Мы в Telegram
Добавить новость
123ru.net
Azattyk.org
Сентябрь
2020

Новости за 08.09.2020

Жардамга келген дарыгерлер ара жолдо калды

Azattyk.org 

Кыргызстанга Орусиядан июнь, июль айларында өз ыктыяры менен келип, "кызыл зоналарда" эмгектенген Москва, Санкт-Петербургдагы алдыңкы ооруканалардын кыргызстандык дарыгерлери ишине кайта албай убара тартышууда. Кыргызстандын оор күндөрүндө билек түрүп жардамга келген дарыгерлер азыр кете албай, ооругандары кенемте алышкан эмес.

Беларус бийлиги кууп кутулбаган оппозиционер

Azattyk.org 

Беларус оппозициясынын лидерлеринин бири, Координациялык кеңештин президиум мүчөсү Мария Колесникова өзүн күчтөп өлкөдөн чыгарууга жол бербей, Украина менен чек арада кармалды. Бул тууралуу украин расмий органдары жана беларус оппозициясындагы булактар билдиришти.



COVID-19: Дарыгерлердин кошумча акысы үчүн дагы 640 миллион сом бөлүндү

Azattyk.org 

Өкмөт коронавирустун очогунда иштеген медицина кызматкерлеринин айлыгына жылдын аягына чейин кошумча төлөм үчүн дагы 640 миллион сом бөлдү. Бул тууралуу 8-сентябрда премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди: «Канчасы үстөк пулга берилери табелдин негизинде эсептелип чыгат. Ай сайын буйрук чыгарып отурбастан жылдын аягына чейин деп болжолдуу сумма катары 640 миллион сомго токтом чыгардык. Ошону ай сайын канча керек болсо алып турушат, эгер жетпесе кошуп беребиз, ашып калса кайра бюджетке кайтарабыз». Читать дальше...

Курсан Асановдун иши боюнча сотто адвокат алмашты

Azattyk.org 

Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун ишине жаңы адвокат киришкенине байланыштуу 8-сентябрга белгиленген сот отуруму болгон жок. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы кабарлады. Кийинки отурум 18-сентябрга белгиленди. Асановдун укугун сотто үч жактоочу коргоп жатат. Алардын бири Таалайгүл Токтакунова парламенттик шайлоодо партиянын өкүлү катары иштеп жаткандыктан бир ай сотко катыша албай турганын, ордуна башка адвокат иштеп турарын «Азаттыкка» билдирди. Читать дальше...

Өзбекстан: Кыргызстан менен соода көлөмү эки жылда 3,2 эсе көбөйдү

Azattyk.org 

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы соода көлөмү, өзбек тараптын эсебинде, эки жылда 3,2 эсе көбөйдү. Бул тууралуу “Кабар” улуттук маалымат агенттигине курган маегинде Өзбекстандын Кыргызстандагы элчиси Хуршид Мирзахидов билдирди. Анын айтымында, соңку жылдары ортодогу соода-экономикалык кызматташтык “болуп көрбөгөндөй активдешти”, соода-сатык 2017-жылы 253 миллион доллар болсо, 2019-жылы 829 миллион долларга жетти. Быйылкы жылдын биринчи жарымында бул көрсөткүч 470 миллион долларга болуп, анын 399 миллионун Кыргызстанга экспорт түзгөн.

«Кыргызстан» партиясынан депутаттыкка көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмеси

Azattyk.org 

Мамлекеттик «Эркин Тоо» гезитине Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышып жаткан саясий партиялардын талапкерлеринин тизмеси жарыяланды. «Кыргызстан» партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына 102 талапкер катталды. Тизме төмөнкүдөй иретте түзүлгөн: № Аты-жөнү Туулган күнү, жылы Иштеген жери Ээлеген кызматы 1 Исаев Канатбек Кедейканович 07.02.1975 Жогорку Кеңеш Депутат 2 Мамытов Талант Турдумаматович... Читать дальше...

Михаил Ефремов сегиз жылга эркинен ажыратылды

Azattyk.org 

Москванын Пресненск райондук соту 8-сентябрда актёр Михаил Ефремовду адам өлүмү менен аяктаган жол кырсыгына күнөөлүү деп таап, аны сегиз жылга эркинен ажыратты. Ошондой эле маркумдун жакындарына 800 миң рубль кенемте төлөп берүүгө милдеттендирди. Сот өкүмү күчүнө киргенге чейин актёр камакта болот, буга чейин ал үй камагында жүргөн эле. Буга чейинки сот жараянында Ефремов өзү да айыбын мойнуна алган жана прокурорлор аны 11 жылга эркинен ажыратуу тууралуу өтүнүч келтиришкен. Прокурорлор кырсык учурунда актёр мас абалында... Читать дальше...



«Ордо» партиясынан депутаттыкка көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмеси

Azattyk.org 

Мамлекеттик «Эркин Тоо» гезитине Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышып жаткан саясий партиялардын талапкерлеринин тизмеси жарыяланды. «Ордо» партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына 100 талапкер катталды. Тизме төмөнкүдөй иретте түзүлгөн: № Аты-жөнү Туулган күнү, жылы Иштеген жери Ээлеген кызматы 1 Мияров Мирбек Ибаратович 02.12.1984 «Ордо» партиясы Төрага... Читать дальше...

Өкмөт 221 миллион сомго сасык тумоого каршы вакцина сатып алды

Azattyk.org 

Өкмөт сасык тумоого каршы 700 миң доза вакцина сатып алды. Бул тууралуу 8-сентябрда өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Эмдөө каражаттарын сатып алууга 221,5 млн сом коротулганы маалым болду. Биринчи кезекте балдар, мугалимдер, калктын аярлуу катмары жана дарыгерлер эмделери айтылды. Премьер-министр Кубатбек Боронов өлкөдө эпидемиологиялык абал жакшырды деп айтуу азырынча эрте экенин белгилеп, коомдук жайларда, билим берүү мекемелеринде кабыл алынган алгоритмдерге ылайык санитардык-эпидемиологиялык талаптар күчөтүлөрүн кошумчалады. Читать дальше...

Фучик паркы мэриянын карамагына толук өттү

Azattyk.org 

Бишкек шаардык сотунун чечими менен баш калаадагы Юлиус Фучик атындагы парк толугу менен мэриянын карамагына өттү. Бул тууралуу 8-февралда мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, эми каттоо иштери жүргүзүлөт. Жалпы аянты 7,41 гектарлык парк 1995-жылы өкмөттүн токтому менен шаар башкармалыгына өткөрүлгөн. Кийин курулушу бүтпөй калган кинотеатрдын 13 337 чарчы метр аянты жеке менчикке өтүп кеткен. Мэриянын Муниципалдык мүлк башкармалыгы жерди сатуу-сатып алуу тууралуу... Читать дальше...

«Мекеним Кыргызстан» партиясынан депутаттыкка көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмеси

Azattyk.org 

Мамлекеттик «Эркин Тоо» гезитине Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышып жаткан саясий партиялардын талапкерлеринин тизмеси жарыяланды. «Мекеним Кыргызстан» партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына 200 талапкер катталды. Тизме төмөнкүдөй иретте түзүлгөн:   № Аты-жөнү Туулган күнү, жылы Иштеген жери Ээлеген кызматы 1 Бакиров Мирлан Исакбекович 11.05.1975 Жогорку Кеңеш... Читать дальше...

Штаб: Сасык тумоого каршы эмдөө пандемиядагы абалды жеңилдетет

Azattyk.org 

Элдин сасык тумоого жана респиратордук вирустук инфекцияларга каршы эмделиши COVID-19 пандемиясы учурундагы абалды жеңилдетет. Бул тууралуу 8-сентябрда Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын жыйынында айтылды. Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү жыл сайын күз-кыш мезгилинде тумоологондор кескин көбөйөрүн,  учурда элди эмдөөгө мамлекеттик медицина жайлары менен катар жеке клиникалар да даярданып жатканын айтышты. Биринчи вице-премьер-министр Алмазбек Баатырбеков эмдөөнүн маанилүүлүгүн элге жеткирүү зарылдыгын... Читать дальше...

Индия менен Кытай чек ара чыры үчүн бири-бирин күнөөлөдү

Azattyk.org 

Кытай менен Индия чек арадагы талаштуу тилкедеги соңку чыңалган абалга байланыштуу бири-бирине доомат артты. Кабарларга караганда өзөктүү эки державанын аскерлери эскертүү ирээтинде, асманга карай ок атышкан.  Кытайдын Тышкы иштер министрлиги индиялык аскерлерди 8-сентябрда эки өлкө ортосундагы көзөмөл тилкесинен мыйзамсыз өтүп, атайылап эскертүү иретинде асманга ок атканын айыптады.  Индиянын расмий өкүлдөрү бул маалыматты четке кагып, тескерисинче кытай аскерлери индиялыктардын чек ара бекетин... Читать дальше...

Камактагы алты казак активисти саясий туткундардын тизмесине кошулду

Azattyk.org 

Казакстандагы укук коргоочулар ар кандай кылмыш иштердин негизинде камакка алынган алты жарандык активистти саясий туткундардын тизмесине кошту. Бул тууралуу «Ар.Рух.Хак» өкмөттүк уюмунун башчысы Бахытжан Торегожина «Фейсбуктагы» барагына жазды. Алардын арасында соцтармактарда бийликти, адилетсиз сот чечимдерин сындап келген Санавар Закирова бар. Ал быйыл июль айында камалган. Ошондой эле бул тизмеге сот аркылуу экстремисттик деп таанылган, ишмердигине тыюу салынган «Көше партиясы» кыймылынын лидерлери Асхат Жексебаев... Читать дальше...

Илимпоздор: түйүлдүктүн генине кийлишүүгө азырынча эрте

Azattyk.org 

АКШ менен Британиянын медициналык академияларынын илимпоздору ымыркай түйүлдүк кезинде анын генине кийлигишүүгө азырынча эртелик кыларын билдиришти. Эл аралык окумуштуулардын тобунун корутундусу 6-сентябрда жарыяланды. Мындан эки жыл мурда кытайлык илимпоз Хэ Цзянкуй адам эмбриондорунун генин тарыхта биринчи жолу өзгөрткөнүн жарыялаган. Мунун жыйынтыгында гени өзгөртүлгөн эгиз кыздар төрөлгөн. Хэ Цзянкуй атайын технологиянын жардамы менен өзгөрткөн, CCR5 деп аталган ген эгиз кыздарды ВИЧ илдетинен коргойт деп билдирген. Читать дальше...

Сот Михаил Ефремовду күнөөлүү деп тапты

Azattyk.org 

Москванын Пресненск райондук соту актер Михаил Ефремовду адам өлүмү менен аяктаган жол кырсыгына күнөөлүү деп тапты. Судья ушул тушта өкүмдү окуп жатат жана аны кандай жазага тартары азырынча белгисиз. Соңку сот жараянында Ефремов өзү да айыбын мойнуна алган жана прокурорлор аны 11 жылга эркинен ажыратуу тууралуу өтүнүч келтиришкен. Прокурорлор кырсык учурунда актёр мас абалында, баңгизат чегип алганын, уруксат берилген ылдамдыктан ашырып айдаганын, ошондон улам машинесин башкара албай калганын айтышкан. Читать дальше...

«Биримдик» партиясынан депутаттыкка көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмеси

Azattyk.org 

Мамлекеттик «Эркин Тоо» гезитине Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышып жаткан саясий партиялардын талапкерлеринин тизмеси жарыяланды. «Биримдик» партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына 200 талапкер катталды. Тизме төмөнкүдөй иретте түзүлгөн: № Аты-жөнү Туулган жылы, айы Иштеген жери Кызмат орду 1 Жамангулов Акылбек Жекшенович 24.10.1988 «Альфа Телеком» мамлекеттик... Читать дальше...


Музыкальные новости
Lizzo

Тучная рэперша Lizzo показала фигуру в платье с откровенными вырезами





Персональные новости
Алексей Сёмин

White Queen Birthday party «Королева морей»





Венгрияда бийликтин чечимине каршы чыккан студенттердин акциясы токтой элек

Azattyk.org 

Венгриянын борбору Будапешт шаарында ондогон студенттер Театр жана киноискусство университетинин алдында нааразылык акциясын улантып жатышат. Алар өкмөттүн университет боюнча кабыл алган чечимине каршылыгын билдиришүүдө. Өткөн айдын соңунда бийлик буга чейин эч кимге көз каранды эмес болуп келген университеттин Камкорчулар кеңешине өз кишилерин дайындаган. Университеттин жетекчилиги буга каршылыгын билдирип, кызматтан кетүүгө арыз жазган.  Студенттер да 1-сентябрдан бери нааразылык акциясын уюштуруп келатышат. Читать дальше...

Боронов: Арам акчаны адалдоо коркунучу сакталууда

Azattyk.org 

Кылмыш жолу менен табылган акчаны мыйзамдаштыруу Кыргызстан үчүн кооптуу көрүнүш бойдон кала берүүдө. Бул тууралуу 8-сентябрда премьер-министр Кубатбек Боронов Финансылык чалгын кызматында иштегендерди кесиптик майрамы менен куттуктоосунда айтты. Өкмөт башчы кийинки убакта террорчулукту каржылоого жана кылмыш аркылуу табылган акчаны мыйзамдаштырууга каршы күрөштө айрым ийгиликтер бар болуп жатканын, бирок коркунуч дагы эле сакталып турганын, андыктан бул багытта заманбап жана натыйжалуу ыкмаларды колдонуп иштөө керек экенин белгиледи. Читать дальше...

Түркмөн президенти ЖМКны сындап, өкмөттө өзгөртүү болорун эскертти

Azattyk.org 

Түркмөн президенти Гурбангулы Бердымухамедов өкмөттү «өлкө жетишкендиктери» менен «экономикалык маселелердин чечилиши» жалпыга маалымдоо каражаттарында (ЖМК) жакшы чагылдырылбай жатканы үчүн сынга алды. Ал ушундан улам министрлерге жакында өзгөртүүлөр болорун эскертти. Бердымухамедов Маданият министрлиги менен ЖМКнын башчыларын өздөрүнүн материалдык-техникалык кубатын толугу менен пайдалана албай жатат деп айыптады жана жагдайды ондоону тапшырды. Түркмөн президенти бул тууралуу өткөн аптада премьер-министрдин... Читать дальше...

Элеттеги жеңелерге тил үйрөткөн Адинай

Azattyk.org 

Жогорку окуу жайын быйыл гана аяктаган Адина Эсентурова мектепти сагынган окуучулар менен айылдык жеңелерге англис тилин үйрөтүп жатат. Ал 40ка чукул окуучуну эртең мененки саат ондон баштап кечки бешке чейин төрт тайпага бөлгөн. Адинага окууга керектүү курал-жаракты Нарындын Таш-Башат айылында турган ата-энеси алып берген.

9-сентябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Azattyk.org 

9-сентябрда Кыргызстандын аймагында түнкүсүн жаан-чачын жаабайт. Күндүз Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 6…11, күндүз 21…26; Талас жергесинде түнкүсүн 2...7, күндүз 21…26; Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 9…14, күндүз 26…31; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 4…9... Читать дальше...

Жамал Хашогжини өлтүрүүгө шектүүлөргө акыркы өкүм чыкты

Azattyk.org 

Сауд Арабиясында журналист Жамал Хашогжини өлтүрүүгө катышкан деген шек менен камалгандарга акыркы сот өкүмү чыкты. «Al Arabia» телеканалы анда беш адам 20 жылга түрмөгө кесилип, дагы үчөө жети жылдан он жылга эркинен ажыратылганын маалымдады.  Ушул жылдын май айында журналисттин үй-бүлөсү Хашогжини өлтүргөндөрдү кечирген. Падышалыктын мыйзамдарына ылайык, мындай учурда оор кылмышка айыпталгандарды өлүм жазасына тартууга болбойт.  Түркияда сот июль айынан тартып Хашогжинин киши колдуу болушуна байланыштуу ачылган ишти карай баштаган. Читать дальше...

Спорт в России и мире
Москва

К.ВАЛИЕВА, 23 КИТАЙЦА, WADA помогают раскрыть сеть секретных преступных отделов. Дело Скрипалей можно дополнить с пользой.


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
WTA

Свентек выиграла титул WTA в Мадриде


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

Жителей Москвы предупредили об аномально холодной погоде





Путин в России и мире
Москва

Председатель Госдумы Володин: Путин спас Россию


Лукашенко в Беларуси и мире
Минск

Польский судья Шмидт попросил защиты у Лукашенко и политического убежища в Белоруссии




123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире

Навальный в России и мире


Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Булат Окуджава

Музыкальный спектакль и ужин от шеф-повара: в Зеленоградске отметят 100-летие Булата Окуджавы



Москва

В Москве прошла встреча Игоря Маковского с фондом "Энергия русского духа"

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net