Мы в Telegram
Добавить новость
123ru.net
Azattyk.org
Сентябрь
2020

Новости за 27.09.2020

Эгемендикти коргогондордун акциясы

Azattyk.org 

Бишкек, Ош жана Каракол шаарында «Кул болбо!» деп аталган акция өттү. Митингдин катышуучулары «Биримдик» партиясынын төрагасы Марат Аманкуловдун эгемендүүлүк боюнча сүйлөгөн сөзүнө каршы чыгышкан. Алар «Биримдиктин» шайлоодон четтетилишин жана Марат Аманкуловдун жоопкерчиликке тартылышын талап кылышты.

Беларуста "элдик инаугурацияда" ондогон адамдар кармалды

Azattyk.org 

Беларуста Минск баштаган бир катар шаарларда күч органдары каршылык акциясына чыккан ондогон адамдарды кармап кетти. "Азаттыктын" беларус кызматы демонстранттар Минскиде Жеңүүчүлөр проспектисинде, Спорт ордосунун жана "Юбилейная" мейманканасынын жанына чогулганын, милиция кууп таратканын жазды. Ошондой эле Гродно шаарында акцияга чыккан ондогон адамдар кармалды. Ушундай эле окуялар Лида, Могилев, Гомел шаарларында да болду. Беларуста президенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы миңдеген жарандар 50 күндөн бери каршылык акцияларына чыгып жатат. Читать дальше...



Орусияда кулаган көпүрөдө жабыркаган эки кыргызстандыктын абалы оор

Azattyk.org 

Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин басма сөз катчысы Алмаш Алтымышева маалымдады. Анын айтуусунда 17-сентябрда көпүрө кулаганда жабыркагандардын ичинен ооруканага 51 адам жаткырылган. "51 адам ооруканада. Экөөнүн абалы оор деп жатышат. Биздин консулдар иштеп жатышат. Ишти элчи Аликбек Жекшенкулов толугу менен өз көзөмөлүнө алган",-деди Алтымышева. 27-сентябрда Москва облусунун Ступин районундагы «ФМ Сидорово» аттуу логистикалык ишканада жөө жүргүнчүлөр каттаган көпүрө кулап, анда иштеген кыргызстандык жарандар жабыркаган. Читать дальше...

Азербайжан "Тоолуу Карабактагы жети айылды бошотконун" жарыялады

Azattyk.org 

Азербайжандын президенти Илхам Алиев 27-сентябрда Армения менен чек арасындагы соңку кырдаалдан улам Коопсуздук кеңешин жыйынга чогултту. Анда коргоо министри Закир Гасанов Тоолуу Карабакта Физули-Жабраил багытындагы жети айыл "бошотулганы" тууралуу маалымат берди. Алиев "азери элин, азери армиясын алгачкы жеңиши менен куттуктады" деп жазылат президенттин расмий сайтында. Армения Тоолуу Карабактагы "бошотулган" айылдар тууралуу азырынча комментарий бере элек. Мунун алдында Ереван азери аскерлери Тоолуу Карабакка чабуул койгонун айткан. Читать дальше...

"Башка Орусия " партиясы жоюлду

Azattyk.org 

Орусияда каттоодон өтпөгөн "Башка Орусия" партиясы өзүн өзү жойду. Бул тууралуу маалымат аталган партиянын расмий сайтына жарыяланды. "Башка Орусиянын" Москва шаардык бөлүмүнүн башчысы Ольга Шалина "Интерфакс" агенттигине анын ордуна аталышында Эдуард Лимоновдун ысымы бар жаңы партия түзүлөрүн билдирди. Ага ылайык эми "Э. В. Лимоновдун башка Орусиясы" деп аталган жаңы партияны каттоодон өткөрүүгө аракет кылышат жана партияны негиздөө боюнча курултай бир жылдан кийин өткөрүлөт. "Башка Орусияны"... Читать дальше...

COVID-19: Лондондо карантин чараларына каршы акция өттү

Azattyk.org 

Лондондун так ортосунда, Трафальгар аянтында ишембиде коронавирус пандемиясынан улам карантин чараларын кайталап киргизүүгө каршы жүздөгөн адамдар чогулду. Демонстранттардын көбү беткап тагынбай, эркиндиги чектелип жатканын айыпташты жана "Мен макулдук берген эмесмин" деген жазууларды көтөрүп турушту. Шаар полициясы аларды социалдык аралыкты сактоого чакырды жана күч органдарына акарат келтирип, кол көтөрүүгө жол берилбесин эскертти. Мындан бир апта мурун Лондондогу ушундай акцияда демонстранттар... Читать дальше...

Алматыда орусиячыл блогер Ермек Тайчибеков камалды

Azattyk.org 

Казакстанда Алматы шаардык тергөө соту блогер Ермек Тайчибековду эки айга камоо тууралуу өкүм чыгарды. "Азаттыктын" казак кызматы ага "улут аралык кастыкты козутуу" боюнча айып тагылганын, буга Орусиядагы "Россия сегодня" мамлекеттик холдингине кирген "Украина.ру" басылмасына берген комментарийи негиз болгонун жазды. Блогердин адвокаты Галым Нурпеисовдун билдиришинче, сот жараяны  жашыруун өткөн жана Тайчибековдун каршы болгонуна карабай ага мамлекеттик адвокат берилген. Ермек Тайчибеков орусиячыл көз карашы, пикири менен таанымал. Читать дальше...



Арменияда аскердик абал жарыяланып, жалпы мобилизация башталды (видео)

Azattyk.org 

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян өлкөдө аскердик абал жарыялап, Азербайжан менен Тоолуу Карабактын айланасындагы куралдуу кагылыштын курчушуна байланыштуу резервдеги кызматкерлерди мобилизациялоону тапшырды. Пашинян мунун алдында эртең менен билдирүү таратып, Азербайжандын куралдуу күчтөрү Тоолуу Карабак багытында чабуул менен чыкканын билдирген. Өлкөнүн Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Шушан Степанян Карабактагы кармашта Азербайжандын куралдуу күчтөрүнө тиешелүү эки тик учак жана үч учкучсуз техника жок кылынганын кабарлап... Читать дальше...

28-сентябрга карата аба ырайы: тоолуу райондордо кар жаайт

Azattyk.org 

«Кыргызгидромет» борборунун маалымдашынча, 28-сентябрда түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаайт. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Күндүз Чүй, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө жамгыр жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет. Читать дальше...

Орусияда 49 кыргыз жараны кырсыктады

Azattyk.org 

27-сентябрда Орусиянын Москва облусунун Ступин районундагы «ФМ Сидорово» аттуу логистикалык ишканада жөө жүргүнчүлөр көпүрөсү кулап, 49 кыргызстандык жаракат алды. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги кабарлады. Жаракат алган төрт кыргыз мигранты оор абалда ооруканага жеткирилди. Каза болгондор жок. Элчиликтен кабарлашкандай, кырсык болгон жерде Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, тергөө комитетинин, прокуратуранын, Тез жардам кызматынын жана башка органдардын кызматкерлери иштеп жатышат. Читать дальше...

Орусияда көпүрө кулап, 49 кыргызстандык жаракат алды

Azattyk.org 

27-сентябрда Орусиянын Москва облусунун Ступин районундагы «ФМ Сидорово» аттуу логистикалык ишканада жөө жүргүнчүлөр көпүрөсү кулап, 49 кыргызстандык жаракат алды. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги кабарлады. Жаракат алган төрт кыргыз мигранты оор абалда ооруканага жеткирилди. Каза болгондор жок. Элчиликтен кабарлашкандай, кырсык болгон жерде Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, тергөө комитетинин, прокуратуранын, Тез жардам кызматынын жана башка органдардын кызматкерлери иштеп жатышат. Читать дальше...

Тоолуу Карабакта кырдаал курчуду

Azattyk.org 

Армениянын Коргоо министрлиги Азербайжандын үч танкы жок кылынганын билдирди. Азербайжан менен Армения бири-бирин айыпташууда. Расмий маалымат боюнча эки тараптан тең адам курмандыктары бар.

«Кул болбо!» акциясынын алкагында Ошто да активисттер чогулду

Azattyk.org 

«Биримдик» партиясынын төрагасы Марат Аманкуловдун эгемендикке байланыштуу сөздөрүнө каршы «Кул болбо!» деп аталган нааразылык акциясы Ош шаарында да уланды. Чогулгандар «Кул болбо!», «Маңкурт болбо!», «Бөтөн жерде султан болгуча, өз жериңде ултан бол» деген чакырыктар жазылган кагаздарды көтөрүп чыгышты. Оштогу акция Ак-Буура дарыясынын үстүндөгү подиумдан жүрүш менен башталып, Алымбек Датка эс алуу багында уланды. Ушунда эле аталыш менен 27-сентябрда Бишкек шаарынын борбордук аянтында нааразылык митинги өттү. Читать дальше...

Бишкектеги митингдин катышуучулары тарап кетишти

Azattyk.org 

Бишкек шаарынын борбордук аянтында «Биримдик» партиясынын төрагасы Марат Аманкуловдун эгемендикке байланыштуу сөздөрүнө каршы өткөн нааразылык акциясы эки саатка созулду. «Кул болбо!» аттуу акцияда «Аманкулов, чык эшикке», «Эгемен Кыргызстан», «Кыргыз жери кол тийгис», «Маңкурт болбо», «Эгемендүүлүк, элге!», «Саткындар кетсин!» деген ураандар жаңырды. Сөз сүйлөгөндөр Аманкуловдун сөзүндө жикчилдик бар экенин айтып, аны жоопкерчиликке тартууну өтүнүштү. Парламенттик шайлоого катышып жаткан «Ата Мекен»... Читать дальше...

Армения менен Азербайжандын ортосундагы чырлуу аймакта кырдаал курчуду (видео)

Azattyk.org 

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян 27-сентябрда эртең менен билдирүү таратып, Азербайжандын куралдуу күчтөрү Тоолуу Карабак багытында чабуул менен чыкканын жарыялады. Бул тууралуу Пашинян "Фейсбуктагы" баракчасына жазды. Өлкөнүн Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Шушан Степанян Карабактагы кармашта Азербайжандын куралдуу күчтөрүнө тиешелүү эки тик учак жана үч учкучсуз техника жок кылынганын кабарлады. Азербайжандын Коргоо министрлиги Армения азербайжандык аскерлерге жана калктуу конуштарга ок жаадырды деп кабарлады. Читать дальше...

Орусияда укук коргоочулар дайынсыз жоголгон чечен активистин табууну талап кылууда

Azattyk.org 

Орусиялык укук коргоочулар уурдалып кетти деп эсептелип жаткан 19 жаштагы чечен активисти Салман Тепсуркаевди табууну орус бийлигинен талап кылууда. Бул тууралуу билдирүү Орусиядагы «Мемориал» укук коргоо уюмунун сайтында жарыяланды. Билдирүүдө Тепсуркаевдин жоголушуна байланыштуу кылмыш иши козголуп-козголбогону боюнча тергөө органдарына суроо узатылат. Укук коргоочулар чечен бийлигин сындагандарга карата кылмышка баргандарды жоопкерчиликке тартууну талап кылышат. «Чеченстандагы адам укуктарын... Читать дальше...

Бишкекте «Биримдиктин» төрагасы Марат Аманкуловдун сөзүнө каршы акция башталды

Azattyk.org 

Бишкекте «Биримдик» партиясынын төрагасы Марат Аманкуловдун эгемендикке байланыштуу сөздөрүнө каршы «Кул болбо!» аталышындагы акция өтүп жатат. «Эл, эрк, эркиндик!», «Эгемендүүлүк, элге!», «Саткындар кетсин!» деген ураандарды кыйкыргандар Эркиндик бульварынан жүрүш жасап, борбордук аянтка келишти. Митингде болжол менен 200-300дөн көп адам жүрөт. Чогулгандардын бир бөлүгү «Реформа» партиясынын желегин кармап жүрүшөт. 26-сентябрда Интернетте Марат Аманкуловдун сөзү жазылган кыска видео тараган. Читать дальше...


Музыкальные новости
Антонина Арталевская

Анна Данилова дала старт Всероссийской акции "Синий платочек Победы" 2024 на станции метро Курская





Персональные новости
Сергей Брановицкий

Песня под Ключ. Купить Песню под Ключ. Запись Песни под Ключ.





COVID-19: Илдетти жуктургандардын көбү Баткен облусунан аныкталды

Azattyk.org 

Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде COVID-19 илдети дагы 161 кишиден (U07.1 жана U07.2) жаңы аныкталды. Бул тууралуу 27-сентябрда Коронавируска каршы республикалык ыкчам штаб маалымдады. Жаңы учурлардын көбү Баткен облусуна туура келет, аймакта 45 факт аныкталды. Андан кийин Ош облусунда - 33, Бишкек шаарында - 29, Жалал-Абад облусунда - 23 жана Ош шаарында - 13. Дагы  тогуз учур Чүй облусунда, алты учур Ысык-Көл облусунда, эки учур Нарын облусунда жана бир учур Талас облусунда катталды. 27-сентябрга... Читать дальше...

Дубнов: Кыргызстанда Кремлге баш ийбеген саясий жараян болбойт

Azattyk.org 

Кремль кыргыз парламентинде кандай күчтөрдү көргүсү келет? Жогорку Кеңешке аттанган айрым партиялардын "Евразиячылык" идеясын алга сүрөгөнү эмнеден кабар берет? Орусиялык саясат талдоочу, Борбор Азия боюнча эксперт Аркадий Дубнов ой бөлүштү.

Трамп Эми Кони Барретти АКШнын Жогорку сотунун мүчөлүгүнө көрсөттү

Azattyk.org 

АКШ президенти Дональд Трамп Жогорку соттун судьялык кызматына талапкер катары 48 жаштагы, консервативдик көз карашты карманган судья Эми Кони Барретти сунуштаганын жарыялады. Талапкерди көрсөтүү аземи Ак үйдүн короосунда Барреттин өзүнүн жана үй-бүлөсүнүн катышуусунда өттү. Мунун алдында Барретт Трамптын саясатын колдогон консерваторлор үчүн ыктымал талапкерлердин катарында аталып жаткан. Эми Кони Барретт АКШ сенатынын судьялыкка тандоо жана добуш берүү боюнча процедураларынан жана Жогорку соттун... Читать дальше...

Апта: Аманкуловдун көксөгөнү, Лукашенконун жашыруун анты

Azattyk.org 

Узап бараткан аптанын урунттуу окуяларына сереп (21-27-сентябрь). Бул аптада бийликчил делген, шайлоого бараткан «Биримдик» партиясынын лидери, Социал-демократтар фракциясынын (КСДП) депутаты Марат Аманкуловдун «евразиячылык интеграция» тууралуу билдирүүсү чуу жаратты. Жуманын аягында Аманкуловдун буга чейин Москвада орус депутаттары менен жолугушууда айткандары тартылган видео тараган. Анда Аманкулов «Евразиялык Экономикалык Биримдик түзүлгөнү менен элдин ортосунда байланыш жетишсиз болуп жатканын... Читать дальше...

Спорт в России и мире
Москва

Открытый московский фестиваль конного искусства и спорта пройдет на ВДНХ


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
Андрей Рублёв

Рублев не отстал от «Реала»! Как русская звезда тенниса покорила Мадрид


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

Синоптик Позднякова: 9 мая в Москве еще будет кружить снег





Путин в России и мире
Москва

Стало известно, кто из Томской области едет в Москву на инаугурацию президента


Лукашенко в Беларуси и мире
Минск

Лукашенко: Минск не будет рисовать никаких линий, мгновенно ответит на агрессию




123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире

Навальный в России и мире


Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Джиган

Джиган планирует торговать пивом



Москва

Школьница родила в ТЦ, сняла роды на камеру и бросила младенца в лесу

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net