Жал кичи районунда көп кабаттуу үйдөн өрт чыкты
Бишкектин Тыналиев көчөсүндөгү жаңы курулуп жаткан көп кабаттуу үйдө өрт чыкканы тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өрт өчүрүү бөлүмүнө 16-сентябрь күнү, саат 22:23тө маалымат түшкөн. Бишкек шаардык өрт өчүрүү башкармалыгынан үч өрт өчүрүүчү бөлүм тиешелүү техникалары менен барышты. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматкери Элзат Абдраимова “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда, саат 23:30га карата өрт чектөөгө алына элек. Баштапкы маалыматтар боюнча өрттөн жабыркагандар жок. Өрттү өчүрүү иштери уланууда. Читать дальше...