Мы в Telegram
Добавить новость
123ru.net
Azattyk.org
Сентябрь
2020

Новости за 18.09.2020

БУУ Беларустагы кырдаалга байланыштуу резолюция кабыл алды

Azattyk.org 

Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча кеңеши Беларустагы демонстрациялар маалында адам укуктары бузулган жагдайларды кылдат иликтөө боюнча Евробиримдик сунуштаган резолюцияны 18-сентябрда кабыл алды. Женевада өткөн жыйынга 47 мамлекет катышып, алардын 23ү документти колдоп, экөө каршы чыкты. 22 мамлекет добуш берген жок. Орусия добуш берүү укугуна ээ болбогондуктан, резолюцияга 17 өзгөртүү киргизүүнү сунуштады. Алардын бири да колдоо таппады. БУУнун адам укуктары боюнча башкы комиссары Мишель Бачелетке Беларустагы кырдаалга кылдат көз салып... Читать дальше...

Кремль: "Навальный суу ичкен бөтөлкөдөн уу табылды" деген “сандырак кеп”

Azattyk.org 

Кремль Германия жана бир катар Батыш өлкөлөрүнүн орус оппозиционери Алексей Навальный Сибирдеги мейманканада бөтөлкөдөгү суу менен ууландырылган деген версиясын “сандырак сөз” деп атады. Бир айдан бери Германияда ооруканада дарыланып жаткан Навальныйдын командасы оппозиционер Томск шаарында мейманкада ичкен суунун бөтөлкөсү Германияга жеткирилип, андан «Новичок» тобуна кирген нервди шал кыла турган зат табылганын билдирген. 18-сентябрда Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков Батыш өлкөлөрүнүн мындай билдирүүсүн четке кагып... Читать дальше...

Боршайком спикер Жумабековго "боор тартты"

Azattyk.org 

Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) караштуу маалымдоо жана үгүт иштерин көзөмөлдөө боюнча жумушчу топ Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабековдун парламенттик шайлоого "талапкер" деген макамын жокко чыгарууну сунуш кылган. 18-сентябрда бул сунуш БШКнын жыйынында каралып, колдоо тапкан жок. Боршайком «Кыргызстан» партиясына шайлоо эрежесин сактоону эскертти.



АКШ карасуулук Камит Савайдын көзү менен

Azattyk.org 

Камит Савай - кесиби боюнча электрондук инженер, техника илимдеринин кандидаты. Сегиз жылдан бери АКШнын Вашингтон штатындагы Сиэтл шаарында үй-бүлөсү менен жашайт. Убагында Бишкектеги Политехникалык институтта мурдагы президент Аскар Акаев менен бир кафедрада иштеген.

БШК Жумабековду «депутаттыкка талапкер» макамынан ажыраткан жок (видео)

Azattyk.org 

Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) караштуу маалымдоо жана үгүт иштерин көзөмөлдөө боюнча жумушчу топ Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабековдун парламенттик шайлоого "талапкер" деген макамын жокко чыгарууну сунуш кылган. 18-сентябрда бул сунуш БШКнын жыйынында каралып, колдоо тапкан жок. Боршайком «Кыргызстан» партиясына шайлоо эрежесин сактоону эскертти. Жумабеков 14-сентябрда Таласка Жогорку Кеңештин төрагасы катары барып, жаңы төрөгөн келинге 50 миң сом сүйүнчү берген. Алгач бул каражат спикердин фондунан бөлүнгөнү айтылып... Читать дальше...

Казакстанда куш тумоосунан канаттуулар кырылды

Azattyk.org 

Казак бийлиги куш тумоосунан 7 миңдей канаттуу кырылганын билдирди. Түркмөнстанда мектептердеги орус тилдүү класстар кыскарып жатат. ДССУ Европа мамлекеттеринде коронавирус тез жайылып жатканын билдирди.

Партиялар экономикага күйөбү?

Azattyk.org 

Пандемияда Кыргызстандын экономикасы оор кырдаалга кептелди. Бюджеттеги тартыштык рекорддук чекке жетип, тышкы карыздын көлөмү көбөйдү. Дал ушундай шартта шайлоого катышып жаткан саясий партиялар экономиканы өнүктүрүү үчүн кандай жолдорду сунуштап жатат? Партиялардын экономикалык программасы бүгүнкү абалды чагылдырабы? “Азаттыктын” “Эксперттер талдайт” берүүсүндө ушул суроолорду талкуулайбыз. Талкууга мурдагы экономика министри Эмил Үмөталиев, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Кубанычбек Исабеков, Эл... Читать дальше...

Талапкер мечиттеги минбарга качан чыккан?

Azattyk.org 

«Биримдик» саясий партиясынан парламентке талапкер болгон Жогорку Кеңештин депутаты Сайдолимжон Жураев Баткенде «диний жайда үгүт жасап жатат» деген видео Интернетке тарады. Ал эми талапкер Сайдолимжон Жураев мечитте шайлоо жараянынан мурда сүйлөгөнүн айтты.



Экс-министр эки айга камалды

Azattyk.org 

Мурдагы саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев эки айга камакка алынды. Башкы прокуратура ага «мамлекетке 65 миллион сом зыян келтирген» деген айып коюуда. Космосбек Чолпонбаев - Кыргызстанда коронавируска каршы күрөшкө байланыштуу камалган биринчи аткаминер. Мурдагы саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Биринчи май райондук сотунун чечими менен 15-ноябрга чейин камалды. Соттун 17-сентябрдагы чечимине ылайык, Чолпонбаев бул аралыкта Бишкектеги №1 тергөө абагында болот. Ал сотко... Читать дальше...

Паспортуңуз партияларга эмне үчүн керек?

Azattyk.org 

Азыркы учурда шайлоого аттанган партиянын үгүтчүлөрү элдин добушун алууга аракет кылып, шайлоочуларды №2 форма деп аталган документ менен өздөрүнө ыңгайлуу шайлоо тилкелерине каттаганга аракет кылып жатат. Бирок бул добуш сатып алуу катары да бааланууда. Алар паспортуңузду сурап сизге да келсе керек? Жарандын жеке документи партияларга эмне үчүн керек?

Жээнбековдун жинин келтирген жагдай

Azattyk.org 

Коопсуздук кеңешинде коррупцияга каршы күрөштүн үч жылдык жыйынтыгы талкууланды. Анда президент Сооронбай Жээнбеков бюджетти толтурган негизги мамлекеттик мекемелерде коррупция токтобой жатканын сындады. Кеңештин бул жолку отуруму Жээнбеков бийликке келгенине үч жыл болгон учурга тушташ өтүп, анын жемкорлукка каршы саясатына доомат күчөдү. 17-сентябрда Коопсуздук кеңеши укук коргоо органдарынын жемкорлукка каршы иштеринин жыйынтыгын, 2021-2024-жылдарга карата Кыргызстанда коррупция менен күрөшүү... Читать дальше...

БУУ: Коронавирус – глобалдык коопсуздук үчүн эң биринчи коркунуч

Azattyk.org 

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысы Антониу Гутерриш коронавирустун жайылышы көзөмөлдөн чыгып баратканын, пандемия глобалдык коопсуздук үчүн «№1 коркунуч» экенин айтты. Бул тууралуу баш катчы БУУнун Башкы ассамблеясынын жалпы жыйынын утурлай билдирди.    Дүйнөлүк уюм күз келгенде дүйнөдө COVID-19 вирусун «жайылышын» факт катары карайт. Гутерриштин пикиринде, вирусту ооздуктоо көзөмөлдөн чыгып кетти. Жакында бул илдеттен өлгөндөр дүйнөдө миллион адамдан ашат деген эсеп бар. БУУнун баш катчысы «Associated Press» агенттигине «вирус ... Читать дальше...

Күйөрмандар «Алайдын» абалына кабатыр

Azattyk.org 

Футбол боюнча Кыргызстандын төрт жолку чемпиону, Ош шаарынын «Алай» футбол клубунун күйөрмандары клубдун жетекчилигинин ишине нааразы экенин билдиришүүдө. Алар мындай билдирүүлөрүн социалдык тармактарга жарыялап жатышат.

Кыргызстан сасык тумоого каршы эмдөөдө Орусиянын вакцинасын колдонот

Azattyk.org 

Кыргызстандын Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору сасык тумоого каршы эмдөө жүргүзүш үчүн Орусиянын «Гриппол плюс» вакцинасын алды. Саламаттык сактоо министрлиги 18-сентябрда билдиргендей, вирустук ооруларга каршы вакцина ооруканалардын жугуштуу оорулар, реанимация бөлүмдөрүнө, «Тез жардам», төрөт үйлөрүнө, үй-бүлөлүк медициналык борборлордун кызматкерлерине, карыларга жана балдарга, майыптар үйлөрүнө, интернаттардын тарбиялануучулары менен ал жерде иштегендерге, өпкө, жүрөк... Читать дальше...

Кыйноого каршы борбор Бишкекте убактылуу камалгандардын шартын таш боор мамилеге теңеди

Azattyk.org 

Кыйноого каршы улуттук борбор Бишкектин милиция бөлүмдөрүндө камакта отургандардын шартын таш боор жана ырайымсыз мамилеге барабар деп мүнөздөдү. Мекеменин жетекчиси Бакыт Рысбеков "Азаттык" радиосуна билдиргенине караганда, борбор шаардын райондук ички иштер бөлүмдөрүндө текшерүү жүргүзүлүп, тергөө абагына жана шаардык убактылуу кармоочу жайга которулушу керек болгондор отурганы аныкталды. Борбордун басма сөз кызматы билдиргендей, соттун камакка алуу тууралуу чечими чыккандар Бишкектин №1 тергөө абагында... Читать дальше...

SIAR агенттигинин сурамжылоосу талкуу жаратты

Azattyk.org 

АКШнын USAID уюму тарабынан каржыланган SIAR консалтинг агенттигинин Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо боюнча кыргызстандыктардын саясий маанайы тууралуу сурамжылоосу талкуу жаратты.  Чөнтөк телефон аркылуу жүргүзүлгөн сурамжылоодо бардык аймак боюнча алгачкы тизмеден мурдагы СДПК менен «Ата Журт» саясий партияларын көрүүгө болот. Бирок жогорудагы партиялар 2020-жылдагы шайлоого катышпайт. Себеби, ал партиялардын лидерлери учурда түрмөдө отурат же болбосо мурун сот жообуна тартылган. Бул тууралуу... Читать дальше...

Шайлоо-2020: БШКнын жумушчу тобу Жумабековдун каттоосун жокко чыгарууну сунуш кылды

Azattyk.org 

Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) караштуу маалымдоо жана үгүт иштерин контролдоо боюнча жумушчу топ Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабековдун парламенттик шайлоого талапкер катары каттоосун жокко чыгарууну сунуш кылды. Бул тууралуу 18-сентябрда «Азаттыкка» БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматова билдирди: «Карап чыгышты. Бул маселени Боршайкомдун жакынкы жыйынына чыгарышат». Жумабеков 14-сентябрда Таласка Жогорку Кеңештин төрагасы катары барып, жаңы төрөгөн келинге 50 миң сом сүйүнчү берген. Читать дальше...


Музыкальные новости
Булат Окуджава

На Урале отметят 100-летие Булата Окуджавы





Персональные новости
#123ru.net

Ирина Струнова стала Терапевтом года





Тажрыйбалуу адабиятчылар жаш калемгерлерге сабак өтүшөт

Azattyk.org 

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен Улуттук жазуучулар союзу 16 жаштан 35 жашка чейинки калемгерлер арасында поэзия, проза, драматургия жанрлары боюнча окуу өткөрөт. Бул тууралуу Жазуучулар cоюзунун төрагасы Нурлан Калыбеков «Азаттыкка» билдирди: «Семинардын максаты - бүгүнкү рынок шартында чыгармачыл интеллигенциянын алсырап турган коомдогу ордун жогорулатуу. Жалпысынан бул семинарга 20 катышуучу катталды. Ал эми жаштарга поэзия боюнча Кыргыз эл акыны Сагын Акматбекова, проза боюнча Мелис Абакиров... Читать дальше...

ДССУ: Европада вирустун жайылуу көрсөткүчү өсүп жатат

Azattyk.org 

17-сентябрда коронавирустун глобалдык көрсөткүчү 30 миллион кишиден ашты. Ошол эле күнү Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) Европада вирустун бир адамдан башкаларга жугуу көрсөткүчү көбөйүп жатканы тынчсыздануу жаратарын билдирди. Эл аралык уюмдун Европа боюнча аймактык директору Ханс Клуге «муну баарыбыз коңгуроо катары кабыл алышыбыз керек» деп белгиледи. «Абдан олуттуу кырдалга туш болдук. Апталык көрсөткүч пандемия Европада алгач туу чокусуна жеткен март айында катталган сандардан ашып жатат. Читать дальше...

Бажыдагы коррупция боюнча 30дан ашык киши жоопко тартылды

Azattyk.org 

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын (Финансы полициясы) төрагасы Бакир Таиров Коопсуздук кеңешинин 17-сентябрдагы жыйынында бажы тармагындагы чоң коррупциялык схеманын бети ачылганын билдирди. Анын айтымында, бажы кызматкерлери «Айхан» деп аталган фирма менен алдын-ала сүйлөшүп, Кытайдан кирген товарлардан бажы төлөм алган эмес. Андан мамлекеттин казынасы 61 миллион сом зыян тарткан. Таиров бул акчанын 55 миллион сому мамлекетке кайтарылганын, 15 адам жоопко тартылганын айтты. Читать дальше...

19-сентябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Azattyk.org 

19-сентябрда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын кээ бир райондорунда маал-маалы менен жаан, тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Кээ бир аймактарда  жаан-чачын катуу жаайт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолорунда маал-маалы менен жаан, тоолуу райондордо жаан, кар жаашы мүмкүн. Баткен, Талас облустарында жана Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын жаабайт. Читать дальше...

ТИМ: Башкыртстанда да мекенине кайтууну көздөгөн кыргызстандык мигранттар топтолууда

Azattyk.org 

Орусиядан мекенине Казакстан аркылуу автобус менен кайтууга аракет кылган кыргызстандык мигранттар Башкыртстанда да топтоло баштады. Бул тууралуу 18-сентябрда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, Кыргызстандын көп сандагы жарандары Башкыртстандын аймагында, Оренбург облусу менен чектешкен тилкеде чогулуп турушат. Алар Оренбургдагы орус-казак чек арасындагы “Сагарчин” өткөрмө бекетине Казакстан кыргыз жарандары үчүн өз аймагынан өтүүгө уруксат берсе гана өтө алышат. Читать дальше...

Спорт в России и мире
Москва

На международной выставке-форуме "Россия" в Москве завершилась тематическая неделя спорта


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
WTA

Свентек переиграла Соболенко и выиграла титул WTA в Мадриде


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

Синоптик Позднякова: москвичей 7 мая ждет аномально холодная погода





Путин в России и мире
Москва

Стало известно, кто из Томской области едет в Москву на инаугурацию президента


Лукашенко в Беларуси и мире
Минск

Польский судья Шмидт попросил защиты у Лукашенко и политического убежища в Белоруссии




123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире

Навальный в России и мире


Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Концерт

Концерт ко Дню Победы проведут в Культурном центре «Интеграция» на Лазо



Москва

Снегопад из Москвы надвигается на Владимирскую область

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net