Мы в Telegram
Добавить новость
123ru.net
Azattyk.org
Сентябрь
2020

Новости за 21.09.2020

Баку Армения менен чек арасында бир аскери мерт болгонун билдирди

Azattyk.org 

Азербайжан Армения менен чек арасында чыккан карама-каршылыктан бир аскеринин өмүрү кыйылганын билдирди. Өлкөнүн Коргоо министрлиги маалымдагандай, окуя Азербайжандын Армения менен чек аралаш Товуз аймагында 21-сентябрда шашке маалында болгон. Расмий Баку кичи сержанттын өлүмүн "чагым" деп мүнөздөгөнү менен чек арада кандай окуя болгонун так белгилеген жок. Бирок 20-сентябрда Армениянын бир дрону атып түшүрүлгөнүн маалымдады. Өткөн аптада Армения да ушул эле аймактагы атышуудан жана артиллериялык... Читать дальше...

АКШнын Жогорку Сотунун судьясына талапкер 25-26-сентябрда тандалат

Azattyk.org 

АКШ президенти Дональд Трамп Жогорку Соттун өткөн аптада көз жумган судьясы Рут Бейдер Гинзбургдун ордуна жаңы талапкерди 25-26-сентябрда көрсөтөөрүн билдирди. Ал "Fox News" телеканалы менен маегинде Гинзбург менен коштошуу зыйнатынын бүтүшүн күтүп жатканын айтты. Ошондой эле судьялык кызмат үчүн төрт-беш адамдын талапкерлигине токтогонун кошумчалады. Жогорку Соттун судьясы, 87 жаштагы Рут Бейдер Гинзбург узак оорудан улам 18-сентябрда каза болгон. Анын орду шайлоого саналуу гана жума калганда бошогондуктан... Читать дальше...

Навальный орус тергөөчүлөрүнөн кийим-кечесин сурады

Azattyk.org 

Германияда дарыланып жаткан оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный орус тергөөчүлөрүнөн кийим-кечесин кайтарып берүүнү талап кылды. Мындай билдирүү 21-сентябрда анын расмий сайтына жарыяланды. Анда Навальный өзү ууландырылган күнү кийип жүргөн кийимдерин "башкы далил" деп мүнөздөгөн. Ошондой эле биринчи жолу өзүн "аскердик уулуу зат менен ууландыруу" аракети болгонун белгилеген. Мындан тышкары тергөөгө чейинки териштирүүгө бөлүнгөн 30 күндүк убакыт аяктаганын эске салган. "Орусияда бул окуя боюнча кылмыш иши жок. Читать дальше...



Президент БУУнун жыйынында пандемиянын экономикалык таасири жөнүндө сөз кылды

Azattyk.org 

Президент Сооронбай Жээнбеков 21-сентябрда Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) мааракелик 75-сессиясында видео кайрылуу таратып, анда пандемиянын өлкө экономикасына тийгизген таасири жөнүндө сүйлөдү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады. Мамлекет башчы пандемияда Кыргызстанга колдоо көрсөткөн өнөктөш өлкөлөргө, эл аралык уюмдарга ыраазычылык билдирди. «Коронавирустун кесепети тышкы карыз маселесине катуу таасирин тийгизди. «Чоң жыйырмалыкка» жана эл аралык каржы уюмдарына карыздарды... Читать дальше...

Акыйкатчы: Укук коргоо органдары Аравандагы чатактын алдын алууга тийиш болчу  

Azattyk.org 

Кыргызстандын акыйкатчысы Токон Мамытов шайлоо мыйзамдарына ылайык, жергиликтүү бийлик, укук коргоо органдары саясий партиялардын жыйындарында коопсуздукту камсыз кылып берүүгө тийиш экенин белгилеп, «Араванда күч органдары чатактын алдын ала албай калды» деген билдирүү таратты. Омбудсмендин билдирүүсү мекеменин сайтында жазылды. Билдирүүдө «Араван районунда укук коргоо органдары жеринде ыкчам аракеттерди көрүп, окуяны алдына алууга мүмкүн болчу», деп айтылат. Мамытов өлкөнүн бардык күч органдары... Читать дальше...

Боронов жарандарды добуш сатпоого чакырды

Azattyk.org 

Өкмөт 4-октябрдагы парламенттик шайлоону өткөрүү боюнча республикалык штабдын жыйынын өткөрдү. Анда Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрайымы Нуржан Шайлдабекова жана бир катар мамлекеттик органдардын жетекчилери баяндама жасашты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады. Жыйында электр энергиясы, Интернет, өрт коопсуздугу жана санитардык чаралар боюнча иштер аткарылып жатканы белгилүү болду. Премьер-министр Кубатбек Боронов коронавируска байланыштуу санитардык эрежелерге көңүл бурулушу керек экенин белгилеп... Читать дальше...

Тажикстанда футболдон кийинки кагылышууда 21 адам жабыркады

Azattyk.org 

Тажикстандын чыгышындагы Хорог шаарында футбол беттешинен кийинки күйөрмандардын кагылышуусунан кеминде 21 киши жабыркады. Бул тууралуу Тажикстандын Ички иштер министрлиги 21-сентябрда билдирди.  Маалыматка ылайык, 19-сентябрда «Гулакен» футбол командасы «Жогорку Хорог» командасын утуп алгандан кийин эки тараптын күйөрмандарынын ортосунда чатак чыккан. Кагылышуу адеп стадиондун ичинде башталып, андан соң көчөдө уланган.  Эки топ бири-бирине таш ыргыткан. Натыйжада жакын жердеги мектептин, турак-жайлардын терезелери талкаланган. Читать дальше...

Президент Аравандагы окуя боюнча пикирин билдирди  

Azattyk.org 

Президент Сооронбай Жээнбеков Араван районундагы окуя боюнча өкмөттүн позициясын колдоого аларын айтып, келечекте мындай окуяларда жол бербеш үчүн тийиштүү органдар өз маалында чара көрүшү керек экенин белгиледи. Президент мындай пикирин 21-сентябрда өкмөт башчы Кубатбек Боронов менен онлайн кеңешме өткөрүп жатып айтты. Өкмөт башчы калайман мушташ боюнча укук коргоо органдарына ыкчам түрдө терең иликтөө жүргүзүү тапшырылганын белгиледи. Араванда шайлоо үгүтүнүн убагында чыккан чатакта жабыркап кайрылган 12 кишинин алтоо ооруканада жатат. Читать дальше...



Мамлекеттик тил күнүнө карата 18 китеп чыкты

Azattyk.org 

21-сентябрда Билим берүү жана илим министрлиги Мамлекеттик тил күнүнө карата чыгарылган 18 китептин бет ачар аземин өткөрдү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы маалымдады. Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын колдоо боюнча улуттук программанын  алкагында 8 409 нускада 18 китеп басылып чыккан. Иш-чарада китептер боюнча талкуу болуп, авторлорго сый акы берилди. Басылып чыккан китептер майыптарга, орто жана жогорку кесиптик билим берүү мекемелерине багытталган. Билим берүү министрлиги... Читать дальше...

Шайлоо-2020: Президент кайра факты сурады

Azattyk.org 

Президент Сооронбай Жээнбеков «добуш сатып алуу фактылары боюнча кайрылгандар жок, далилдер жетишсиз болуп жатат» дегени коомчулукта талкууга алынууда.

БУУнун Башкы Ассамблеясынын жыйыны онлайн башталды

Azattyk.org 

Беларуста 20-сентябрда өткөн «Адилеттик жүрүшүндө» 200дөн ашуун адам кармалды. Өзбекстандын вице-премьер-министри Уктам Барноев коронавирустун кесепетинен улам 56 жашында көз жумду. Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын жылдык жыйыны онлайн башталды.

Бишкекте аялына зомбулук көрсөткөн адам камакка алынды

Azattyk.org 

Бишкекте аялын көгала кылып катуу сабаган адам камакка алынды. Баш калаанын Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматы «Азаттыкка» билдиргендей, 20-сентябрда жергиликтүү тургун күйөөсүнөн зомбулук көргөнүн айтып, милицияга арыз жазган. Ал 19-сентябрдын кечинде «Учкун» кичирайонундагы үйүнүн жанында мас абалындагы күйөөсү сабап салганын билдирип, ага чара көрүүнү суранган. Окуяны Свердлов райондук милициясы Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине каттап, Жоруктар кодексинин... Читать дальше...

Эки күчтүн эрегиши ачыкка чыкты

Azattyk.org 

Араван районунда «Мекеним Кыргызстан» жана «Биримдик» партияларынын өкүлдөрүнүн ортосунда чыккан чатакты милиция иликтеп жатат.

Өкмөт санитардык эрежелерди дагы бир жолу партиялардын эсине салды

Azattyk.org 

Премьер-министр Кубатбек Боронов саясий партиялар үгүт иштерине жоопкерчиликтүү мамиле кылып, беткап тагынуу сыяктуу санитардык талаптарды камсыз кылышы керек экенин билдирди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады. Боронов республикалык штабдын жыйынында сүйлөп жатып, тийиштүү органдар 50дөн ашык адамдардын топтолушуна көзөмөлдү күчөтүшү зарыл экенин белгиледи. «Акыркы убакта дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүндө коронавирус жуккандар көбөйүп жатканы айтылууда. Беткап тагынуу, социалдык... Читать дальше...

Жалал-Абадда кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Azattyk.org 

Ички иштер министрлигинин Чүй жана Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыктары Жалал-Абад шаарынан мурда бир нече жолу соттолгон, милицияда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары тизмеде турган 28 жаштагы кишини чогуу кармашты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы маалымдады.  Кармалган жарандын жанынан тапанча жана бейсбол союлу табылган. Шектүү 16-сентябрда уурулук боюнча милицияга түшкөн ыкчам маалыматтарды текшерүү учурунда кармалган. Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат. Буга чейин ар... Читать дальше...

Аравандагы мушташтын чоо-жайы

Azattyk.org 

Аравандагы «Биримдик» жана «Мекеним Кыргызстан» партияларынын өкүлдөрүнүн мушташынан 13 киши жабыркап, алардын алтоо Араван аймактык ооруканасында, бирөө Оштогу ооруканада жатат.

Ооганстандагы чабуулдан кеминде тогуз жоокер мерт болду

Azattyk.org 

Ооганстандын түндүгүндөгү Тахар провинциясында талиб жоочуларынын чабуулунан кеминде тогуз ооган жоокеринин өмүрү кыйылды. «Толо» маалымат агенттиги өз булактарына таянып билдиргендей, дүйшөмбүгө караган түнү Кашт-е-Кала районундагы Нав Абад кыштагында «Талибан» кыймылы менен ооган күчтөрүнүн ортосунда кагылышуу болгон. «Кагылышуу бир сааттан кийин токтогон. «Талибан» кыймылы да жоготууга учурады. Бирок алардын так саны белгисиз», - деп билдирген атын атабаган адам «Толо» агенттигине. Бул окуя... Читать дальше...

Сузакта мигранттардын жардамында мектепке ашкана жана спорт аянтчасы курулду

Azattyk.org 

Жалал-Абаддын Сузак районуна караштуу Дөмөр айылына футбол аянтчасы жана айыл мектебине ашкана курулду.  Аянтчага үч миллион 178 миң сом, ашканага эки миллион сомдой жумшалган. Каражаттын эки миллионго сомго жакынын айылдан Орусияга барып иштеп жүргөн мигранттар, калганын ишкерлер берди. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар кабарлап, Ырыс айыл өкмөтүнүн башчысы Таалайбек Халилов бышыктады. Халилов мигранттардын көмөгү менен тогуз миллион сомдук футзал имараты курула баштаганын кошумчалады. ... Читать дальше...

COVID-19: Индияда мектептер ачылууда

Azattyk.org 

Коронавирус жуккандардын катарына күн сайын 100 миң киши кошулуп турганы менен Индиянын айрым штаттарында 21-сентябрда беш айдан кийин мектептер кайра ачылууда. АКШдан кийинки экинчи орунда келаткан өлкөдө COVID-19га 5,4 миллион киши кабылды.


Музыкальные новости
Анастасия Волочкова

Кудрявцева отправила сообщение Волочковой с призывом бросить пить алкоголь





Персональные новости
Россия

Аналитическое исследование «585*ЗОЛОТОЙ» показало, сколько тратят на обручальные кольца в 2024 году в разных городах России





БАЭнин түрмөлөрүндө Кыргызстандын алты жараны жаза өтөп жатат

Azattyk.org 

Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) абактарында алты кыргызстандык жазасын өтөп жатат. Бул тууралуу «Азаттыкка» Кыргызстандын БАЭнин Дубай шаарындагы башкы консулу Айбек Маматбеков билдирди. Анын айтымында, абакта отурган кыргызстандыктардын бири баңгизатка байланыштуу соттолуп, 25 жылга кесилген. «Биздин консулдук аймакка Дубай, Шаржа, Ажман, Рас-эль-Хайма жана Фужейра эмираттары кирет. Жалпылап алганда, алты жаран соттолгон. Башкы консулдук катары жарандарыбыз полиция бөлүмдөрүнө түшүп калса  укуктук жардам беребиз. Читать дальше...

Еврошаркеттин дипломаттары Светлана Тихановская менен жолугушту

Azattyk.org 

Европа Биримдигинин тышкы иштер министрлери беларус оппозициясынын лидери Светлана Тихановская менен Брюсселде жолугушту. Еврошаркет Беларустагы демонстранттарга каршы зомбулукка жана президенттик шайлоонун бурмаланышына байланыштуу 40тай беларус расмий өкүлдөрүнө санкция салуу маселесин караштырып жатат. «Кара тизмеге» президент Александр Лукашенконун өзү да киргизилиши мүмкүн экени кабарланууда.  Евробиримдиктин тышкы иштер боюнча мекемесинин жетекчиси Жозеп Боррел 21-сентябрда Тихановская менен жолуккандан кийин «беларус элинин... Читать дальше...

Жалал-Абадда ишкерлер жана өнөрпоздор мааракелерге чек койбоону суранышты

Azattyk.org 

Жалал-Абадда кафе-ресторандардын ээлери жана өнөрпоздор той-аштарга, маарекелерге киргизилген чектөөлөрдү алып салууну суранышууда. Пандемиядан улам алар каржылык тартыштыкка кириптер болгонун, башка киреше булактары жок экенин айтып жатышат. Бийликке өтүнүчтөрүн жеткирүү максатында алар 21-сентябрда басма сөз жыйын өткөрүштү. Кыргыз өкмөтү коронавирустун экинчи толкуну болот деген кооптонуудан улам той-топурга азыраак киши чогултуп, салтанаттарды чектөөнү талап кылып келатат. Ресторан-кафелерге той-аш өткөрүүгө... Читать дальше...

Кыргызстанда АКШ долларынын наркы 79 сомдон ашты

Azattyk.org 

Кыргызстанда бир АКШ долларынын наркы 21-сентябрда 79 сом 15 тыйынга бааланып, 0,13% кымбаттады. Бул тууралуу маалымат Улуттук банктын сайтында жайгаштырылды.  Бир евро 93 сом 38 тыйынга бааланып, 0,38% арзандады. Орус рубли дээрлик бир жарым эсе күчүн жоготуп, бир сом төрт тыйынга барабар болуп турат. Кийинки айларда доллардын баасы 77-78 сомдун тегерегинде болду. 2016-жылдан бери туруктуу бойдон 69 сомдун тегерегинде кармалып келген АКШ доллары быйыл 10-мартта үч сомго кымбаттап, 3-апрелде расмий курсу дээрлик 85 сомго жеткен. Читать дальше...

Зилалиевдин адвокаты УКМКга арызданды

Azattyk.org 

Экс-премьер-министр Дүйшөнбек Залилиевдин адвокаты Самат Матцаков Башкы прокуратура менен Аскер прокуратурасынын кызматкерлерине каршы Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) арызданды. Коррупцияга катышкан деген айып боюнча Зилалиевдин кызыкчылыгын коргоп жаткан адвокат Матцаков «Азаттыкка» арызды 18-сентябрда жазганын билдирди. Ал УКМКга кайрылууга Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине өзүнүн арызы катталбай калганы себеп болгонун айтты. Адвокат Аскер прокуратурасы... Читать дальше...

Индияда мектептер беш айдан кийин кайра ачылууда

Azattyk.org 

Коронавирус жугузуп алгандарга күнүнө 100 миң киши кошулуп турганы менен Индиянын айрым штаттарында ушул дүйшөмбүдө беш айдан кийин мектептер кайра ачылууда.  Борбордук өкмөт 14-17 жаштагы окуучулардын мектептерге ыктыярдуу кайтуусуна уруксат берди. Бирок акыркы чечимди штаттардын бийлик органдары кабыл алмакчы. Дели, Гужарат, Керала, Уттар-Прадеш өңдүү бир топ аймактар окуу жайларын ачуу азырынча эрте деп эсептешет. Жер-жерлерде сабактар онлайн уланууда, кайсы бир аймактарда мектептер жарым-жартылай ачылды. Читать дальше...

Спорт в России и мире
Москва

Открытый московский фестиваль конного искусства и спорта пройдет на ВДНХ


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
ATP

Рублёв поднимется на шестое место в рейтинге ATP после победы на «Мастерсе» в Мадриде


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

«Метриум»: Заповедные земли





Путин в России и мире
Москва

Собянин поздравил Путина со вступлением в должность президента России


Лукашенко в Беларуси и мире
Минск

Лукашенко: Белоруссия реагирует на обострение обстановки вблизи границ страны




123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире

Навальный в России и мире


Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Сергей Брановицкий

Композитор Классической музыки Сергей Брановицкий представляет произведения классической музыки.



Москва

Тарханов озвучил причину провальной игры ЦСКА

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net