Акун "Бийликти басып алууга аракеттенген" деген айып менен камакта отурган Кубанычбек Кадыров жана Бектур Асанов шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыгышты деп билдирген.
Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыров 2016-жылы март айында "бийликти басып алууга аракеттенген” деген айып менен камакка алынган.
Жогорку сот алардын ишин 2017-жылы 7-июнда карап, күнөөлүү деп тапкан, бирок жаза мөөнөттөрүн азайткан. Ага ылайык Асанов менен Кадыров сегиз жылга, алар менен кошо камакка алынган Эрнест Карыбеков 14 жылга кесилген. Мурдагы мамлекеттик катчы Дастан Сарыгуловду төрт жылга шарттуу түрдө эркинен ажыратуу боюнча буга чейинки чечим өзгөрүүсүз калган. Шаардык сот Асанов менен Кадыровду 12 жылга, ал эми Карыбековду 20 жылга эркинен ажыраткан.
Буга чейин Асанов жана Кадыров УКМКнын мурдагы башчысы Абдил Сегизбаевди кызматтан алууну талап кылып бир нече апта бою ачкачылык кармаган. (KJ/ZKo)